Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Мани Ясо башын ийкеди. Лама Цудан бир нерсе сурагысы келип, бирок сурай албай отурду.

- Улуу йог Миларепа жалаң эле дарылоо менен эмес, ал жалаң өзүнүн үнү менен да сыркоолорду айыктырган. Айтылып калган айыңдарга караганда өзүнүн ыры, шаңшыган үнү менен эми эле өлгөн кишини кайра тирилтип алчу экен. Кандай болгон күндө да улуу Миларепанын кайра жаралышын адамзат күтүп жүргөн. Ошо го татыктуу боло аласызбы же жокпу, эми ал сиздин өзүңүздөн. Талыкпаган эмгек, билим, эч тынымсыз окуу гана сизди керектүү бийиктикке көтөрүп чыга алат.

Мен храмдагылрдын бардыгына жарыя бердим, сиздин бейкүнөө экениңизди алар эсепке алышат. Бирок класстагы балдарыңыздан өч алам деп аракет кылбаңыз. Алар да сизге мындан ары тийишпейт. Менин өтүнүчүм – бүгүн кечте бөлмөңүзгө барып, «Танжур» китебиндеги антты аларга да кайталап бериңиз. Ар бир шеле сиздин мындан ары тирүү жанды өлтүрбөй тургандыгыңызга бекем ишенгидей болуш керек. Ансыз алар менен бир бөлмөдө жашоого мүмкүн эмес.

Мани Ясо устатынын сөзүн үндөбөстөн угуп болду да, акырында башын көтөрдү

- Макул, ошентейин.

- Баштапкы класста үч жылда окуп бүтчү көлөмдү сиз бир жылда өтүшүңүз керек. Ага күчүнүз жетээрин билдик. Ощондон кийин сиз биротоло менин классыма өтөсүз.

- Бардыгы канча жыл окуйм, ата?

Лама Цу күлүп жиберди. Ал билген дал ушул суроо алыстан келген баланы кыйнап жүргөнүн.

 - Мекениңизди, ата-энеңизди сагынганыңыз акыры өтүп кетет. Ага көп уба кыттын кереги жок. Ошон үчүн кабатыр болбоңуз. Окуунун мөөнөтү болсо жалаң гана өзүңүздөн. Анткени билимдин чеги болбойт эмеспи.

Мани Ясо Лама Цунун жообуна түшүнгөн жок, ошон үчүн башын көтөрүп устатына карады.

- Түшүнгөн жоксузбу? Силерде жогорку окуу жайлары негизинен беш жыл окутат. Андан кийин аспирантура, докторантура дегендер бар эмеспи, бизде деле дал ошол сыяктуу. Баса, баса, мына сиздин бул жердеги агаңыз Бишкектеги университетти бүтүп алып, бул жакка илимин улантканы келбедиби. Ал качан илимин жасап бүтөт? Белгисиз. Сиздики да ошондой. Улуу Миларепа өткөн өмүрүндө көп нерсеге жетишпей калган. Ошолорго сиз жетишиңиз керек. Реинкарнациянын негизги сыры ушунда. Адам улам кийинки жаралышында мурунку жетишкендикте рин өнүктүрүп улоо керек. Ошентип отуруп ал акырында улуу архат даражасына өсүп жетет...

 

***

 

Жан дүйнөсү башка, өзүнө такыр окшобогон балдар менен бир бөлмөдө жашап атканын Мани Ясо эми гана түшүндү, ал түгүл катуу коркуп калды. Ошондуктан Дей аны ээрчитип бөлмөсүнө кайра алып келатканда мындай деди:

 - Кайрадан койнума жылан салып ийсе эмне кылам?

- Андай жинди оюнду булар эми жасабайт. Коркпо. Бирок билип кой, жылан бака койнуна кирсе ал байлык.

- Андай байлыктын мага кереги жок. Ошону айтып койсоңуз балдарга.

 Дей өзү төмөнкү чиндеги сары чапанчан монах болгон менен Лама Цунун эң жакшы көргөн жардамчысы катары храмда биртоп кадыры бар жигит эле. Анын эң негизги сапаты - чынчылдыгы, кызматына тактыгы, анан дагы эч нерседен жалтанбай түз сүйлөгөнү. Храмдагылар да мансап кубалайт. Ар бир кичинекей «шеле» чонойгондо «траппа», андан соң «лама» же «аббат» болгусу келет. Кыз мат боюнча андан ары мансап көксөгөндөр «Панчен-лама», атүгүл «Далай ламалыкты» көксөсө керек. Ал эми талант касиетине ээ болгондор үчүн олуялык, башкача айтканда, «Архат» даражасы эң бийик. Бирок мына ушул тепкичтерди ачык айтып көксөө, ага чыканак менен түртүшүп аракет кылуу өтө уят нерсе.

Дейде бир кыйла билим деле бар, эгер Лама Цу кааласа ага азыркысынан жогорураак даража берип деле коймок. Негедир ошону Дей өзү да, лама да элес албайт. Ошон үчүн сары чапанчан Дей дайыма сары чапанчан.

- Ээ, мырзалар! Мынакей, алыскы мусулман өлкөсүнөн окуйм деп келген мейманыңарды кайрадан апкелдим. Денесиндеги силер салган көгала тактар али кете элек. Эгер ошол тактарга дагы бир жаңысы кошула турган болсо храмдын эшиги ачык! Ким каалайт окуудан кетишти? Айткыла, ким каалайт?!

Дей балдардын ар бирин кекетип чыкты эле, бешөө тең баштарын чайкашты.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.