Касым Каимов: Атай
Зарыктырган үмүт
- Кудайдын кылганы экен... - Ал ондонуп отуруп, чокчо сакалын сылап койду.
- Жибек жал жоголот деген кимдин оюна келиптир. Тыныбектин башка жылкыларынын баары бир тең, ушул айгыры бир тең... Жаныбар жылкынын камбар атасы эле.
Тыныбектин жоругуна ачык эле жылмайышып отурган меймандарга бийдин сөзү таасир этти бейм, анда жөнү бар дегенсишип, бири-бирин тиктешип, унчукпай калышты.
— Андай болсо, жай эле түшүндүрүп койсо, баарыбыз издешип чыкпайт белек? - деп Борош сөздүн аягын тамашага чаптырды.
Миң жылкы, үч миң койлуу Тыныбек байга түшкөн бүлүк бүткүл айылды дүрбөлөңгө салды. Туш-тушта жар чакыртып жана тымызын суроо салып, шектүү ууруларды көзөмөлдөп, жок издеген эле кишилер. Малдын изи сууй электе табуу керек эле. Ошондуктанбы, айтор Жибек жалдын үйүрү жоголууга эмне себеп болгонун ойлошкон жок, ошол күнү жылкы кайтарып, жыга чабылган Абдыракманды – Субандын жалгызын эстеп да коюшпады. Бул окуя кокусунан болгон нерсе эмес экендигин, байда ала албай жүргөн өчү же кечпес кеги бар гана кишинин ушундай мыкаачылыкка бара турганын жалгыз Тоймат божомолдоду. Бирок ал да болжолун шардана кыла албады. Эрегишкен кишинин ким экенин билбей же байдын кеңеш сураганын күтпөй, сөз айтуудан этияттанды.
Ал окуянын бир жагына чыгышын күттү.
***
Арадан эки аптадай убакыт өттү. Өрөөндүн баш-аягында изделбеген жер, кабар айтылбаган эл калбады. Жоголгон мал табылбаганы мындай турсун, анын дарегин билген киши чыкпады. Ошондо гана мал кантип жоголгонун, анан жылкычы жөнүндө эстешти. Сурай-сурай Абдыракмандын киши колдуу болуп, үйүндө катуу ооруп жатканын угушту. Жарактуу уурулар кай тараптан келип, кай тарапка багыт алганын Абдыракман кантип байкабасын, балким түнкү кармашта бирер-жарымын таанып калгандыр.
Эки жумадан бери Субандын үйүнө жакын санаалаш кишилер гана катташып, төшөктө жаткан оорулуу баланын көңүлүн сурашчу. Абдыракман эч кимисине жооп берчү эмес. Алар турсун, ата-энеси да анын бир ооз сөзүн угууга зар.
Эки-үч күндөн бери Субан той бергенсип, эшиги тынбайт. «Абыштын ден соолугу жакшыбы?» деп жобурагандардан кулак тунат. «Кудайга шүгүр!», «жакшы» деп жооп берет энеси. Капшытта жаткан оору жигит кээде кыңкыстап, денесинин ысыгына чыдабай далбастайт, төшөнчүсүн ачынып, кээде булдурактап жөөлүйт. Ага караганда баланын абалы анча деле жакшы эмес. Келген кишилер бала эмне биле турганын сурамжылашат.
Ар бир ушундай суроо Субан менен Зуурага бычактай тиет. Субан кыжырланып, башын чайкайт, Зуура көз жашы менен жооп кайтарат. Кайгылуу үй-бүлөнүн кебетесин көргөн кишилер тим болушат да, үйлөрүнө жөнөшөт.
Эл ичинде имиштер, ушак-айыңдар да пайда болду. «Жоголгон малга Абдыракман өзү шерик дейт. Байга эрегиши бар экен. Болбосо эмне үчүн унчукпайт? Бирөө тилин кесип алыптырбы! Мындай имиш байга да жетти.
Жибек жалдын күйүтүнө чыдабай нечен күндөн бери долуланып, ачуусу тарабай, эч ким менен ачылып сүйлөшпөй жүргөн Тыныбек жылкычысы менен оозмо ооз сүйлөшкүсү келди.
Үйдө Субан да бар эле. Ал жок издөөдөн түңүлгөндөн бери гана үйүнө байыр ала баштады. Жаратылыштын ысык-суугуна, турмуштун азап-тозогуна бышкан абышка нечен күндөн берки тыным албай, санаасы санга бөлүнгөн азапка майтарылган жок. Эс-дарты: эми кожоюнга эмне жооп берем? Алгач баласынын оорусуна да анча маани берген эмес. Уурулар менен чабышуу жана ар кандай оорулардын канчасын баштан өткөрбөдү.
Бирок бул жолку окуя башкачараак окшоду. Ууру көктөн түшкөндөй тымызын келип, тымызын жоголду. Абдыракмандын дарты аты табылбаган, дарысы жок, оор кеселге айланды. Уулум өзү эле айыгып кетет деп, көңүлү бир ыңтай жүргөн абышка анын күн санап төмөндөп баратканын билгенде катуу шашты, далбасалады. Айылдагы табыптарды, бакшы менен молдолорду чакырды. Алардын ар кимиси оору менен сүйлөшө албай, өз ырымын жасамыш болуп, аракеттеринен эч нерсе чыкпасын түшүнүшкөн соң жай-жайына кетишти.
Өмүрүндө эс-дартында малдан башка эч нерсе жок Субанга бүлүк түштү. Баламын жаны калар бекен деп зарлаганда сакалынан жашы чууруп, баккан малын, жоголгон бир үйүр жылкыны таптакыр унутту. Байга эмне жооп берери да көңүлүнөн көтөрүлдү. Эшикке кирип-чыккандын ортосунда «Бала кандай?» дейт аялына.