Узакбай Абдукаимов: Майдан

Биринчи бөлүм

Узакбай Абдукаимов: Майдан

БИРИНЧИ КИТЕП

БИРИНЧИ БӨЛҮМ 

- Садага болоюн, садага болоюн...

Боз үйдүн сол капшытында калың салынган төшөктө жууркан, анын үстүнөн ичик жамынып, уктап жаткан кызынын үстүнө эңкейип, энеси Канышайым жалынып турду. Кызы Бермет балача бышылдап, жайбаракат уктап жаткан. Чала ачылган түндүктөн кызга күндүн шооласы тийип, кыздын купкуу бетин кызыл жүгүртүп турду. Капшыттан болор-болбос ышкырык менен дырылдап соккон жел кыздын саамай чачтарын уйпалап, бирде сол жаагына, бирде көздөрүнө түшүрүп, кайта оңдоп коёт. Түн бою күн күркүрөп, кара нөшөр жамгыр жаады. Түн бою кыздын эти ысып, чабалактап, онтолоп чыкты. Таңга маал гана тынч алып, эми тырп этпей уктап жатат.

Бермет Фрунзеде институтта окуп жүргөн кыз, жакында шаарда кагын болуп ооруп, он беш күнчө ооруканада жатты. Өзү жакшы окугандыктан экзамен-зачётторун эрте тапшырып, үйүнө кеткен болучу. Ата-энеси кызыбыз ууз кымыз ичип, муунданып алсын деп, жайлоого алып келишкен. Эми ошол оорусу кайта кармадыбы деп, ата-энесинин эси чыгып үрпөйүп, тынчы кетип турган кези.

- Садага болоюн, садага болоюн... - деп, ичи эзилип турган энеси оозун кыбырата берди. Энесинин тиктеп турганынанбы, же уйкусунун канганынанбы, ошол замат Бермет чукуранып толгонду да, акырын көзүн ачты.

- Сакайып калыпсыңбы, садага болоюн? - деди энеси жанына отура калып, кызынын маңдайын кармап. Этинин ысыгы кайтып, бирок алы кетип шалдырап турган кызы муңайым жылмайып:

- Апа, курсагым ачты, - деди.

- Курсагыңдан садага болоюн, ичтейиң ачылып, айыгып калган турбайсыңбы, - деди энеси жетиналбай кубанып, - жаман коркутпадыңбы. Атаң Сулаймандыкына козуга кетти, биздин кой алыс эмеспи, жаш шорпо ичирем дейт. Эми турагой, эшикке чыгып сергип, жуунуп кел. Күн сонун тийип турат. Мен чай кайнатып жиберейин. Сени уктасын деп, от жаккан эмесмин... дей берди энеси, оозу тынбай.

Күн көтөрүлүп калган эле. Бермет тышка чыкты.

Жылкычылардын ар кайсы жерге тигилген отор үйлөрүнүн түндүгү алда качан ачылып, алда качан жылкы келип, желеде ийрилип турган экен; аялдар чапандын сыртынан ал жапкыч байланып, бээ саап жүрүшөт. Бээ саадырып жүргөн эркектердин, аялдардын үнү, кулундардын кишинегени, карды салаңдаган бээлердин окуранганы, эртең мененки таза, туптунук абада алда кайда угулуп, ызы-чуу болуп турат. Шүүдүрүм кургай элек көпкөк шибер күнгө жаркырап, баланын көз жашындай мөлтүрөйт. Алыстагы ак кар жамынган тоолор көк закым тартып, ак буладай түрмөктөшкөн булуттар капчыгай, коолордун боору менен жогору өрдөп, тоонун чокуларын көздөй акырын жылып баратат.

Көк шиберди жапырып, көк шибер менен шыбырашып шаркырап, тоонун көк кашка мупмуздак суусу үйдүн так жанынан агып жатат.

Өтүк, көлөшчөн Бермет энесинин ичигин жамынып турса да муздак суудан ичиркенип, бир топко даай албай башы тегеренет. Колун сууга салар менен бир силкинип алды да, анан какшаган колдорун тез-тез ышкып, ичиркенип, жатып бетин жууду.

- Э кызым, туруп алдыңбы?- деп, капыстан атасынын үнү чыкты.

Бетин сүлгү менен арчып жаткан Бермет жалт карап, козу өнөргөн атасы Чотурду, атасы менен жанаша бастырып келат кан аскер жигитти көрүп, эмне үчүндүр селт этип кетти. Адегенде тааныбаган, бирок өңү жылуу учураган бу жигит жакындап бастырып келди да, аттан ыргып түшүп, буудай ыраң жүзү кулагына чейин кызарып уялып, калың эриндери жайылып, Берметтин муздак колдорун кош колдоп кармап, амандашты. Капкара тегерек көздөрүнөн от чагылып турган бу жигит эмне айтып, эмне кыларын билбей, шашып калды.

 - Жакшы жүрөсүңбү... оору деп угуп, учурашайын деп келдим...- деди, суулугун чайнап, тыбырчылап турган аттын жылоосун кыска кармап.

Козуну түшүрүп, атын байлап жаткан атасын тиктеп койду да, Бермет эмнегедир бир ирмемдин ичинде жигиттин башынан аягына чейин көз жүгүртүп чыкты. Жигиттин кийгени бүт жаңы эле: жаркырата тазаланган жез топчулугу, кызыл жакасына катар тигилген эки кубиги бар боз шинель, хром өтүк, кызыл кыйыктуу жылдыз таккан фуражка, шинелдин үстүнөн белин кындыйтып курчанган тогоолуу кайыш кемер, ийнинен арта тагынган портупея. Жигит ансайын колун кайда катарын билбей, бош колу менен портупеясын кармалап, шаштысы кетти. Эриндери дирилдеп Бермет башкача апкаарый түштү.

13.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.