Казат Акматов: Архат
Онунчу бөлүм
- Менин билишимче, - деди Мани Ясо сөздү булардын кебетесинен башкага бургусу келип, силердин «Сириус үчтү» биздин Жердин астрономдору таба элек. Таба албай жатышат окшойт.
- Эмне десем. Сизди таарынтып албасмын, эгер чындыкты айтсам. Лурган-ла Мани Ясого онтойсуз жылмайып, андан «айта бериңиз» деген ишаратты күтүп турду.
-Айта бериңиз, - деди Мани Ясо, бизде кандай таарыныч болушу мүмкүн?
- Анда эмесе мындай. Силердин астрономия өтө эле жаш. Биздин Сириус галактикасын быякка коюңуз, өзүңөрдүн күн системаңардын айланышын 1927- жылы араң ал эми анын спиралдык формасын 1950-жылы араң ачтыңар. Рас, Сириустун өзүн жана «Сириус экини» 1862-жылы эле ачкансыңар. Ал эми «Сириус үчтү» силеридин телескоптор ушуга дейре көрө албайт. А биз болсо өзүбүздүн Мекенди мынабул көзүбүз менен эле көрүп алабыз. Он жылда бир көрүнөт биздин мекенибиз. Ошон үчүн бул майрам биз үчүн өтө зор окуя. Башка майрам жок. 8,6 жарык жыл аралыктагы Эне мекенибизди ушул жерден туруп көргөндө үч күн, үч түн эсучубузду билбей ыйлайбыз. Оңой ишпи?
- Менин да ыйлагым келип кетти, - деди Мани Ясо күлүп.
Анан ал минтип сурады:
- Бизде «Ата мекен» дейбиз, силерди Эненин аты менен чакырабы?
- Кечирип коюңуз. Бизде силер түшүнбөгөн, түшүнгүңөр да келбеген көп нерселер бар. Мисалы бизде силердикиндей бир эркек бир аялды, же болбосо бир аял бир эркекти ээлеп алмай деген жок. Андай менчик бизде качандыр бир алыскы замандарда болгон экен. Бара-бара жоюлган. Бизде баланы эне тууйт, ал эми аны өстүрүш бардык адамдардын милдети.
- Бул жерде деле ошондойсуңарбы?
- Ошондой.
Тетигил ойноп жүргөн балдар үчүн бардыгыбыз бирдей жооп беребиз. Лурган-ла ачык турган эшиктен сыртты көрсөтүп койду.
- Кечиресиз Лурган-ла, сиздерге, же болбосо Африкадагы догондорго Жердеги илимпоздор же башкалар келип турабы?
- Келбегени жакшы эле. Бирок келишет. Силер айткандай өткөн, жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдары Марсель Гриболь, андан кийин Робин-Эванс келип алышып көп жыл арабызда жашаган. Мен анда жүзгө да чыга элек жаш кезим. Марселдин мурдунан, анан көкүрөгүнөн чыгып турган жүндөрдү көргөндө бардыгыбыз жийиркенип, үйлөрүбүздөн качып жүрдүк биртопко. Анан көнө баштадык - биз деле силердей кишибиз да. Силер «адамбыз» дейсиңер. А биз өзүбүздү «адамбыз» деп айта албайбыз. Ал үчүн көп машакаттан өтүш керек. Кишинин баары эле адам боло бербейт бизде. Ошентип Марсельге көнө баштадык. Өтө жупуну жакшы киши болчу. «Мен» деген Эгосу бар эле, бирок Жердин башка адамдарына караганда азыраак болчу. Ошонусу үчүн биз аны урматтадык. Өзүбүздүн тарыхыбызды, жомокторубузду, ырларыбызды бүтүндөй айтып бердик ага. Бардыгын кагазга жазып алды. Акыры биз аны «Сириус кишиси» деген өзүбүздүн тизмеге киргиздик. Ал ошону суранган болчу. Биз менен кошо Сириуска кетмек болгон. Кийин уксак тез эле өлүп калыптыр. Көрсө силерде жашоо өтө эле кыска турбайбы. Араң дегенде жетимишке чыгып өлүптүр байкуш француз Марсел Гриболь. Бирок бизден кетип Африкадагы догондорго барган экен ал. Ошолордон кеткенден кийин өлүптур.
Марселдин биз жөнүндө көп макалалары чыккандан кийин абдан жаман авалда калдык. Эң көп адамдар келе баштады. Баардыгы тең Марсел жазып кеткендерди эле кайталап сурай беришти. Өзгөчө «Ак ниет аталар» деген католиктердин боордошчулугунан көп келишти. Көрсө алар да өзүлөрүн асмандан түшкөн ыйык кишилер катары көрүшөт тура. Эмнеси болсо да бизди ары деп, бери деп өтө талаш пикирлерди көп жазышты. Ушул убака дейре басылышпайт. Кай бирлери бизди: «Жапайы, билимсиз, караңгы, булардын Сириус жөнүндөгү жомоктору барып турган сандырак» деп да жазышты. Ошенткендердин бирөө немецилимпозу Дитер Герман деген киши. Андай болсо бизден келип сурабайбы -бүгүнкү күндөгү Жер астрономдору ача элек космосттук мааламаттарды силер, дропалар менен догондор кайдан алгансыңар деп. Антпейт! Лурган-ла улам сүйлөгөн сайын айткандарына далил катары англис, немис, хинди, орус тилиндеги газеталардын, илимий журналдардын кесиндилерин Мани Ясонун алдына таштап коюп жатты.