Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Мани Ясо бир жеңи эндей күрөң-кызыл траппа чапанын, ошондой эле түстөгү жука таар топусун кийип алып, мейманкананы көздөй шашылды. Дөң ылдый чоңчоң арыштап келе жатса атасынын элеси көз алдына чала-була тартылат да, энесинин өңү такыр эсине келбейт. Ошенткен сайын өспүрүм ата-энесинин жүздөрүн көрүүгө кызыкты.
- Уулум, берекем! - деп Айзада ордунан биринчи учуп туруп уулун кучактай rалды. Бети- башынан өпкүлөп, атасына кезек бербей атты.
- Кандай?! — деди Саламат өзүнө кезек келгенде уулун бооруна кысып, Кандай турасың?
- Ом! Мани падме хум!
- Эмне, эмне? – деди Саламат оңтойсуз кызарып.
- «Өз тагдырың өз колунда» деген сөз.
- Ошентип учурашат бекен булар?
- Ооба, - деди Адилет атасынын жинин келтирбейин деп.
Байкаса атасы баягы эле Саламат – өзүнө бирдеме жакпай калса түз эле сүзө качырчудай.
- Боюң мага теңелген турбайбы, -деди атасы баласына, - келчи бери, теңешели.
- Алдагы чапаның кантет деги шөлбүрөп. Эмне кездемеден тигилген өзү? Такыр арыктап бүткөн турбайбы, каралдым десе. Айзада уулунун бети-башын сылагылап, чапанын кармалап көрдү.
- Курсагың ток жүрөсүңбү деги? Эмне тамак берет экен быякта?
- Ар кандай, апа.
- Спорт жок бекен? Эмне булчуңдарың шалбырайт.
Саламат баласын каруудан кармап өзүнө тартты.
- Быякта Дзюдонун үч түрүн сабак катары өтөбүз.
- Анда эмне булчуңуң жок?
-Койсоңчу, Саламат. Булчуңду коюп, башканы сурасаң! Ден соолугуң кандай балам? Эч жериң оорубайбы? Арууң кармаган жокпу деги?
- Эч жерим оорубайт, апа. Таштан байкем келген жокпу?
- Ал байкең деген доктор наук болом деп жанын сабап жүрөт. Америкага
командировкага кеткен. Жылдыз жеңең эки бала төрөп берген. Жакшы, аман-эсен турушат. И баса, мынакей сүрөттөрү.
Айзада чемоданынан бир топ сүрөт алып, уулуна берди.
- Сүрөттү анан биз кеткенде көр. Окуун эмне деген окуу, ошону айтып берчи андан көрө! - Атасы уулун стулга тартып отургузду.
- Чын эле эмне деген окуудасың каралдым? Таштан байкең ар кайсынын эле башын айтат, — деди апасы кошулуп.
Адилет апасын бир карап, атасын бир карап кыйналып турду:
- Толук айта албайм. Биздин окуу негизинен адилеттиктин окуусу.
- Догдурдун окуусу дебедиң беле үйдөн кетип атканда!
Саламат кызалаңдай түштү.
- Жашыруун жагы бар го окууңдун, ээ уулум? - деди Айзада абалды жумшартайын деп.
- Жашыруун жагы бар. Бирок, азыр өзүм да билбейм, апа. Жакында сынактан өтөм. Андан кийин көзүмдү ачышат....
- Көзүң эмне жабыкпы? Ачык эле турбайбы?!
- Акырын сүйлөчү, Саламат.
- Жо анан... Үйдөн эле сельхозду окуса болмок! Өзү ит-куштарга жакын эмес беле. Тилин билчү. Азыр ветврачтын баары акчаны тимеле шыпырып атат. Бир эле уколу алты жүз сом азыр! Часный мал доктур азыр тимеле чайпалат басалбай.
- Көзүңдү ачканы эмнеси, уулум. Аны бизге айтсаң болобу, же болбойбу?
- Азыр өзүм да билбейм, апа. Айтпай эле коёюнчу.
- Жо сен эмне деген сабактарды окудуң деги? Ошону айтчы!
- Астрономия, физика, метафизика, математика, астрология, медицина, философия, өтө көп предметтер...
Саламат уулуна эмне деп айтаарын билбей такалып турду. Анан ал оозун
камдап сүйлөгүчө Адилет озунуп.
- Жок, андай эмес ата. Бизде факультет деген болбойт. Бизде «багыт» деген болот.
Саламат уулун карап таңыркап калды:
- А сен кайдан билдиң менин эмне сураарымды?
- Окуп үйрөнүп атам. Физиогономия деген сабак бар. Адамдын ойлогон ою жүзүнөн окулуп турат.
Саламат уулун жийиркенгенсип карады:
- Дагы эмне деген өнөр үйрөндүң?
- Агни-йога багыты негизги багытым болот. Азыр медитация менен салмагымды он килого дейре төмөндөтө алам. Учууга жакындап калдым.
- Кой, балам! – деди Айзада чочуп. - Кел отурчу, мобул тамактардан жечи.
Үйдүн тамагын сагындың го. Келегой. Салмагынды эмнеге жоготосун кокуй. Ден соолугуна зыян болбойбу.
Адилет каттама май токочтон үзүп оозуна салды.
- Жанагы Таштан деген дөөдүрөк чаргытып ар нерсени айтканда эле түшүнгөм, мунун окуусу окуу эмес экенин. Беш жыл болду, жыл сайын акча салам. Кана майнабы? Кана?!
- Эми азыр окуусун бүтө элек да, э кудай! Жөн эле демите бересиңби?