Казат Акматов: Архат

ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

 

Көк муздун алдынан шылдыраган суунун үнү угулуп калган жаздын биринчи эле күндөрүндө бүткүл Тибет жерине чуулгандуу имиш таркады. Ооздон-оозго, телефондон-телефонго, чагылгандай тез өтүп жаткан бул кабар былтыр ушул маалда кайдадыр житип жок болгон Мани Ясо жөнүндө эле. Бирдаары: «Лхасада коркунучтуу кара сыйкыр Мани Ясо пайда болуптур, сактангыла» десе, бирдаары: «кара сыйкыр эмес, борбор шаарга Миларепа өзү келиптир» деп оозун ачкан карапайым элдин башын маң кылууда.

Мурда эле бул «качкынды» издөө ишин жеке өзү катуу көзөмөлдөп турган Далай лама тигиндей каңшаар угулаары менен Мани Ясону кармоо аракетин бүткүл Тибет боюнча өз колуна алды. Баардык чегара посттору, аскер бөлүктөрү «өзгөчө авалга» келтирилип, монастрлар менен храмдар, мейманканалар менен ресторандар тымызын күзөткө алынып, базар сыяктуу көпчүлүк жайлар полицайлар менен курчалды.

Тибетти коргоо комитетинин телефондоруна болсо адам түшүнбөгөн таңкаларлыктай кабарлар биринин артынан бири түшүп жатты. Мани Ясону өз көзү менен көргөндүгү жөнүндө бир туруп кайсыл бир монастрдан, бир туруп храмдан, же ресторандан, ошол эле кызматкерлер, атүгүл жетекчилери телефон урат.

Ал жердеги даяр турган полиция же аскер отряддары болсо жүгүрүп кирип, тинтип жүрүшүп же эч кимди табалышпайт.

Ошол ар кандай чалды-куйду кабарлар ТККнын эле ичинде калбастан Далай ламанын өзүнө да жетип атты. Бир күн кечке андайларды уга берип башы айланкөчөк болгон Далай лама түн бироокумда ачуусуна чыдабай ТККнын башчысын тезинен өзүнө чакырды.

- Качкынды адеп даана көргөн ким бар?! Дегеле чынбы бул кабарыңар, же бир жиндинин оюнубу?! Жалган дүрбөлөңбү?!

- Качкынды адеп даана көргөн, Саки Муни монастрына сакчылыкка коюлган чегара аскеринин көрсөтмөсү жанымда, улуу даражалуу таксыр.

- Кана бериңчи бери!

ТККнын башчысы папкесинен чегарачы алгачкы сурак жүргүзгөндөгү магнитофондук жазуунун текстин сууруп чыгып Далай ламанын үстөлүнө койду. Анда төмөндөгүдөй сөздөр бар эле:

«Өтө жашыруун документ»

Тергөөчү: – Аты-жөнүң ким? Толук айт.

Чегарачы: – Кытай элдик армиясынын аскери, Мандан Ли.

Тергөөчү: – Бул жерде азыр эмне кызматтасың?

Чегарачы: - Командирим сакчылыкка койгон.

Тергөөчү: -Эмнени кайтарасың?

Чегарачы: - Монастрды.

Тергөөчү: - Чегара постуна сен кабарлаган шектүү адам кайсыл күнү, саат канчада бул жерге келди? Шашпай толук айт. Жакшылап эсте!

Чегарачы: – Өткөн үчүнчү күнү

Тергөөчү: - Так айткын, саат канчада?

Чегарачы: - Саат ондордо.

Тергөөчү: -Так айткын деп атам мен сага!

Чегарачы: - Ондон өтүп калган. Беш, он мүнөт өтүп калган.

Тергөөчү: - Кантип, кай тараптан келди?

Чегарачы: -Кепеде отурсам эле кирип келди. Жаман чоочуп кеттим.

Тергөөчү: - Туристтер жок беле? Жанында ким бар эле?

Чегарачы: -Бир группа жаңы эле өйдө, тигил Кайлас тоону көздөй чыгып

кеткен.

Тергөөчү: - Жаныңда дагы ким бар эле дейм?

Чегарачы: – Жалгыз болчумун.

Тергөөчү: - Баардыгын жакшылап эстеп, толук айт. Кирген адам кандайча кирди, эмне жөнүндө сөз болду ортоңордо.

Чегарачы: - Узун бойлуу, жеңил репа чапанчан жаш неме экен. Ак чапан экен.

Тергөөчү: - Канча жаштарда?

Чегарачы: - Мен курактуу эле.

Тергөөчү: - Сен канчадасың?

Чегарачы: - Жыйырма төрттөмүн.

Тергөөчү: - Анан, кирген адам эмне жөнүндө сөз кылды?

Чегарачы: - Бул жердеги жатакчы монах кайда, деп сурады. Мен айттым алар колго түшүп кармалып калган деп.

Тергөөчү: - Анда тигил эмне деди?

Чегарачы: - Ким колго түшүрдү? Жатакчы монахтын жанында дагы ким бар эле, деди. Мен айттым билбейм деп.

Тергөөчү: - Эмне үчүн билбейм деп айттың?

Чегарачы: - Ал деген аскердик жашыруун сыр да.

Тергөөчү: - Жашыруун сыр деп коёт. Кеңкелес! Дагы кандай суроо берди сага?

Чегарачы: - Ошол. Башка суроо берген жок. Мени таанып аткансып тике карап турду да тез эле сыртка чыгып кетти.

Тергөөчү: - Эмне үчүн токтотууга аракет кылган жоксуң?

Чегарачы: -... аракет кылдым.

Тергөөчү: - Кантип аракет кылдың?

Чегарачы: - Автоматымды алып артынан чыксам кетип калыптыр.

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.