Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

 

***

 

 Эртеси эртең менен Ордосарайдын үстүнкү кабатындагы көнүмүш окуя кайрадан кайталанды. Мурда да бир жолу дал ушундай болгон. Мани Ясонун бөлмөсүнүн алдында түнү менен отурган сакчылар таңкы жетиде эле сааттарын карап тынчы кете башташат. Анткени бөлмөдөгү жигиттин ишке чыгар маалы келди, бирок ичкериде кыбыр эткен дабыш жок. Каалганын түбүнөн нары өтүп тыңшашат, бери өтүп тыңшашат - дымбырдым.

- Ачкыла эшикти! – деди сакчылардын башчысы шашылыш буйрук берип, Ошондо каалганы түртүшсө ачык эле экен. Өткөндө Мани Ясо эшиктен эле чыгып кеткен. Бу сапар болсо терезе ачык. Поталанын сегизинчи кабатынан киши кандайча сыртка чыгып кетиши мүмкүн? Үстүндө дагы үч кабат. Мына ушул табышмак!

Бүгүн да сакчылар жүткүнүп келишип ылдый, төмөндү карап айраңтаң болушту.

Мунун себеби жаш муундарда эле. Тибет жаштары левитация өнөрүн үйрөнбөй калышкан. Үйрөнмөк түгүл табигатта мындай касиет бар экенин эстебей, окубай, унутуп да баратышат. Анткени жүз жылдап андай касиетке ээ болгон бир дагы тирүү жанды эчким өз көзү менен көргөн эмес, балким укканы гана болбосо, Ал эми ыйык Миларепанын мезгилинен бери дээрлик миң жыл өттү. Анын реинкарнациясы болсо мына минтип эми гана, ХХІ кылымда кайра жаралып отурбайбы. Албетте, адамдар үчүн миң жыл деген миң жыл, мынчалык мезгилде, керек болсо баардыгы текши, тыптыйпыл эскирет, унутулат. Ал эми тирүүлүктүн улам бир доорун жаратып турган чексиз, түпсүз, мезгилсиз, түбөлүк Аалам үчүн миң жыл деген бир ирмем. Бул бир ирмемде эмнелер гана өтпөйт, эмнелер жаралып, өсүп, өнүп, кайрадан ыңжыңсыз чирип жок болбойт? Дал ошол сыңары алгач жаралган кишилерде болгон кадимки эле үчүнчү көз да, ал көздүн ачыктыгы да, сыйкырлар, кусурлар, каргыш, көз тийүү, кара жолтойлук, ак жолтойлук, арбап салуу, түйнөк түйүү сыяктуу касиеттердин баардыгы соолуп, жанып кеткен. Ошолордун эң улугу экөө эле. Биринчиси - кайыптык же болбосо чексиз мейкиндикте эркин учуу өнөрү. Экинчиси - сыйкыр же болбосо дуба. Булар да жок болду, унутулду, жомоктордо гана кыял, тилек катары жашап калды.

 Мындай болуп калыштын да себеби айкын. Анткени өзүн табийгаттан жогору, жаңылыш коюп алган адамбаласы улам барган сайын күндөлүк көроокатын тыңдап, тажрыйба үйрөнүп, илим билимге жетип, техникага таянып отуруп эң алгачкы, табигат өзү берген тубаса касиеттеринен акырындап ажырап келет. Бул жакшыбы же жаманбы, аны таразалап туура түшүнүү азырынча «Эго»су күч адамдын өзүнүн колунаң келбей турат.

 Ошентсе да бир гана нерсе - ошол эле «Эгоадам» эч убакта эңсөөсүнөн, кыялынан, алдыдагы өлбөс-өчпөс үмүтүнөн айрыла койбос!.

Тибеттин Ордосарайынын төбөсүнөн жерди караган сакчылардын башчысы жанатан бери таңыркап турду эле эми кадимкидей корко баштады. Коркконуна себеп - Далай-лама. Өткөндөгү окуя да ушул сакчынын убагында болгон. Бүгүн да, мынакей! Бу сапар сакчы башчысы кызматынан айдалышы турган иш болуп калды окшойт. Ошонүчүн ал өзү түктөйүп, саруулап баратты.

 - Улуу урматтуу таксыр! - деди ал Далай-ламанын алдына келип үч жолу жүгүнгөн соң мен сиздин ишеничти актай албадым. Айдасаңыз кызматтан кетем, бирок эч нерсе түшүнбөгөн бойдон кетем. Дагы да баягы өткөндөгүдөй окуя болду!

- Эмне окуя?! - Мани Ясо дайынсыз жоголуп кетти.

-Дагыбы?!

- Ошондой, улуу урматтуу Өкүмдар. Өткөндө эшигинен чыгып кетти эле, бу сапар эшигин сагаалап отурсак терезеден чыгып кетиптир. Мен эч айла кыла албадым, улуу урматтуум. Далай-лама сакчыны күнөөлөп, каардуу көздөрү менен жекире карагансыйт, бирок ошол эле көздөрүнөн өзүнүн катуу чочулаганы көрүнүп турду.

- Бүткүл Тибет боюнча издөө салгыла! Тезинен колго түшүрүп мында апкелгиле! - деди ал, үнүн катуу чыгарган менен, өтө эле ишенимсиз.

Андан кийин «Менин кызыма да кылчайып койбоптур го» деди ичинен ызаланып.

 

***

 

Дал ошол күнү Далай-лама кошуна мамлекет, Непалдын өлкө башчысынан өтө жылуу маанидеги факс алган болчу.

«Урматтуу Далай-лама, - деп жазыптыр ал. Биздин өлкөлөрүбүздүн эки тараптуу, нагыз кошуналык ийги аракеттеринин натыйжасында жалпы соодабыздын көлөмү быйыл былтыркыга караганда эки эсе көбөйүптүр. Мен бул көрсөткүчтү өтө кубануу менен эң оболу өзүм кабыл алдым, андан соң дароо сиздин улуу урматыңызга кабарлоого шаштым. Биздин экономикалык, жана башка тармактардагы достук байланыштарыбыз мындан ары да дал ушундай темпте өнүгүп, өөрчүп отурат деп биринчи кезекте өзүм ишенем, жана ошондой эле курсантчылыкта сизди ишендирип кете алам. Сиздин улуу урматыңызга мына ушундай, жаркын келечегибизге байланышкан бир өтүнүч жолдомокмун. Менин ишенимдүү маалыматтарыма караганда сиздин кол астыңызда өткөн замандын ыйык йогу, касиеттүү Миларепанын кайра жаралган азыркы түгөйү, Мани Ясо деген жаш сыйкыр ээси пайда болуптур. Ал жигит аркалуу сиз өтө орчундуу малекеттик маселелерди чечүүгө жетишипсиз. Ошол ийгиликтериңиз менен куттуктайм!

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.