Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Түш көрдүм Далай-лама жөнүндө. Ошону...

- Алып кет! - деп полицай Дейге кайрадан кыйкырды эле Таро Дамема дароо жүрөгүн кармай калып, көзүн аңтарылта чалкасынан кетти. Коляскасынан ооп, жерге башы менен урулаарда Дей кармай калганга үлгүрдү. Уучунда баягы бир тоголок дарысы бар эле. Бирок аны кантип аялдын оозуна салаарды билбейт. Дамеманын жаактары карышып, атүгүл ууртунан көбүк чыга түшкөндөй.

- Баштады баягы долусун, - деди карап турган полицайлардын бири. Ал кезде булардын башчысы кайрадан бөлмөсүнө кирип кеткен болчу. Ошол жактан туруп ал беркилерге мындай деп кыйкырды:

- Бул мастандан кутулбайсың Сүйрөп барып бир далдага отургузгула. Далай Ламаны алыстан көрсө көрсүн, бирок делегациянын бирөө муну көрбөсүн! Алып кеткиле! Канча кылса да Дамеманы жакшы жерге отургузушту. Базардын негизги кире беришинен көп алыс эмес, тактай курчоонун нары жагына, күн тийген жылуу бурчка жайланышкандан кийин гана, Таро Дамема жүрөгүн укалап, үшкүрүп өзүнө келгенсиди.

 - Сен эмне дарыны оозума салбадың? - деди аял полицайлар алыстап кеткенден кийин Дейге. Дары болсо баягы бойдон эле Дейдин алаканында болчу.

- Кандай салаарымды билбей койдум, – деди ал уучун Дамемага көрсөтүп.

- Моментип эле жаагымды карыштыра кармагын да, оозума салып ий, анан ары карай өзү эле кетет, - деп Дамема өзүн жаактан кармап Дейге үйрөттү эле, жигит мышмыйып күлүп тим турду.

- Антпесең чындап эле жүрөгүм токтоп калсачы? Мен бул ооруну өзүм жасайм го, бирок жүрөгүмдү кайра соктура албай калсам силердин күнүңөр эмне болот? Мен ошону ойлоп корком. Дей үрпөйүп чочуп калды. Чын эле бул апа мертинип кетсе тетигинче кайырчынын күнү эмне болот? Полицайлар ар-бирин бирден сүйрөп эмеле жок кылбайбы. Дейдин ушинтип ойлоно түшкөнүн көрүп Дамема ичинен ыраазы болгонсуду.

Таңертенден баштап базардын булуң-бурчун бүт калтырбай жууп-тазалашып, соодагерлердин үстү-башын оңдоп-түзөп, даярдык аябай көрүлдү окшойт. А саат ондор чамысында айланага полицайлар толуп кетти. Баардыгы тең тапанчалуу, чыкчырыла кийинген. Ондон-бештен болушуп ар ким өз-өз ордун ээлеп, а негизи кире бериште болсо эки жең болуп тизиле башташты. Таро Дамема отурган бурч да эми тизилген полицайлардын аркасында калды. Эки тактайдын ортосундагы жылчыктан Дамема баарын көрүп отурат эле эми болсо күрөң формачандардын белкөчүгүн гана карап отуруп калды. Бою узун Дейдин болсо жөнү башка...

Аңгычакты полицайлар каптал-капталга жыйыла баштаган элди артка сүрүп, ортодогу өтмөктү кеңейте башташты. Кыязы келчүлөр жакындап калгандай.

 Дал ошондой экен. Дагы бир топтон кийин ортодогу аянтчанын кире беришинде Далай-Лама баш болгон жоонтоп расмий кийимчен адамдар пайда болду. Баардыгы тең жайдары жылмайышып, капталдагы адамдар менен баш ийкеп учурашышып, эч токтолбостон базардын оозун көздөй жакындап келатышты. Ошол жылмая-күлгөндөрдүн ичинде бир күлбөй түз басып, Далай-Ламанын артында келаткан акжуумал, узун бойлуу жаш жигит бар эле. Дейдин көзү эмнегедир ошого биринчи урунду да капыстан жүрөгү туйлап кетти.

Мани Ясо! Ошолбу, ошол эмеспи? Ошол! Мани Ясо! Ойээ, керилген кандай жигит болгон! Өң десен өң бой десен бой. Тике жакалуу саргыч кител-шымы тулкуна куюп койгондой. Дайыма монах чапанчан жүргөн Мани Ясонун мына мындай кийингенин Дей биринчи көрүп турат. Потала ордосарайына адеп келгенде мойну чилдей болгон өспүрүм эле, эми кара! Тимеле адамдын сугу түшкүдөй жигит болуптур! Чачынын капкара тармалы күнгө чагылышып жалтылдайт.

Далай-Лама эки мерте артына кылчая, Мани Ясого бирдемелерди шыбырай салып атты. Бери жакты караса Дейди көрөөр беле? Көрсө тааныр бекен? Кантип тааныбасын. Биртууган агасындай эмес беле. Канча жыл коюн-колтук алышып жашашты? Экөө тимеле жатындаштай, Лама Цу болсо кадим атасындай болчу экөөнүн. Турмуш дегендин караниеттигин кара, мына минтип көз ачып жумганча үчөө үч жерде калды: Бири көрдө...

Делегация жылып отуруп мына-мына базардын ичине кирип баратат. Шаштысы кеткен Дей ошондо Лама Цунун каттарын эстей калды: «Мани Ясо!», – деди анын сезимдери бирбашкача үнсүз чаңырып, Мани Ясо! Лама Цунун сага жазган каттары бар! Ала кет ошол каттарды, Мани Ясо! Ала кет дейм! Лама Цу атаң бу дүйнөдөн кетип калган!»

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.