Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Эт жебейсиңерби?
-Эт жеген бизде абдан чоң күнөө. Биздин денеге керектүү заттардын бардыгы ушул старонун курамында бар. Бул биздин дене тамагыбыз.
- Африкадагы догон туугандарыңар менен байланыш барбы? Мани Ясо улам дилгирленип суроо сураган сайын Лама Бусмендин тынчы кете баштады.
-Байланыш мурда бар болчу. Ал турмак мен өзүм ошол жактан келгем. Догонмун. Улам доор өткөн сайын бардыгынан ажырап баратабыз. Догондор Сириустан бизге караганда алда канча мурда түшкөн. Алардын түшкөнүнө 20 миң жылча болуп калды. Биз болсо 1014 жылы түшкөнбүз. Эки учурда тең учуп жүргөн, силерче айтканда космикалык кораблдерибиз кырсыкка учураган. Болбосо силердин жерде сыноо өткөргөн соң кайра эле кетишмек экен, 158 биздин ата бабалар.
Жер планетасынын биоэнергетикасы өтө эле алсыз болгондуктан биз быякта эң оболу ичибизде жанып турган жарык нурдан айрылдык, андан кийин мейкиндикте учуп жүрүү жөндөмүбүздөн айрылдык. Андан кийин....
Лурган тез нары карап кетип кайра бурулду да сөзүн улады:
-Андан кийин Сириустагы бардык сыйкырдуу касиеттерибизден ажырадык да, дал силерге окшоп калдык. Мына, Жер планетасынын кылганы! Албетте, силер менин сөзүмдү туура түшүнөсүңөр деп ойлойм. Бизде, мисалы «Мен» деген өзүмчүл сезим эчкимде жок. Төрөлгөндө эле «Мен» сиз төрөлөбүз. А силерде бул сезим эң биринчи орунда турбайбы. Ошондон улам бардык жамандыктар менен адилетсиздик ар кимиңди биротоло ээрчитип алган.
Мани Ясонун көздөрү жайнап, бүт тулкусу менен Лурган Экинчиге магнит сымал тартылып баратты:
- Мекениңерде силерди унутуп коюшканбы? Эгер алар унутса өзүңөр жол издебейсиңерби ал жака кетишке! – деди жаш жигит жалындап күйүп.
- Биз, айттым го, Жер адамдарына окшоп калдык. Алар болсо күн сайын, саат сайын Жерди айланып учуп жүрүшөт, бирок бизди алып кетише элек. Антсе да биз эч убакта үмүтүбүздү үзбөйбүз.
- Анткен менен алар башкаларды, болгондо да Жер адамдарын силердин Сириуска алып кетип атышпайбы! Буга дейре жигитке анчейин байкоо салбай отурган Лурган жолбашчы Мани Ясону жашыл сүйрү көздөрү менен алайып карап калды. Анан кийин
- Ооба, билебиз, угуп атабыз, алар жердеги ак жеринен өлүмгө кете турган адамдарды Сириуска алып кетип куткарып атышат, - деп оозун кыбыратты. Ошондон баштап дропалардын жолбашчысы Лурган Экинчи Мани Ясодон таптакыр көзүн албай калды.
- Сиз менен бетме-бет, кененирээк сүйлөшүүгө мүмкүн болоор бекен? - деди ал Мани Ясого түздөн-түз.
- Тилекке каршы, - деп ошондо Лама Бусмен чебелектеп капталдан чыга түштү.
-Тилекке каршы бизде азыр андай мүмкүнчүлүк болбойой турат. Биздин өтө зарыл башка ишибиз бар эле. Андан көрө ошого жардам бере аласызбы?
Лурган Экинчи «дайым даярмын» дегендей ишарат кылып ордунан элпек турду. Отура берсеңиз экен, — деди Лама Бусмен шашып. Мен адегенде сизге түшүндүрөйүн.
Силерден жогорку, тэтиги кызыл тоодогу үңкүрдө бир адам сүкүт салып отурат. Монах Додай. Менин байкашымда жеке сиздин өзүңүз менен ал адам жакшы мамиледе болуу керек. Ошон үчүн башка жерди коюп, дал силердин жаныңарга келген да. Ошол монахты бир зарыл ишке көндүрүү керек болуп атат. Сиздин жолбашчылык улуу даражаңыз гана ал монахка таасир этчүдөй. Бизге моюн сунбай жатат. Муну уккандан кийин Лурган Экинчи кызык абалда калды. Кадим жаш балага чоң кишинин суроосун бергендей мукактанып унчуга албайт. Анын ахвалын көрүп туруп Мани Ясо акырын устатына шыбырады:
- Сиз буларга түшүнүксүз өтүнүчтү айтып койдуңуз окшойт, урматтуу Лама. Экинчи кайталабаңыз.
- Анан эмне кылам? Айлам кетип атпайбы!
- Коркпонуз, урматтуу Додай макул болот.
***
Эртеси окуя дал Мани Ясо айткандай болду. Лама Бусмен экөө кайрадан монах Додай отурган үңкүргө келишкен болчу.
- Ом мани падме хум! Ата, сиздин ички туюмдарыңыздын ыраат болушун тилеп келдик, - деди Лама Бусмен баягы эле бир жеңдей тешикке эңкейип.
Ошентип ал оозун жыйып алгыча эле ортосунан ичке чарык менен байланган бир түтүк кагаз тигил тешиктен сыртка ыргып чыкты. Лама Бусмен сүйүнүп кетти да бетине урунган кагазды дароо ала коюп эки жакты карады.