Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин жооп кайтарып, мындай сыйлуу сунуштан пайдалана албасын айтып, өзүнүн абдан өкүнгөнүн билдирди.

«Уоррендин ай сайын чыгуучу» журналына басылып чыккан «Вики-Вики» повести болуп көрбөгөндөй шумдук ийгиликке ээ болду. Андан көп өтпөй эле өзүнчө кооз китеп болуп чыгып, саналуу күндөрдө тарап кетти. Бул чыгарманы сынчылар жапырт классикалык чыгарма деп эсептешти.

Бирок «Шаттыктын түтүнү» деген аңгемелер жыйнагы айрым түшүнбөстүк, алтургай, салкын кабыл алынды. Буржуазиялык коом тайманбаган, аша чапкан мораль менен өйдө-ылдый талкууларды тоготпоочулуктан эси чыкты. Бирок китептин Парижде французча котормосу жарык көрүп, зор ийгиликке ээ болору менен Англия, Америкада анын китебин баса калышты, Мартин болсо «Дарнлей жана К°» фирмасынан өзүнүн үчүнчү китеби үчүн жыйырма беш, төртүнчү китеби үчүн отуз пайыз төлөшүн талап кылды. Аталган  эки китепке Мартиндин мурда ар кайсы журналдарга чыккан аңгемелери бүт кирген болучу. «Коңгуроо үнү» менен бардык «укмуштуу» аңгемелери биринчи томду түздү. Экинчи томго «Укмуштуу окуя», «Казан», «Турмуш шарабы», «Айлампа», «Куунак көчө» жана дагы бир нече аңгемелер кирди. Мындан башка макалаларынын толук жыйнагы, «Деңиз ырлары» жана «Сүйүү жөнүндөгү сонеталары» кирген ырлар тому кирди. Акыркы эки ыры адегенде Мартинге болуп көрбөгөндөй калем акы төлөп берген «Аялдардын жандоочусу» деген журналда басылып чыккан эле.  

Мартин эң акыркы кол жазмасы кабыл алынган соң жеңилдей түштү. Эми баягы эңсеген камыш ордосу менен ак яхтасы кол сунса жетчүдөй  жакын эле. Ал акыры Бриссендендин бир да нукура көркөм чыгарма журналдардын бетине чыкпайт деген пикирин баары бир жокко чыгарды. Бриссендендин жаңылышканын өзүнүн мисалында ачык далилдеди. Ошенткени менен Мартин ичинен досунун айткандары баары бир туура экенин сезип турду. Анткени так Бриссенден айткандай, анын ийгиликтеринин башаты «Күндүн осолдугу» болбодубу, калгандары кокусунан эле кетпедиби. Бул чыгармалардын баары далай жолу журналдар тарабынан четке кагылып келген эле го. Так «Күндүн осолдугунун» жарыкка чыгышы оңбогондой  ызы-чуу менен талаштарды жаратты, мындай жагдай анын атак-даңкынын көкөлөп кетишине тикеден тике себепкер болуп берди. Эгерде «Күндүн осолдугу» жарык көрбөгөндө талашып-тартышуу да болмок эмес, андыктан «Дарнлей жана К°» мойнуна алгандай, бул китептин ийгилиги чынында эле керемет болду. Фирма адегенде бир жарым миң нускадан ашык китепти басып чыгарууга дааган эмес, себеби булар өтө тажрыйбалуу, дасыккан басмакана болчу, бирок китептин ийгилиги алардын да жакасын карматып, оозун ачырды. Мындай ийгиликти булар дегеле уккан да, көргөн да эмес. Мындай сезимден ажырагысы келбеген фирма өзүнүн урмат көрсөтүп жазган каттарында бул сырдуу, эч нерсе түшүндүрүп болбогон ийгиликке таң калганы сезилип турбадыбы. Алар мунун сырын өзүлөрүнө түшүндүрүүгө аракеттенген да жок. Мында түшүндүрүү деген таптакыр жок болсо эмнени айтмак. Ушундай болмок экен, болду. Муну ким ойлоптур да, ким болжоптур!

Ушунун баарын оюнан сыдырган Мартин өзүнүн атагын анчалык эле жогору баалаган жок. Анын китептерин тытып окуган да, мүшөгүн алтынга толтуруп аткан да буржуазия эле, буржуазия болсо (Мартиндин буга ишеними бекем эле) анын чыгармаларынан эч нерсени түшүнмөк эмес. Анын китептерин талашып сатып алып аткан жүздөгөн, миңдегендер үчүн алардын кооздугу менен мазмууну бир тыйынга арзыбас эле. Өзү болгону кудайлардын кең пейилдүүлүгүнөн пайдаланып, Парнаска чыгып алган ооматтуу тагдырдын эркеси, капылеттен жазуучу атанган неме эле. Аны жүз миңдеген адамдар Бриссендендин «Эфемеридасындай» эле баса калып, анан быт –чытын чыгара үзүп тытып кетишкендей мал түшүнүк менен окуп, суктанып да жатышты, — бирөөлөрдүн алдында куйруктарын шыйпаңдаткан, башкалардын кекиртегине азуусун матырып жибергенге даяр бетпак карышкырлардын үйүрү эмеспи булар. Кептин баары кокустукта! Мартин мурдагыдай эле, «Эфемериданы» өзү жараткан нерселердин баарынан алда канча өйдө турат — себеби бул доорду жаратакан поэма деген бекем ишениминен танган эмес. Анан кантип кечээ эле «Эфемериданы» ыплас баткакка тебелеп тепсешкен мына бул кунарсыз караламан топтун көзүнө бүгүн Мартиндин кадыры болмок? Мартин жеңилдене канааттануу менен үшкүрүп алды. Акыркы кол жазмасы сатылды, эми көп өтпөй мунун баарына чекит койсо да болот.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.