аңгеме

Жунай Мавлянов: Жайлоодо

аңгеме

Небереси Азиздин көңүлүн көтөрөм деп Жаркынай өзүнүн көңүлүн чөктүрүп алды. Жайлоого келбесе антмек эмес да. Жыл сайын жайлоо маалында сөзсүз, бир кусалык, кандайдыр эски сагыныч жүрөк-боорун аралай чаап, санаасын эңшерип, маанайын басайтып кете турган. Андай кусалык, орду толбогон сагыныч бир нече күнгө созулчу. Ал күндөрдө Жаркынай бети шылынып, көздөрү алайып, айлап төшөктө оору менен алпурушкан кишидей шапайып азып кетер эле. Күн сайын бирин-бири көрүп жүрүшчү кошуналар биринчи байкашат ал өзгөрүүнү. Алар тарабынан: «Эмне болду, Жаркынай? Арыктап кеттиң го?» деген суроонун сөзсүз берилерин алдын ала билген анын жообу да белен: «Жайлыгым жокпу, жылда эле ушу маалда арыктап алам го», – деп гана басып кете берчү.

Ошентип, Жаркынайдын дарты эч ким эмдеп айыктыра алгыс дарт. Аны өзүнөн башка жан да билбейт. Июнь айынын 11-күнү анын эсине өз атындай түбөлүккө жат болуп калган күн. Ошол күнү анын ою боюнча элдин түп көтөрө жайлоого көчкөн күнү. Жумалап төө байлашып суутуп, аттарды таң ашырып, өгүздөргө чейин белендеп, эки күндүк жол азыкты кошо даярдашып: оймобоорсок салышып, эжигей бышырып, быштак жасашып, береги сары журтка айланып калган бөксө жайлоодон таң тыяктан жаңы гана куланөөк салып, асман бетин каймактаган сүт сымал саргыч агыш түскө бөлөп келаткан маалда энелерин издеген козу-улактарды мааратып, тайлактарды боздотуп, музоолорду мөөрөтүшүп, азан-казан болуп, анан бир таман жолго улуулата түшүп, улуу жайлоого көчкөн кездин бир күнү ошол бойдон Жаркынайдын сезиминде кала берген. Андан бери кырк жылга жакын убакыт өттү Бирок июнь айынын 11-күнү бүгүнкүдөй эсинде.

Ошол жыл жаан-чачындуу келип, тоодо али суук болгондуктан андагы чөп жетилбей, ошондон улам элдин он-он беш күнгө кечигип көчкөнү менен да Жаркынайдын иши жок. Азыркылар июнь эмес, майдын аягына жетпей эле көчөрүн, андагыдай жүктөрүн төөлөргө, өгүздөргө, аттарга, артып, мал-кели менен кошо самсаалап жолго чыкпай, машиналар менен жетип алышарын деле эстебейт. Андагыдай эки түнөп жетишпестен, үч сааттан ашпаган убакытта барышып каларын деле ойлобойт. 11-июнь күнү мурдагыдай эле шаан-шөкөт менен алды-арты алда кайда созолонгон көч жашылга оронгон арасындагы бир таман жол менен бараткандай туюлат ага. Жакшы жасалгалуу кунан, быштыларды минген, жарашыктуу кийинген жаштар: жигиттер, кыздар, келиндер жарыша чабышып, үзөңгүлөрү кээде тийише калып, «шыңгыр» этсе, анысы кылык көрсөтө шаңкылдаган кыз үнүнө кошул-ташыл болуп, теребелдеги гүл жытына атыр куюнуп, упа сүртүнүшүп, эндик коюшкан кыз-келиндердин жыты аралашып, эки күн, эки түн бою алда кандай керемет жытка толгон абадан жутуп магдыраган, эсирген Жаркынайга ошондогу гана июнь, ошондогу гана жайдын көркү жаштык сезимине мөөр болуп басылып калган. Ошондуктан жылдын ал мезгили анын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салып таштайт. Июнь айынын бүтүшү менен аны аздырып-тоздурган алиги түпөйүл оору да кетет. Мурунку баралына келет.

Жалгыз уулу Калый бала-чакалуу болгону быйыл биринчи жолу апасы Жаркынайды жайлоого барууга мажбурлайт. Жок баласы эмес, небереси. Былтыр көл ичинде эс алышып жүргөндө, Калыйдын андагы тааныштарынын бири күн мурунтан макулдашып алгандай машина менен келип, буларды Каркыра жайлоосуна алып барат. Чоң-Капталдагы жыш карагайларды, андагы булактарды, Сан-Таштан ары керилип жаткан жайыктагы иче чапкан түркүн чөптөрдү көргөндө, бирде энесинин, бирде мамасынын, бирде папасынын колун кармай жүрүп, такыр эле башка дүйнөгө келгенсип таңыркай оозун ачып, тегерегине көз чаптырып алаңдаган, кайсы гүлдү үзөрүн билбей алдастаган, кайсы көпөлөктү кууп жөнөшүн билбей элеңдеген Азиз эки-үч сааттык сейилден кийин чоң энеси Жаркынайды туурап, борсойгон кыпкызыл боорсоктон улам бирде кеседеги мелтилдеген кымызга матырып жеп отуруп, анан чоң энесине суроо таштабайбы.

Биздин жайлоо жокпу, эне?

Кантип жок болсун, бар. Жайлоосу жок кыргыз болмок беле.

Жаркынай кеңирсиген бул жайлоонун береги четине бут койгондон тартып, мындан отуз сегиз жыл мурдагы жайлоо маалы, аны менен кошо бир жарым айга гана бирге өмүр сүрүп, анан согушка кеткен бойдон кайтпай калган жары Кубатын эстеп заарканып алган эле. Атүгүл бушайман жеген жайлоого келгенине. Баласын, келинин жиберип коюп, өзү бир нерсени шылтоо кылып, келбей койсо болмок да. Элүүдөн ашкан кишиге шылтоо табылат эле. «Ары-бери жүргөндө кыйналам. Жүрөгүм жаман эмеспи» десе эле жетишмек. Эч ким аны кыстамак эмес. Кала бермек. Бирок, антпеди. Антмек түгүл, жайлоону укканда эмнегедир, делбиреп, эңсеп жүргөнүнө барчу кишидей көңүлү көтөрүлө түшөт. Жүрөгүнүн бир четине уялап, ушунча жылдан бери эскирбей келаткан бир сезим кайрадан козголуп, тулку боюна алда кандай күч-кубат тартуулаган эле. Жаркынайдын дүйнөсүн эстеген сайын өрт илебиндей кайрып алчу жайлоо эмес бу. Бу даңазалуу жайлоо экенин, бир көргөн киши дагы көрсөм экен деп дегдечү атактуу жайлоолордун бири экенин угуп жүргөн Жаркынай. Бирок көз карегине уюп калган тиги жайлоодой таасир эткен жок. Көңүлүн өксүттү тескерисинче. Жоготконун издеп, бирок таппаган кишиче, умсунуп калды. Ошентип, ич туйгусу менен алек болуп кыйналып отурганда небереси ушул суроону берип жатпайбы.

23.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.