Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин чанда гана ойлончу болду. Ойлорунун уясы жабык, терезелери кагылып салынган эле, өзү болсо анын эшигинин алдындагы караңдаган кароолчуга айланып калганы. Ооба так караанга айланбадыбы. Джо туура айткан экен. Экөө башы менен аягы көрүнбөгөн эмгек майданындагы караңдаган караандар эле. А балким, мунун баары түшүндө болуп аткандыр? Колтойгон оор үтүктөрдү ысык буусун чыгара апакай ич кийимге ары бери басып атып, Мартин чын эле мунун баары түш болсо керек деген ойго алдырчу. Балким жакында, балким миң жылдан кийин ал өзүнүн баягы тар, караңгы бөлмөсүндө уктап жаткан жеринен ойгонуп кетет да, сыяга булганган үстөлүнө отуруп, токтотуп койгон ишин улантаттыр. А балким анысы деле түшү болгон чыгаар, вахта алмаштырганга керебетинен ыргып туруп, палубага чыгар да, жылдыздар жайнаган тропиктин асманы астында штурвалга туруп, желдин салкын деми денесин ичиркентип жиберер.
Ишемби дагы келип, саат үчтө жумуш аяктады.
— Барып бир ыстыкандан пийва бастырып келсекпи ия? — деди Джо кайдыгер, ал бошошуп, көөнү майрам тилеп турду.
Бирок Мартин уйкудан ойгоно түшкөндөй эле. Ал велеспетин бир сыйра майлап жөндөп, рулун текшерип, бир сыйра тазалап чыкты. Ал велесепеттин рулуна жатып алып, педалын бир калыпта чимирилтей айдап, алдыдагы жетимиш милдик чакырым баса турган чаңдуу жолу тиктеп, уруп жөнөгөн чакта Джо эчак шарапканада отурган. Жетти да ошо күнү Оклендде түнөп, эртеси жекшемби кайра тартты да дүйшөмбү күнү ишке чыгып кете берди, алыс жолдон чапчап келсе да бул жолу ичпей койгонуна ичинен кубанып жатты.
Арадан беш жума өтүп, артынан алтынчысы узады, Мартин болсо машине сыяктуу иштеп жашай берди, бир гана тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө, аны жума сайын велесепет тээп, жүз кырк миль аралыкты басканга мажбурлаган оттун кичинекей учкуну сакталып турган эле. Бирок алыс сапарга барып келген эс алуу эмес болучу. Бул баягы эле тынымсыз иштеген машиненин дагы бир ого бетер алсыраткан иши эле, ушинтип жүрүп Мартиндин бара-бара жүрөгүндөгү бул учкун да күйүп бүттү. Жетинчи апта аяктаганда эч бир буйдалып отурбай Джону ээрчип айылдагы шарапканага келди да «турмуштун даамынан» аянбай татып, ошонун деми менен дүйшөмбүгө чейин жашады.
Бирок ал кийинки ишемби күнкү чарчап шалдайганын андан бетер күчөтүп, кайра жетимиш милдик жолго аттанып чыкты. Ошентип жүрүп, үчүнчү айдын этегинде гана Джо менен үчүнчү жолу айылга барып келди. Кайрадан эле көнүмүш жашоону улантты эле, бирок күтүлбөгөн жерден мээсин чагылгандай жарк эткен ой жанып өтүп, эсине келе түштү да өзүнүн айбан кейиптенип калганын көрдү, — ичкенден эмес, бели бүгүлбөй иштегенден ушул абалга жеткенин түшүндү. Ичимдикке берилип кеткени себеп эмес, анын кесепети болду. Балекет баскыр ичкилик аны дайыма жумуштан кийин түн артынан таң аткандай эле артынан калбай ээрчип калган тура. Мындай макулукка айлансаң эңсеген бийиктигиңе өмүрү жетпейсиң; виски мына ушул ойду ага таңуулаганы, буга ал макул эле. Виски ага улуу даанышмандык кылды. Маанилүү акыйкатты ачып берди.
Мартин кагаз менен калем бергиле деди да шарапканага чогулгандардын баарын сыйламакка шарап алдырды, элдин баары бака-шака түшүп, анын ден соолугу үчүн ичип атканда Мартин үстөлгө эңкейип бир нерселерди кагазга жазып атты.
— Джо, телеграмма, — деди ал анан, — окуп көрчү.
Джо адегенде мастыгы менен жалжая күлүп окуп кирди да, катта жазылган нерсе аны ошол замат соолуктуруп койду. Бул эмне кылганың дегендей Мартинге карады да көздөрүнөн жаш кылгыра түштү.
— Сен мени таштап кетесиңби, Март? — муңая сурады ал.
Мартин башын ийкеди да, бир балакайды чакырып, телеграфка чуркатып жиберди.
— Токто! — деди тили булдуруктаган Джо, — сага бир нерсени айткым келип турат.
Ал кулап баратып, кайра бийик үстөлдүн кырынан кармай калды, Мартин да ошол замат белинен кучактап жөлөй кармап калды.
— Жаз, эки кызматчы тең кетет деп жаз! — бурк этти күтүлбөгөн жерден Джо. — Жаз.
— Бирок, сен эмнеге кетесиң? — сурады Мартин.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.