Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Эшек гана кемеге кирбей кетенчиктеп туруп алганда «Эй, хайбар! Кир кемеге!», – деп Яйсувду бир кыйкырганда эшек кирип кетти.
Асмандан күндөп-түндөп кара нөшөр куя берет. Жерден да оргуп суулар чыгат. Кырк күн, кырк түн токтоосуз суу каптаганда жер үстүндөгү адамдар менен жаныбарлар бүт кырылды, жер бети тазаланды.
Яйсувду кеменин ичин кыдырып карап жүрсө Ибилис отурат бир жерде.
– Сен бузуку, кантип кемеге кирип кеттиң?
– Эшектин куйругунан тартып киргизбей тургам кемеге… Ошондо сен өзүң «Кир, хайбар!» деп кыйкырдыңбы. Анан эшек менен кошо кирип кеттим.
– О, Ибилис, шайтан! Сен адамдын азгырыгы! Кайрадан жер үстүндө тирүү калган турбайсыңбы?! – деп Яйсувду кайгырган экен. Бирок Ибилисти сынап көрмөк болот.
– Э Ибилис, сен өлбөс болуп жаралган Адам атаны Бейиш багында азгырып, өлө турган пенде кылып салдың. Өзүң болсо өлбөс болуп жүрөсүң. Бул калыс эмес ко. Кудайга тобо кылып Адам атанын өлбөстүгүн кайра сура! – деген экен.
– Эй, Яйсувду, макул, мен тобо кылайын, Кудай макулбу ошого? Күнөөмдү кечеби?
Яйсувду Ибилистин тилин алып, Кудайдан анын күнөөсүн кечүүнү сурайт.
– О Яйсувду, Адам атанын табыты сенин кемеңде эмеспи, ошого Ибилис сейде кылсын, күнөөсүн кечейин, – деген экен.
Ошондо Ибилис сейде кылбай койгон.
– Адам атаңар тирүү кезинде мен ага баш урган эмесмин, эми чириген денесине баш урамбы?! – дептир.
Ошентип Ибилис шайтан адам менен достошпой койгон.
Күндөрдүн биринде кеменин ичинен оргуштап суу чыга баштайт. Яйсувду шашылыш кыйкырат:
– Тешикти ким табат?!
– Мен табам, – деп жылан алдыга чыгат. Ал сойлоп жүрүп кеменин түбүндөгү тешикти табат. Ошого куйругун тыгып коюп ийрилип жатат. Кеме чөкпөй аман калат.
– Э жылан. Топон суу токтогондо сенин тилегиң эмне болсо ошону орундатам, — деп Яйсувду убада берет.
– Эй, айбанаттар! Силер жакындашпагыла, тукум көбөйтпөгүлө, кемеге батпай, чөгүп кетебиз! – деп Яйсувду буйрук берет. Ошого болбой эле чычкандар аябай көбөйүп, кемени теше башташат. Ошондо Алла тааладан Яйсувдуга буйрук келет.
– Арстандын башын сыла! – дейт.
Яйсувду арстандын башын сылаганда ал чүчкүрөт, мурдунан бир мышык ыргып кетет. Ал мышык чычкандарды кырып жоготот. Кеменин ичи бок-сийдикке толуп кетип, сасык жыт тумчуктурат. Кудай тааладан буйрук келет:
– О, Яйсувду, пилдин жонуна чыгып аркасын сылачы!
Пилдин аркасын сылаганда анын тумшугунан эки чочко чыгат да, бок-сакты бүт жеп жоготот. Кеме таза болуп калат.
Кырк күн, кырк түн дегенде Топон суу тартылат. Яйсувдун кемеси Кантеңир тоосунун үстүнө токтойт. Жамгыр басылып, суулар тартылып, жер бети кургай баштайт. «Бардык жер кургады бекен, көрүп келчи», – деп Яйсувду карганы жиберет. Карга талаадагы тарпты чокуп отуруп кечигип калат. Яйсувдунун чыдамы кетип көгүчкөндү жумшайт. Көгүчкөн ар кайсы жерлерге конуп, бутуна кызыл ылайды жугузуп келип, кабар берет. Яйсувду кечигип келген каргага ачууланып:
– Сен дайыма адамдардын көзүнө суук көрүнүп, өмүрүң коркунучта өтсүн, – деп Кудайдан тилейт. Ал эми көгүчкөндү: – Сен дайыма адамдардын көзүнө жылуу көрүн. Аны менен жанаша жаша. Мен ушуну Кудайдан тилейм, – дейт.
Эң аягында шашпаган жылан соймоңдоп келип Яйсувдуга:
– Кеменин тешигин таап бүтөгөндүгүм үчүн мени ыраазы кылам дедиң эле. Мынакей келдим.
– О, макулугум, эмне каалооң бар. Айт.
– Мага кимдин каны таттуу болсо ошону ырыскы кылып берсең болду.
– Андай болсо мен билейин, кимдин каны эң таттуу экенин, – деп Яйсувду бул ишке чиркейди жумшайт. Чиркей сүйүнгөнүнөн ар кимдин канын соруп жүрө берип, кечигип калат.
– Кирбийген шайтан, эмне мынча кечикти?! Сен билип келе койчу! – деп
Яйсувду чабалекейди жиберет. Чабалекей чиркейди таап сураса:
– Дүйнөдө адамдын каны эң таттуу экен. Ушуну Яйсувдуга айтканы баратам, – дейт. Ошондо адамдын досу чабалекей кайгырып, амал ойлойт да, минтип алдайт чиркейди: