Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

- Анда кеттикпи?

- Кеттик. Автобекетке баралы. Такси жалдайлы.

- Оболу базардан жылуу кийим албайлыбы?

- Адегенде такси кармаганыбыз оң го. Ошону менен анан калган иштерди бүтүрөбүз. Экөө сүйлөшүп алышып чыга жөнөштү. Дей алдыда болчу. Ресторандын бир жерине кире калып тамактанып алмай да болушкан. Бирок Дей шыпылдап сыртка чыгып баратып эле башка чапкандай кайра качты. Эшигин да жаап алганга чамасы жеткен жок. Оозуна да лам деп сөз келбейт. Көрсө сыртта, булардын эшигин аңдып, ондой куралчан полицайлар турган экен. Тапанчаларын комдоп, түнү бою уктабаган көздөрү чычаладай кыпкызыл.

-Тибетти коргоо комитетинин буйругу менен сиз кармалдыңыз, мырза Мани Ясо! Колдорун артына кайрып кишен салып аткан кезде Мани Ясо, бурчка тыгылып калчылдаган Дейге:

- Ушул мейманканада болуңуз, – деп бир ооз айтканга араң үлгүрдү Туткунду адегенде Коргоо комитетинин атайын бөлмөсүнө алпарып камашты эле, көп өтпөй Поталага, Ордосарайга жеткирилсин деген буйрук келди. Полицайлар шашкалактап, дабдаарышып, бул «өзгөчө» туткунду качырып жибербейли деген таризде жабалактап курчап алышкан. Качан гана туткунду Ордосарайдын сакчыларына өткөрүп бергенден кийин алардын санаасы тынды окшойт.

Мани Ясонун колунан кишенин чыгарып туруп, шыдыр эле Далай-ламанын өзүнө алпарышты:

- Сизден мен эч убакта мындайды күткөн эмесмин! - деди Далай-лама алдына келген жигитке башын көтөрбөстөн.

- Тартипсиздик, өзүм билемдик, кенебестик, өзгөнү коюңуз Далай-ламанын өзүн кенебестик бул - өзүнүн акыл эсине ээ боло албай калган кишинин кылаар жоругу!

 Мани Ясо унчукпай туруп алгандыктан Далай-лама аны жаман көзү менен бир атып алды да, кайрадан жемелеп кирди.

 - Бир жумадан ашык жок болдунуз. Кайда жүрдүңүз?! Бул жердин кызматкери катары жооп беришиңиз керек! Менин маалыматым бар. Сиз камакка алынган генералдарга барып жолугупсуз! Ушул жерден Мани Ясо бир нерсе айтчудай болду эле, бирок кайра айнып калды.

- Жолукканыңыз чынбы?! Мани Ясо жооп айтууга мажбур болду:

- Жолуктум. Бирок андан пайда болгон жок. Аларды куткарыш мүмкүн болбой жатат, таксыр.

- Эмнеден куткарыш керек экен? Аларды эмес, тескерисинче алардан элди куткарыш керек. Сиз андан көрө ошону ойлонуз!

- Алардын «эгосун» кайра түздөш керек. Антпесек өздөрүнө да, башкаларга да зыян.

- Баягы эле эски жомогуңузду кайра айтып турасызбы?! Алар сизсиз эле акылынан адашып, мамлекеттик төңкөрүшкө көптөн бери даярданып жүрүшкөн. Мына эми жазаларын алышсын!

- Мен алардын мээрин көрдүм. Экөө тең сезиминен жабыркаган. Экөө тең оорулуу. Тез жардам бериш керек, урматтуу таксыр.

-Өздөрү айыгат. Он беш жылдан түрмөгө отуруп чыга калышсынчы - топоздон соо боло келишет.

-Он беш жыл жашай алышпайт алар, таксыр.

- Кеп анда эмес, урматтуу Лама Ясо! Кеп сиз жөнүндө. Мени өтө көп капа кылып атасыз.

- Мага айттыңыз эле: «Лама Цу сүкүттө отурат» деп. Көрсө андай эмес турбайбы, урматтуу өкүмдар?

 - Мени калпычы кылбаңыз! Акыңыз жок! Мен мамлекеттик расмий маалыматты гана айтууга милдеттүүмүн!

- Демек, мамлекеттик расмий маалымат туура эмес. Далай-ламанын өңү бозоро түшүп анан кызарып отуруп калды. Дал ошол тушта ага чет өлкөдөн телефон урулуп атканы айтылды эле, Мани Ясону «чыга тур» деп белги берди да, нары карап алып сүйлөшүүгө кирди.

Мани Ясонун ичи уйгу-туйгу. Коридордо аркы-терки басып жүрдү. Өзү жаткан бөлмөгө да баргысы келбейт. Далай-лама менен да сөздү уланткысы жок. Улантуунун кажети калбай калгандай. Анткени экөө тең таптакыр эле эки башка тилде сүйлөп, бирин-бири түшүнгүсү жок.

Ал үчүн Далай-лама кечээ эле кол жеткис бийик аброй, өкүмдардын-өкүмдары, адамдын-адамы эмес беле. Ошол киши Мани Ясону пайдаланып бирөөгө залал кылат деп кайдан ойлоп коюптур. Анын эки оозунун бири - тибет эли, тибет жери болуп атса ким эмнени шек алат, ким сөзүн укпай коёт анын?

Мани Ясо ошентсе да аягына дейре даана түшүнбөй атат -Далай-лама деги өзү ким? Балким Ясо жаңылышып атабы? Акыркы жумадагы жүрүш-турушу менен балким ал чындап эле өкүмдарды ашкере капа кылып жүрбөсүн? Эстеп көрсө, сөз чынынан бузулбайт, Далай-ламаны бир да жолу эсине алып койбой, тигил ооруга тушуккан адамдарды куткарам деп чуркай бериптир. Рас, Лама Дондупту куткарып калганга үлгүрдү. Ал түгүл, ал устаты өзүнүн ишине кайра орношуп жакшы болду. Калган үч адамдын тагдыры али белгисиз. Бирок ушунун баарын өкүмдары менен бир ооз кеңешпей жасабадыбы. Ал чындык! Ошондон улам экөөнүн мамилеси моминтип эки ажырым болуп отурат.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.