Казат Акматов: Архат

Онунчу бөлүм

Казат Акматов: Архат

- Ал өзү өтө узак жол, ыйык Миларепам! Мага азыр, мына бүгүн токтоосуз жыйынтык берчү кара сыйкыр керек! Мен Тибет душмандарын тез арада жок кылышым керек. Лама Додай, эмне, башка усул бербедиби? Ушул бир эле жолго салдыбы сизди?! Дагы сураган жоксуңарбы?

- Ушул гана жол. Өзү бийик урматтаган Далай-ламанын нааразы болуп чебеленгенине таңыркаган Мани Ясо аны бир аз тиктеп турду эле, өкүмдөр тайсалдай түштү

- Лама Бусмен тапшырманы толук аткара алган эмес турбайбы. Кайнатасы деп мен аны атайын жиберсем, кара! Анын да мага ичи таза эмес болушу мүмкүн. Сиз байкаган жоксузбу, ыйык Миларепам?

- Менин андай максатым жок эле, урматтуу таксыр.

 - Байкап бериңиз. Анын дегеле кабагы ачылбайт. Шек алып жүрөм. Ал дагы балким Лама Тойбанын таасирине кирип жүргөндүр.

- Лама Бусмен сиз таккан милдетти аткарыш үчүн абдан аракет кылды.

- Алар баары тең ошондой. Сыртынан аракет кылымыш болушат. А ичи кандай экен? Ошону билип бериңиз. Мани Ясо унчуккан жок, башын да көтөргөн жок. Балким ошого кооптондубу, айтор Далай-лама бат эле кайра жумшара түшкөндөй.

- Менин ачууланып атканымды ыйык Миларепа туура түшүнөт деп ойлойм. Аракетимдин баары элибиздин, жерибиздин кызыкчылыгы эмей эмине? Анда эмесе, касиеттүү Миларепа сиздин сөзүңүз. Качан, кай жерден Лама Тойба менен жолугушасыз. Менин адамдарым бардыгын уюштуруп беришет.

 - Сиз кандай айтсаңыз, урматтуу таксыр.

- Колдон келишинче эрте эле болгону жакшы.

- Мен даярмын. Мага негизинен үч шарт керек. Күндүн нуру кайтып, батаар кезде, бетону жок жыгач, же кирпич имаратта, котормочу аркалуу жолуксак болот.

- Эң эле жакшы. Бир гана суроом сиз ал мырзанын «Мен» ин күчөткөндөн кийин кандай иштерди жасашы мүмкүн? Ошого акылым жетпей турат. Ал ансыз деле бой көтөргөн, өзүн ашкере акылдуумун деген неме. Сүйлөшүп көрсөңүз бул дүйнөдө андан мыкты, андан ишкер дегеле адам жок. Ошондой немени ого бетер ээликтирип, иштин баарын таза ойрондоп албайбызбы. Бул бир, экинчиден, Сиздин сыйкырдын натыйжасын качан күтүүгө болот? Эгер кечигип атса тездетүүгө болобу? Анткени Лама Тойба жалгыз эмес, башка да кишилер бар. Кишилер деге ним чыккынчылар!

Мани Ясо дагы бир жолу Далай-ламаны таңыркагансып карады. «Дагы канча кишиңиз бар?» деген көз караш эле. Бирок, азыр ал оюн айткан жок. Далай-ламанын суроосуна жооп берди.

- Кара сыйкырчы Додайдын мантрасы боюнча «Мени» күч алган мырза тез арада эле салабаттуу, өзгөлөрдү урматтаган адам болуудан калат. Андан кийин ар бир пенде ар башка жүрүш-туруш жасашы мүмкүн. Кээ бирөөлөр кылмыш ишине барып, дароо күч органдарынын колуна түшөт. А кээ бирлери андан да аяныч туу тагдырга туш болушат. Бирок бири эрте, бири кеч дегендей. А азыр болсо мага англис тилинен бир котормочу берсеңиз, бир-эки күн аны менен көнүгүү жаса шым керек, улуу урматтуу таксыр....

 

***

 

Болжошкон күнү кеч бешимде Мани Ясо менен Лама Тойбанын жолугушуусу Лхасанын борборундагы «Дүнүйө» аттуу жаңы салынган европалык ресторандын кичи залында өтүп жатты. Шыпылдаган узун шыйрак эки кыз улам тынбай келип-кетип атканчакты котормочу жаш жигит эки тарапты тең суу ичүүгө, сок ичүүгө чакырып атты.

 - Урматтуу Лама Тойба, сизди ишкердик жолугушууга чакырган камбоджалык соода фирмасынын өкүлү мырза Го Моу келгениңиз үчүн ыраазылык билдирет. Мүмкүн болсо сизди мырза Го Моуга толугураак тааныштыра кетейин. Ошентти да котормочу жигит Лама Тойбанын ата-тегин айтып келип аны астейдил мактай баштады.

Англис тилин сүйлөй албаган менен жакшы түшүнгөн Лама Тойба саал онтойсузданды, бирок өзү жөнүндөгү мактоолорду токтотууга азырынча киришпей отурду эле, дал ошол кезде Мани Ясо анын дем алуу ыргагына кошула кетип телепаттык жол менен ички дүйнөсүнө аралашты. Дагы бир аздан кийин котормочунун: «Лама Тойба учурдагы Тибет тарыхына зор таасирин тийгизе турган улуттук лидер» деген сөздөрүнөн улам тигинин ой тутумунда чындап эле «Мен» деген өтө сыймыктануу сезими пайда болду.

 Мани Ясо жылмайып отурган Лама Тойбанын дал ошол сезимин кармап алып үстүккө-босток жагымдуу чабуул жасай берди. Сөз арасында ал өзү дагы «Сиздей адам менен баарлашып отурганыма сыймыктанам» маанисиндеги күчөткүчтөрдүн агытып отуруп акыры Лама Тойбанын өзүнө болгон ишенимин толук ачууга жетишти.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.