Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Швейцарияда жашаган Томас Ранкин аттуу англичанин аялы Софи экөө Этьен деген тогуз жаштагы уулун Тибетке апкелишкен. Беш жашынан тартып Этьен баланын таңкаларлык касиеттери чыга баштайт. Эң кызыгы анын каалоосу эле.
Эгер бала бир нерсени көргүсү келип кааласа ошондой нерсе сөзсүз ишке ашат, же жакын жерде пайда болот. Өзүнүн мындай касиетин бала байкачу эмес. Аны билбей эле үйүндө отуруп алып кошунанын өзүнөн бир жаш кичүү баласын «сыртка чык, ойнойбуз» деген буйрук берсе, бала дароо чыгып келчү. Кийин, лицейге бара баштаганда Лора аттуу кичинекей кызды жакшы көрүп калат да, «менден башка балдар менен ойнобо» деп такыр өз жанынан чыгарбай кармаган. Этьендин жанынан кете албаган кыз бир күнү ыйлап мугалимге арызданат: «Этьен мени кетирбей кармап атат» дейт. Иштин баарын көрүп турган мугалим «сен өзүң ага жабышып атпайсыңбы», -деп кайра кыздын өзүн күнөөлөгөн.
Бара-бара Этьен балдарга мактана баштайт: «азыр мобул көчөдө авария болот, карап тургула» дейт ал. Дароо болбосо да, бир нече сааттан кийин Этьен айткан көчөдө авария болгонун угушат. Бул кабар акыры жүрүп Этьендин ата-энесине угулат. Алар өз баласынын мындай таң калыштуу касиетинен адегенде коркуп кетишет, апасы ал түгүл ыйлайт. Акыры өзүлөрү текшерип көрүшмөк болуп уулуна айтышат:
- Этьен, атаң экөөбүзгө айтчы, эмнени каалап жүрөсүң?
- Мен тээтиги кошуна кварталдагы эң көп кабаттуу эки «эгиз» үйдүн кантип кулаарын көргүм келип жүрөт, дейт бала капысынан.
- Кой антпе! Болбогон нерсени антип айтпай жүр!
Апасы ошентип ачууланып койгондон кийин бала лицейге окууга кетет. Акечинде үйүнө келсе телеэкрандан Нью-Йорктогу эки эгиз башнянын кыйрап атканын көрсөтүп атыптыр. Ошол күн 11-сентябрь, 2001-жыл экен.
Мындай укмуштуу окуядан кийин Ранкин Томас менен аялы Софи экөө жүрөктөрү ооздоруна тыгылат. Эмне кылаарын билбей шаардагы бир индустун эзотериялык клубуна кайрылышат. Бирок алардын Этьенди чиркөөгө берип, католик монахы кылгыла деген сунушу баланын ата-энесине жакпайт. Аңгыча ошол жерде иштеген бир чиркөө кызматкери аларга Тибетке барууну сунуш кылат.
«Тибетте Кайлас деген касиеттүү тоо бар. Ага барып, тийешелүү шартты жасаган шыктуу адамдардын дароо көзү ачылат, олуя касиетин алат» деп кеңеш беришет.
Ошону менен каникул учурунда Ранкиндер баласын алып Тибетке жетип келишпейби. Келишет да, Лхасадагы турбюрого кайрылышат. Ал жерде группаларды топтоп туруп атайын туристтик гиддер машиналар менен элди Кайласка, касиеттүү Манас көлүнө, ал аймактагы качан салынганы белгисиз лама храмдары менен монастырларга экскурсияга алып барышат. Туризмден түшкөн пул - Тибетэлинин жан бага турган бирден-бир оокаты.
Таштан да турбюрого заявка берип койгон болчу. Ранкиндердин тобуна киргизилген экен. Болгону бир үй-бүлө, Таштан, анан эки бетинин отунда, кулактарынын учунда карарып үшүктүн тагы калган тургид жигит бешөө бир джип «Toyota» менен жолго чыгышат.
«Тамак-ашты он беш күнгө алгыла. Кышкы жылуу кийиминер болсун. Дарыдармек, көбүнчө ич өткөктүн, түтөктүн, кан басымдын дарыларын унутпай алгыла», - дегенди укканда сулууча келген кымча бел Софи өзүн биртопко жоготуп койду.
Мезгил жай болгондуктан ал үйүнөн өтө жылуу деп апкелген сокмо жемперлер эч нерсеге жарабай, Лхасанын базарынан топоздун жүнү ичине караган тери тондорунан, кийиз өтүк, кулакчын калпак сатып алууга мажбур болушкан. Азыр алар багажникте жатат, күн болсо мээни кайнатып жиберчүдөй ысык. Дегеле тигил күрсүйгөн калың кийимдердин керек болооруна эч ким ишенбейт.
- Эмне үчүн он беш күн? Мынча эмне көп, - деди акыры шартка моюн сунган Софи тургидден.
- Заявкаңарда Кайласка чейин барабыз, ал жердеги бардык шарттарды жасашыбыз керек депсиңер. Ал үчүн силердей европалыктарга эң аз дегенде он беш күн керек.
- Он беш күндө Этьен максатында жетип алса биз үчүн чоң олжо болбойбу, - деп Томас аялын дароо сооротуп койду.
Бирок алар азырынча Этьен баласынын кандай максаты бар экенин жашырып келатышат. Этьен болсо кадимки эле бай үйдө чоңойгон, эч нерседен тартынып, корунбаган, өзүн эркин кармаган бала экен. Мойнунда асынган цифралуу фотоаппарат, радиодисплей, чөнтөк телефон, наушник аудиокассета сыяктуу бардык ымыян-чымыяндарын Кайласка алып барууга болбойт деп мейманканага калтырып салгандан кийин бала: «Быякка мени эмне апкелдиңер?!» деген кекээр менен ата-энесин бир карап алды да, терезе жак ка бет буруп кетти. Ошол бойдон ал бери карабай да, эч ким менен сүйлөшпөй да келатат.