Төлөгөн Касымбеков: Сынган кылыч

биринчи бөлүм

Төлөгөн Касымбеков: Сынган кылыч

Генерал Черняев дүрбүнү көзүнөн алды. Бир пас жөн тиктеп, жерди көзү менен чендеп алды да, буйгада бугуп турушкан атчан козак жүздөрүн эки канаттан тең ок менен алга жыла берүүгө буйрук кылды. Анын ою байкоо, эгер көптүккө салып жапырып киришсе, аткылоо менен дароо артка чегинип, аларды замбиректердин огуна капталтуу, кайра чабуулга өтүү, а даай алышпаса, кууп атып, улам жаңы өңүттөрдү колго ала берүү. Генерал чоң дүрбүнү кайра көзүнө алды. Кызыл кийинген сарбаздар далдакташып, шашып жүрүшкөн болуу керек, кытайча деп аталган кичинекей жез замбиректерин дөңдөргө орнотуп жатышат. Алардан бери, ар жерде үйрүлүп токтой калып турган сыпайлардын үстү жагында милтелүү мылтыктарынан улам түтүндү бурк эттире мергендери бат-бат ок чыгарууда. Кай жакты мелжеп жатышты экен? Генерал байкай албады. Өзүнүн алдыдагы аткычтар ротасынын желеленген катарын сыдырып тиктеди. Жыгылганы же катардан аксап калып калганы көзүнө чалынган жок. Андан соң чоң дүрбү кокон кошунун так ортосун генералдын алдына тартты.

Боз чаптуу дөң... Бир топ атчан... Акырын сол канат жакка бастырып баратышат... Генерал алдыңкы акбоз атчанды көп имерип тиктеди...

– Алымкул... даңазалуу аскербашысы... Ошол өзү...– деди, аксаргыч жүзү, көгүлтүр тунук көзү жайнап. – Гм... Өзү келген экен алдыңкы өңүткө...

Акбоз аргымакчан аскербашы өз тегерегиндеги тандалган сыпайларды октон четтеп аздап кетенчиктей берүүгө буйрук кылды да, өзү бир топ удайчы менен генерал Черняевдин алдыңкы күчтөрүнүн жолунда калды. Эми ок чырылдап келип, жакын түшө баштады. Акырын селтилдеп кошкуруп, кулактарын тикчийтип, тиги улам жакындап келаткан чочун каңыртты тиктеп, ооздугун шылдырт чайнап акбоз аргымак тыбырады.

Эмне үчүн? Аскербашы кылычын булгалап, тизгинди жыя тутуп теминип, акбоз аргымакты ансайын элиртип, кыйкырып ураан таштап карашалай берди. Ал душманынын көңүлүн өзүнө тартты. Кармашууга чындап киргендей түр көрсөтүп, кытайчаларынан тындырбай ок чыгарта баштады. Бирок, ал кытайчаларын бирдемеге жарайт деп үмүт кылган жок, кытайчалар орус замбиректерине караганда көсөө эле, антсе да, сарбаздар кутургандай дүңкүлдөтүштү, мелжеген жерге жетпей октору ара жолдо чаңга аралаша тоголонуп калып жатты. А аскербашы дагы эле ат ойнотуп дөңдө. Ошол учурда ага жакын турган нөкөрдүн аты чыңырып кош аяктап тура калды да, оңколоп жыгылып түштү. Ээсин баса жыгылды. Тургандардын үрөйү учту. Аскербашы гана өлүм издеген сыяктуу, өжөрлөнүп ат ойнотуп, шаңданып көзгө түшө берди...

Генерал Черняев баарын көрүп турду. Ага аскербашы желөпкө жигиттей жеңил сезилди. Ал дүрбүнү көзүнөн алып мыйыгынан күлдү:

– Мына, Күнчыгышта октун алдында жалаңач чапмай али бар. Ок баатырды аяйбы! Бул башы менен бу аскербашыбыз бөөдө өлүп алат...

– Бул, менин билишимче, кыргыз кыпчактын жедигер уругунан чыккан киши, – деп эске салды генералга жакын турган аскерче кийинген ориенталист, кокон калкынын эң тынчы жок согушчан катмарынын башкы жолбашчысы, көсөмү. Бу адам өз ара кармашуудан быркыранып бузулуп калган уруулардын союзун кийинки үч жылдын ичинде өзүнүн акылы менен, айлакерлиги менен, албетте мүмкүндүгүнүн болушунча, кайра бириктирди. Согушка жарамдуулугун бир кыйла көтөрдү.

Генерал жактырбады. Ал беталдын тиктеп турган калыбында, өзүнчө күңкүлдөп койду:

– Баары бир кеч болуп калды. Эми кандай гана тыбырабасын натыйжасы куру бакыруу, куру жулунуу, окко жылаңач төшүн тосуп чабуу...

– А го белгилүү иш.

Генерал камырабай жерге түкүрүп, аппак жүзарчу менен эриндерин сүрткөн болду да, каралжын саргыл мурутун сылап туруп, тиги акбоз аттуу топту бир орудие менен аткылоого буйрук кылды.

– Кана, баатырлыгын көрөлү...

Ал дүрбүнү кайра көзүнө кармады. Ушул кароодо орудиесинин кубаттуу ядрасы дөбөнү ак чаңга бөлөп, кандай кымкуут түшүрөрүн, акбоз аргымак кызуу кандуу ээсин көтөрүп кандай ызылдап качып баратканын тамаша кылып тургусу келди.

Жок... Акбоз аргымак дөңдө жок! Генерал Черняев көзүн парлап алып кайра кадала тиктеди. Ар жерде көк жантак сербейип... аттын өлүгү жалгыз карарып жатат... Ошол учурда оң жактан да, сол жактан да, көп кошун жайнап чыкты.

13.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.