Жек Лондон
Мартин Иден
Бриссенден үйдүн экинчи кабатына көтөрүлөр алдында тепкичке колундагы бөтөлкөлөрүн коюп койду. Үй жөнөкөй эле эки кабаттуу, биринчи кабатында чакан бары жана дүкөнчөсү бар үй экен.
— Жанагы кесепеттер ушул жерде, экинчи кабаттын баарын ээлеп турушат, — деди Бриссенден, — бирок Крейз гана жалгыз өзү эки бөлмөнү ээлейт. Жүрүңүз!
Экинчи кабатта жарык болбосо да Бриссенден үйдүн ээси сыяктуу буйдалбастан кыдырып жүрдү. Анан Мартинге бурулуп:
— Бул жерде Стивенс деген турат. Өзү дин аалымы. Бир күүлөнүп алса бул чатак, баары жакка чуулган салып жиберет. Өзү ресторанда идиш жууйт. Жакшы сигарага өч. Мен бир жолу анын он беш центке тамак ичип, элүү центке сигара сатып алганын көргөм. Кокус жолугуп калабы деп ага эки сигара ала келдим. Парри деген австралиялык дагы бирөө бар, өзү статист анан тирүү спорттук энциклопедия. Эгер андан 1903— жылы Парагвайдан канча эгин сыртка чыгарылган, же 1890-жылы Кытайга англиялык канча кендир жеткирилген, же болбосо, Баттлинг-Нельсонду төпөштөп салганда Джимми Брайттын салмагы канча болгонун, же 1868-жылы Америка Кошмо Штаттарынын орто салмактагы чемпиону ким болгонун сурап калсаңыз, ошол замат анын баарын автоматтай тактык менен айтып берет. Мындан башка дагы бир Энди деген кыш кыноочу уста бар, баары нерсеге өзүнүн көз карашы бар, анан да шахмат ойногонду катырат. Андан кийин — наабайчы Гарри бар, учуна чыккан социалист жана профсоюз уюмунун ишмери. Баса, ашпозчулар менен официанттардын иш таштаганы эсиңиздеби? Аны Гамильтон уюштурган. Ал ушул эле Крейздин бөлмөсүндө олтуруп алып биримдик түзүп, иш таштоонун планын иштеп чыккан. Бирок ал бул ишти көңүл ачуу үчүн гана жасап, кийин жалкоолугунунан улам бул ишке таптакыр жолобой койгон. Эгерде ал кааласа, эчак эле жакшы бир кызматты ээлеп калмак. Бул адамдын жөндөмдүүлүгү чексиз болгону менен башынан ашкан жалкоолугу жанда жок.
Бриссенден жарыктын шооласы көрүнгөнчө чейин караңгы далис менен жүрүп отурду. Эшик тыкылдатып ичкериден «кириңиз!» деген үн чыкты да кийинки ирмемде Мартин кара мурут, тиштери күрүчтөй, капкара көздөрү бакыракай, сулууча келген Крейз менен кол алышып турду. Аксаргыл жаш келинчеги Мэри болсо идиш-аягын жууп жаткан экен. Биринчи бөлмө конок тоскон, анан жатчу жер экен, бөлмөнүн ичи асылган кирге толтура болуп чыкты, адеп киргенде алардын далдасынан Мартин бурчта бирдемелерди сүйлөшүп жатышкан эки кишини байкабай да калды. Ошол экөө Бриссенден менен анын бөтөлкөлөрүн кубанычтуу кыйкырык менен тосуп алышты. Тааныша келгенде булардын бири Энди, экинчиси Парри болуп чыкты. Мартин Парринин кечээ көргөн бокс оюну жөнүндөгү кызыктуу аңгемесин кунт коюп укту. Бриссенден болсо бөтөлкөлөрдүн ооздорун ырахаттана ачып, ыстыкандарга куюп кирди. Анын «баарын чакыр» деген буйругу боюнча Энди ордунан лып тура калып коңшуларды чакырууга чуркап кетти.
— Иш оңунан чыкты, баарысы ушул жерде экен, — деди Бриссенден Мартинге. — Тигилер болсо Нортон менен Гамильтон, Стивенс азырынча келе элек окшойт. Жүрү, ошолорго баралык. Мен монизм жөнүндө сөз баштап коем, анан алардын эмне болорун көрүп алыңыз.
Алды менен аңгеме анчалык деле кызуу башталбаганы менен Мартин бул адамдардын акылынын зиректигин дароо эле байкай койду. Булардын ар биринин кээде карама-каршы келсе да өзүнүн көз караштары бар, шайыр жана тапан көрүнгөнү менен негизи салабаттуу адамдар экен. Мартин алардын ар биринин (аңгеменин темасына карабай) терең илимий түшүнүгү, дүйнөгө жана коомго карата ачык-айкын туруктуу көз караштары бар адамдар экенин баамдап турду. Өзүлөрүнүн пикирлерин булар эч кимден уурдашкан эмес; булар акылдын нукура козголоңчулары эле, андыктан ар кандай пастыктан алыс болушчу. Мартин Морздордукунан мындай кызыктуу аңгеме менен бүйүр кызыткан талаш-тартышты эч качан уккан эмес. Бул адамдарды кызыктырбаган дүйнөдө бир да нерсе болбосо керек. Аңгеменин нугу миссис Гемфри Уорддун акыркы китебинен Шоунун жаңы комедиясына, анан барып драманын келечегинен Мансфилддин эскерүүлөрүнө ооду. Алар эртең мененки гезиттердин баш макалаларын талкуулап, бирин мактаса, башкасын шыбап атышты жана жаңы Зеландиядагы жумушчулардын ахывалын, Генри Джеймс менен Брандер Мэтти, Германиянын ыраакы Чыгыштагы саясатын жана сары коркунучтун экономикалык кесепеттерин талкуулап, Германияда өткөн шайлоолор менен Бебелдин акыркы сүйлөгөн сөзү боюнча талашып тартышышты, бириккен жумушчу партиясынын борбордук комитетинин акыркы демилгелерин, комитеттеги ыркы келишпегендиктерди жана порттогу жумушчулардын иш таштоолорун кантип мыкты уюштурууга болору жөнүндө кызуу кеп кылышты.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.