Казат Акматов: Архат

Он төртүнчү бөлүм

Казат Акматов: Архат

- Мани Ясону кармап, камакка алууга бизге да буйрук берилген. Издеп атабыз, таба элекпиз, - деди ал офицерчесинен какайып туруп.

-Эмнеге камака аласыңар?! – деди аңгычакты Селенгдин өңү кубарып.

 - Буйрук ушундай, ханум.

- Кимдин буйругу?!

- Жогорку жак! - деп полицай сөөмөйүн шыпты каратып койду.

- Ким ал жогору жак?!

- Аны бизге айтышпайт. Суроого акыбыз жок.

- Эмне үчүн сурабайсыз. Сураңыз азыр!

- Акым жок, ханум! Мурутчан полицай «бу кайсы кыз мага буйрук берген» деген түр менен Селенгди жекире карады да сөз бүттү дегендей ишарат жасады.

- Мани Ясо сөзсүз ушул храмда! – деди ага болбой эле Селенг жансакчыларына чечкиндүү бурулуп.

- Андай болушу мүмкүн эмес, Канбийкеч.

- Бул жерде болсо небак кармалат эле да, Канбийкеч!

Жансакчылар ушинтип безилдеп жибергенде храмдын баш сакчысы чоочулай түштү. Кызга корс этип катуураак сөз айтмакчы болуп турган неме дудук болду да калды.

Антишке дагы бир себеп - кыздын үстүндөгү кымбат кийимдер жана билектерине, мойнуна тагылган, седеп чөгөрүлгөн алтын билерик, сакчы өмүрүндө көрбөгөн каухар сөйкөлөр эле. Жанатан сакчы буларды байкабаптыр. «Оха! Канбийкеч дегениң ушул турбайбы!» деди ал карап турган көзүнө ишенбей, бирок дагы эле тили буулуп.

 - Мани Ясо ушул храмда окуган! Булар жашырып атышат! Селенг өзүнүн бардык кайгысына дал ушул баш сакчы күнөөлүү сымал калчылдады эле тигил кайда кире качаарын билбей жаман болду.

- Ханум, – деди анан ал эрдин араң кыбыратып, – ишенбесеңиз көрсөтөйүн. Мынакей, бизде Мани Ясону издөө боюнча Тибетти коргоо комитетинин акыркы маалыматы бар. Ошентип ал кылтыраган колу менен сейфинде катылуу турган билдирүү кагазды Селенгге сунду.

«Экинчи жашыруун билдирүү! Тибет автоном районунун бардык чекара жана кайтаруу постторуна! Учурда мамлекеттик издөөгө алынган Потала Ордосарайынын жооптуу кызматкери Мани Ясо акыркы жолу Лхаса шаарынын кайырчылар коомунун таросу Дамема менен жолугушкан, андан соң «Дүнүйө» мейманканасына келип түнөгөн. Аны жандап жүргөн адам - Жохан храмынын мурдагы сары топу монахы, көп жылы устат Лама Цунун жардамчысы болуп иштеген Нгван Дей. Экөөнүн тең фотосүрөттөрү тиркелет.

Мамлекеттик баардык кызмат посттору жана бул издөөгө тийешелүү болгон баардык атуулдар бул эки адам жөнүндөгү билинген кабарды токтоосуз Тибетти коргоо комитетине билдирүүгө милдеттүү. Качкындар куралчан болушу мүмкүн. ТКК».

Билдирүүнү окуп бүтөөр менен Селенг бир нерсени капыстан эстегендей ойлоно түштү да кайдадыр шашып калды. «Дүнүйө» мейманканасына кеттик! – деди андан кийин жансакчыларына катуу буйрук берип.

«Дүнүйө» мейманканасында көрсө анын кандайдыр бир тааныш кызы мейд болуп иштейт экен. Эмдиги азапты ошол бечара көрө турган болду окшойт. Селенгден биртоп эле улуу кыз экен. Ошого карабастан канбийкеч анын дароо эле шаштысын кетирип, атүгүл жулмалап ийди:

 - Сен аны дубалап алдың! Билем, сенин кара сыйкырың бар экенин! Таап бер азыр аны мага! Көзү алайган мейд кыз биртопко дейре эчтеме түшүнгөн жок.

- Кечирип коюңуз, ханум. Биз Мани Ясо аттуу Ордосарайдын кызматкерин расмий түрдө издеп жүрөбүз.

- Уккам, - деди кыз жансакчынын эңкейип сылык айткан сөзүнө жооп берип.

Ошол эле учурда ал бетине кол салууга даяр турган Селенгден жалтанып, жүзүн алаканы менен калкалап атты.

- Радиодон укканбыз. Бирок, издеген кишинерди мен эч убакта көргөн эмесмин.

- Калп! - деди Селенг чаңырып.

– Сен андай сулуу жигиттен эч качан кыя өтмөк эмессин!

Бул арада коридордогу бир топ эл тигилерди тегеректей баштады. Жансакчылар өтө эле ыңгайсыз авалда. Жаалданган кызды бул жерден кантип алып кетиштин айласын табалышпайт. Канбийкечке катуу айтуу да, кысым көрсөтүп соолуктуруу да мүмкүн эмес эле. Эгер антишсе акыры түбү өкүмдардын кызы эмес, катардагы жансакчы күнөөлүү болуп, жаза алаары бышык. Бийликтин кешпири деген кайда болбосун бипбирдей, опокшош.

 - Алып кеткиле мунуңарды! Эмне мага жабышат! Көргөн эмесмин качкан кишинерди!

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.