Жек Лондон
Мартин Иден
Герберт Спенсердин ысмын Мартин бир нече жолу ушул жыйындардан укту. Бир күнү ал жакка анын шакирти менен жолун жолдоочусу — ичинде көйнөгү жок экенин билдирбес үчүн кыкыйта топчуланып алган тытык күрмөчөн селсаяктан айырмасы жок куучуйган бирөө келиптир. Булар көрүнөр замат үстөккө босток тартылган тамекинин көпкөк ыш түтүнүнө, какырык менен түкүрүккө карабай башкы салгылашуу — философиялык талаш от алып кетти, жанагы селсаяк өлөрман неме экен, улам бир чабуулдун мизин билгичтик менен кайтарып, жадагалса, социалист — жумушчулардын ичинен бирөө келекелеп: «Таанылбастыктан башка кудай жок, Герберт Спенсер анын пайгамбары!» — деп кыйкырып жибергенде да келиштирип туруп жооп бергенге жарады. Талаштын эмне туурасында болубатканына Мартин түшүнө берген жок, бирок Герберт Спенсер деген ким болду экен деп кызыгып калып, китепканага жеткенде «Негизги башталыштар» аттуу китепти сурады, анткени талаш убагында жанагы селсаяк улам ушул китептин атын айтыбаткан.
Ачылыш болбосоң кое кал! Болгондо да бул улуу ачылыштын башталышы болду. Мартин буга чейин бир жолу Спенсерди окууга аракеттенип көргөн жайы бар, бирок «Психологиянын негиздери» деген татаал чыгармасын тандап алган экен, башка философ айым Блаватскаяны түшүнбөгөндөй эле аракети дагы текке кетти. Окуп атып эч нерсе түшүнө албай, акыры китепканага кайра өткөрүп берди. Бул күнү кечинде алгебра менен физикадан соң сонет жазам деп көпкө кыйналып отуруп, анан керебетине жатты да «Негизги башталыштарды» ачып окууга киришти. Таң атса да китептен көзүн алган жок. Уйку деген кайда жоголгонун сезбеди, күн бою колуна калем кармабады. Капталы ооруп чыкканга чейин окуду, анан төшөгүнөн турду да жылаңач полго жатып алып китепти бирде төбөсүнө кармап, же кырынан чыканактап жатып алып окуй берди. Экинчи түнү уктады да тураары менен жазайын деп отурду, бирок китептин кумары ушунчалык азгырып алгандыктан, баары жоктун баарын унуткарып, кайра эле китеп окууга киришип кетти. Жадагалса, кечинде Руфь күтөөрү да жадынан чыгып кетти. Качан гана Бернард Хиггинботам эшикти ачып кирип келип, бирдеме деп күңкүлдөгөндө гана ал эсине келди. Эмне тамакка түшпөйсүң, же мени даяр тамак жеткирип берчү ресторан кармайт деп ойлойсуңбу дебаткан экен көрсө.
Мартин дайыма бирдемени билгенге ынтызарлыгы менен айырмалана турган. Баарын билгиси келгендиктен, бир чети матростук кесипти да ушундан улам тандап алган эле. Эгерде деңизден деңиз кыдырып кетпегенде, көп нерсени билбей да калмак экен. Азыр да Спенсерди окубатып, дагы эле эч нерсе билбей турганын түшүндү, канчалык деңиз кыдырганы менен муну эч качан биле алмак эмес экен. Ал өзүн курчап турган дүйнөгө үстүртөн гана карап, байкаган ар кандай чачыранды кубулуштарды гана кээде жалпылап жүргөн тура. Дүйнөдөгү болуп аткан иштерди кокустуктардын гана чынжыры деп эсептеп, алардын ортосундагы өз ара байланышка түк маани берген эмес экен. Мисалы, учуп бараткан куштарды карап туруп, алардын учуу механизмдери туурасында гана ой жүгүртчү; бирок бул көрүнүштү эч качан жалпылап ойлонуп көрбөптүр, дегеле учуп жүрүүчү тирүү жандыктардын пайда болушуна алып келген өнүгүү процесси туурасында дегеле ойлонбогон экен. Мындай процесстин бар экени оюна да келген эмес. Куштар өнүгөт дегенди ким билиптир, ал барбы, бар, кептин болгону ушул эле.
Дал ушул куштар жөнүндө анын ою кандай болсо, башка бардык нерселер жөнүндө да ошондой эле. Билими менен ой жүгүртө билүүсүнүн жоктугунан анын философиялык жыйынтык жасасам деген бардык аракети оңунан чыкпады. Канттын орто кылымдык метафизикасы ага эч нерсени ачып бералган жок, тесерисинче, өзүнүн акылынын чабалдыгына дагы бир жолу шек жаратты. Ромсистин атайын китеби боюнча теориянын эволюциясын окуп баштап ушундай эле абалга туш болду. Бул китептен бир гана түшүнгөнү бул — эволюция деген оюндагысын кургак, дөөдүрөк тил менен баяндоого көнгөн бышыктардын ойлоп тапкан негизи жок теориясы имиш. Мартин эми бул теория чынында таптакыр жылаңач теория эмес, жалпыга маалым өнүгүү мыйзамы экенин көрдү. Эгерде бул маселе боюнча окумуштуулар ортосунда талаш жүрө турган болсо, анда эволюциянын формалары жөнүндөгү жекече маселелери боюнча гана болушу мүмкүн тура.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.