Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бир күнү Мария калган –куткан азыгы менен балдарынын курсагын тойгузуп атып, суу алганы ашканага кирип калган Мартинди акыркы он беш центине сатып алган арзан виносу менен сыйлады. Экөө бири биринин саламаттыгы үчүн алып отурушту. Анан Мария анын баштаган ишинин ийгилиги үчүн, Мартин болсо Джемс Грант батыраак келип, жуулган кийимдеринин акысын төлөсүн деп ыстыкан көтөрүштү. Джемс Грант деген жыгач устанын жардамчысы, акысын дайыма ушинтип кечиктирип бергендиктен, Марияга үч доллар карыз болуп жүрөт.

Жаңы эле ачытылган кычкыл вино ачкарын ичкенине экөөнүн ичтерин куйкалап, башка тээп чыкты. Бири бирине таптакыр окшошпосо да экөө тең кембагал жана жалгыз эле, ачык айтылбаганы менен кедей турмуш экөөн тең бири-бирине боор тарттыра жакындаштырып турчу. Кеп үстүндө Мария Мартиндин өзү он бирге чыкканча жашаган Азор аралына барганын угуп, тимеле жетине албай сүйүндү. Анын Гавайдагы аралдарда да болгонун укканда ого бетер терисине батпай калды, анткени Мария кийинчерек так ошол жакка көчүп барбады беле. Бул да эч нерсе эмес, Мартин ага Мауйи аралында болгонун айтканда Мария кубанганынан таптакыр эле өзүн жоготуп койду. Дал ошол аралда Мария алгач ирет турмуш курган. Күйөөсү менен Кагулуиде биринчи жолу таанышканы эсинде, Мартин болсо ал жакка эки жолу барган тура! Эх, кант жүктөлгөн кемелерди Мария кантип унутсун! Демек Мартин анын издери калган, жүрөгүнө жакын жерлерде сүзүп жүргөн турбайбы? Кең деген дүйнөнүн тарын карачы! А, Вайлукудачы? Мартин аякта да болуптур.  Баса, ошол жердеги плантациянын кароолчусун билет болду бекен? Кантип билбесин, алтургай, анын саламаттыгы үчүн бир ыстыкан винону да тартып жиберген болуп чыкты.

Ошентип ар кайсыны эскерген экөө ачкачылыгын вино менен басып отурушту. Бирок Мартинге келечек анчалык деле бүдөмүк караңгы эмес эле. Эртедир кечтир ал ийгиликти багынтып, атак-даңкка жетишет, ал кез деле алыс эместей. Болгону бир чымырканып койсо гана болду, көздөгөнү колуна тиет. Ушул жерден Мартин маңдайында отурган бечара аялдын жүдөгөн кебетесинен көздөрүн албай тигилип калды, анын өгүнчүрөөк берип ийген нанын, сорпосун эстеп, ага болгон чексиз ыраазылыгы толкуп-ташып кетти, ага кандайдыр бир жакшылык кылгысы келип кетти.

— Мария, — күтпөгөн жерден Мартин кыйкырып жибере жаздап, — сиз эмне каалар элеңиз?

Мария чочуп кетип түшүнбөй Мартинди карап калды.

— Кана, ушул мүнөттө сиз эмнени каалар элеңиз?

— Жети жуп тапичке каалайт — балдарга.

Ал жакында колуңузга тиет, мен алып берем, — деди ал, Мария болсо башын салтанаттуу ийкеп койду. — Дагы, мындай бир чоңураак нерседен айтсаңыз?

Мариянын ыраазы болгон көздөрүнөн кубаныч жылт этти. Көптөн бери аны менен эч ким минтип көөнүн көтөрүп, тамашалашып сүйлөшө элек болчу, Мартин болсо тамашалашып атпайбы.

— Шашпай ойлонуңуз, — деди ал эскертип, Мария бирдеме демекке оозун ачып келатканда.

— Жакшы, — деди анда Мария, — мен абдан ойлонду, мага өзүмдүкү үй керек, — акы жок жашайт. Жэты доллар бир айга мен төлөбөш керек.

Сиз муну аласыз, — деди Мартин, — жакында болот. Бирок мындан да чоң каалооңуз эмне? Мени кудай деп элестетип көрүңүз, — баарын аткаруу колуман келет. Кана, айта бериңиз, угуп атам.

Мария бир аз унчукпай калды.

— Сиздики коркуп кетет да.

— Жок, жок, — күлдү Мартин, — мен коркпойм. Айта бериңиз?

— Чоң нерсе, эх, абдан чоң нерсе, — деди эскерткенсип Мария.

Макул, макул. Айтыңыз эми.

— Жакшы, — деди Мария бирдеме сурагысы келип, бирок сурагандан айбыккан жаш балача улутунуп, үшкүрүп да жиберди. — Мэн фэрма — жакшы фэрма каалайт. Көп уй, көп жайыт, көп чөп керек. Ушу Сан-Лиан тараптан. Сан-Лианда меники бир тууган жашайт. Оклендке мен сүт сатат. Көп тыйын болот. Джо менен Ник уй кайтарбайт. Алар жакшы мектеп барат. Чоң инженер болот, жол курат. Ооба, мен жакшы фэрма каалайт.

Мария унчукпай калды да, жылтыраган көздөрү менен Мартинди карап калды.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.