Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ал бурула берип, кирип келген кызды көрдү. Эси-дартын куюндаткан эмелеки башаламан көрүнүштөр заматта кайдадыр житип кеткенсиди. Маңдайында абадай үлпүлдөгөн, кубакай жүз, жалжылдаган асман ыраң көпкөк бакыраң көздөрү мээрим чачкан, алтын сымал жылтылдаган олоң чачы айдалысынан куюлган ажайып жан келберсип турду. Мартин кыздын үстүндөгү кийимин байкаган да жок, бирок анын өзү кандай татынакай болсо, кийими да ошончолук жарашыктуу экенин билип турду. Оюнда  бул айназик кызды ичке сабак аксарала алтын түс гүлгө салыштырып жиберди. Жок деди кайра, бул чынында периште, кудайдын үр кызы болсо керек, мындай көз талдырган сулуулук карабашыл пенде атмайда кайдан болсун.  Же коомдун жогорку чөйрөлөрүндө буга окшогон чүрөктөр толуп жатат деп китептерде жазылгандар чын болду бекен? Жанагы Суинберн деген мына ушул кызга арнап ыр жазса болмок экен. Баса, тетиги үстөлдүн үстүндө жаткан китебиндеги Изольданы сүрөттөп атып дал ушуга окшош кыз туурасында ойлогондур, балким? Куюндаган бул ойлор, чымыраган сезимдер жана көз алдыга тартылгандардын баары жылт эткен бир  ирмемдей кыска убакытта гана болуп өттү. Сырткы окуялар болсо өзүнүн кадыресе нугу менен уланып жатты. Руфь ага колун суна берди, кадимки эле жигитчесинен олдоксон кармап, бек кыса учурашканда, кыз да жооп кыла ага жалт караганын байкап калды. Башка аялдар Мартин менен кез-кезде гана кол беришкени болбосо, минтип учурашчу эмес. Ушул жерден ага ар кайсыл аялдар менен кантип таанышканы жөнүндөгү эскерүүлөрдүн кызыл-тазыл элестери кайрадан жаба берип, өз кучагына оп тартып кетти. Бирок, ошол замат анын баарын алыс кубалап таштап, маңдайындагы Руфту суктанып карап кирди. Мындай ажайып сулууну ал өмүрүндө көргөн эмес. Өзү көрүп билген аялдарчы.... Ошол замат көз алдына «ошол аялдар» тартыла калды. Чексиздей сезилген бир секунда ичинде сүрөттөрдүн галереясында тургандай болуп кетти, алардын чок ортосунда Руфь турат, анын айланасында болсо сансыз аялдар тизилет, алардын ар бирин Руфь менен салыштырып, баалап чыгыш керек эле. Алардын арасынан фабрикада иштеген тыржыйган арык, купкуу өңдөрү оорудан шапайган аялдарды, шаар четиндеги кыштактардан агылып келип, чоң көчөлөрдө эч нерседен тартынбай шапар тепкен куунак кыздарды; мал кармаган ранчолордо бели бүгүлгөнчө тоңкочук аткан малай аялдарды жана оозунан сигара түшпөгөн Эски Мексиканын кара тору айымдарын көрдү. Анан таманы жыгач кепичтерин кийип алып тыпылдап баскан куурчак сымал жапон аялдары көзгө чалдыкты; алардын артынан жүздөрүнөн тукум бузулуунун белгилери ачык байкала баштаган Евразиянын чийме каш назик аялдары; аларга улай Тынч океандын аралдарындагы ындыкара, тула бойлорун кызыл-тазыл гүлчамбарлар менен ороп, жаап алышкан болпойгон, толмоч аялдар чыга келди. Эң акырында булардын баарын четке сүрүп таштап, көз алдынан  үрөй учурган тозоктон чыга келгендей караламан топ —  качан караба, Уайтчэпелдин караңгы чолок жолдорунда пароходдордон түшкөн матросторду аңдып, акмалай, кыдырата тизилген, турган турпатына бузуку жайлардын жан чыдагыс саңырсыган жыты сиңип калган, аял кейпинен небак ажырап, жанына киши жологус болуп калган ыпылас жалаптар — порттордун таштандылары, адамзат кайнаган мештин көбүктөрү  топурап, кылка жипке тизилгенсип, булар да биринин артынан бири чубап өттү.

— Отуруңуз, мистер Иден, — деп кылая караган кыздын шыңгыр үнү кулагына кирип келди бир оокумда. — Болгон окуяны Артурдан уккандан соң сиз менен аябай таанышкым келди. Бул кылганыңыз абдан чечкиндүү иш болуптур.

Ал башын чайкап, бул арзыбаган нерсе экенин, анын ордунда башка бирөө болсо деле ушинтмек деген тейде бирдемелерди булдуруктаган болду. Руфь ал колун сунганда билегинде жаңыдан айыгып келе жаткан сыйрылган жерин байкап калды; берки колуна көз жиберди эле, анысында да ошондой так бар экен. Андан ары сынай көз чаптырган кыз анын жаагындагы жана маңдай чачынын так түбүндөгү тырыгын, крахмалдатып катырып алган жакасынан улам көрүнө калып жаткан үчүнчү тырыкты байкады. Ал жетишпегенсип тотуккан мойнундагы кыкыйган жакасы өйкөй берип, так боло түшкөн ичке кызыл тилкени көрө коюп бырс күлүп жибере жаздап, өзүн араң басты. Ал жака тагынып жүргөнгө көнгөн эмес окшойт да. Ургаачынын сын көзү анын мүшөктөй көлөктөгөн кастүмүнүн да орой бычымын, ийининдеги ийри-буйру тигиш-бүгүштөрүн, астынан чың булчуңдары чытырап турган жеңдериндеги бырыштарды бир сыйра сыдырып өттү.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.