ГӨР УУЛУ
Элдик оозеки чыгармачылык
Гөр уулу Султан гөрдө жаткан
Гөр азабын тирик тарткан
Түркмөн элинде Ахмет сардар деген кадырлуу улук кишинин карындашы дүйнөдөн кайтат, ал кош бойлуу болгон. Аны көргө койгондон кийин кудайдын кудрети менен бала гөрдө төрөлөт. Алланын амири менен энесини оң жак эмчегинен сүт пайда болот. Бала ошол эмчекти эмип чоңойо берет.
Бала бир күн көрдөн өрмөлөп тышка чыгат ону элдер тутуп алат. Кийин чоңойуп Гөр уулу деген атка конот. Гөр уулунун өз перзенти болгон эмес. Эки бакма баласы болгон. Авазхан, Асанхан деген. Өзү жеткен баатыр болгон, жоого киргенде кызыр иляс кырк чилтен оомийин деп жоого кошо кирген. Гөр уулу Чамбыл-Бел деген жерде турган, бир күнү Гөр уулу чалгынга барып жоонун чоо жайын билип кел деп карамагындагы кандарды чакыртат.
Атигинси бир кучак,
Аты Шадман хан кыпчак
Шадман хан келди салам,
Мунун аркасынан.
Хасан хани келди салам,
Мунун аркасынан.
Аваз хан келди салам.
Тилла тондун эгеси,
Туркмен элдин агасы.
Ахмет хан келди салам.
Кырк алты хан алынат,
Тилла тамыр колунда.
Газал айтат булбул хан,
Минарига бек берди.
Машар кез бедөө аттан,
Ичериге бек берди.
Асал кошкон наваттан,
Кырмызы тонлор берди.
Кыркмалар чайлар берди,
Духа дөөлат курдулар.
Дува кылып турдулар,
Алакан жыйып куудулар.
Алака кылып турдулар,
Ким барат элчиликке деди.
Хандар башы жергеит кетти,
Сөөмү билан жер казды.
Энди билги бек Аваз,
Белинде гүл тарафта.
Пири Камил бек ака,
Мен барайын хызматыңа.
Сууга салсаң кайыкман,
Хызматыңа майыкман.
Ошентип Авазхан жөнөмөк болот.
Гөр уулунун Гайрат деген тулпары аты болгон шону жолго даярдашат.
Алты кыз арпалады,
Жети кыз жеталады.
Өрдөктөй көлгө сүздүрдү
Оромол билан шыпырды.
Айдай паал кокурду талкалады,
Полот мык парчын урду.
Аваз кылган эрликти,
Айым тиккан терликти.
Маржан ээр кондурду.
Каш кашалап белин тарта
Ат бели замбил кайтты.
Того тоого жетти,
Кырчыл дап жерге жатты.
Көздөрүмө жаркайтты,
Кулакларин шарк айтти.
Элди билген бек Аваз,
Тажик салган тар көчө,
Тар көчөдө ойноптур.
Ок жыландай сойлоптур,
Ак мукамдай ойнотуп.
Бир мукамда туйлатып,
Балхибанды орлатип.
Даван келсе терлети,
Бахаланды пас билан.
Хызыр жүргөн жол билан,
Учма кыя зоо билан.
Айдады беги палбан,
Азуун гүлдүратти.
Ак көбүк буркулдатты,
Айдади бектин аты.
Айдап таглардан ашты,
Жана бир такка чыгади.
Найза камыштай болгон,
Чатыр кардай болгон.
Аван кырдын гүм мычып
Эми бирди уради.
Ол чатрини карады,
Бул чатрини карады,
Бир чатырыны карады.
Бир ажаип сулуу кыз,
Энди уклап жатади.
Дөө экансаң пари экансаң,
Бери келгин деди.
Айван кырдын белиге,
Ичигни салды.
Белге белини таңды,
Көлдөн алдым газыңды.
Жесир кылам кызыңды,
Итке берем гөшүңдү.
Калбыр кылам дөшүңдү,
Тартты камчы тезинен.
Болду куңгул
Жазылдыс жазылды,
Жерлар боору казылды.
Төрт туяктан учкан таш,
Газар белес ашырды.
Ошентип Авазхан кызды ала качып кетет. Мунун артынан куугунчулар жөнөйт. Жайбоз деген бир баатыры бар экен энди бигир жайлайбыз. Кыл кара
белга минген мурутун кырк жерден түйгөн аркасына байлаган. Тикансиз жоллор барини куш балапан куш эмгек калың бермей тай соймой бекардан кызлар бармы.
Аттан аттан дегенди,
Кызыл атлар аттанды.
Аттан аттан дегенди,
Шыфодарлор аттанды.
Аттан аттан дегенде,
Муфадарлар аттанды.
Кыя мүшкүл мингендан,
Шыка темир кийгенден.
Сен буякка эй тургун,
Мен саяын деп анан.
Кега айван аттанды,
Палван тартты берини.
Сарван тартты нарыны,
Кызыл баштын айылы,
Чаңгип зыл зыла болду.
Шунтип барып ажоо беттешип калат экен, ошондо Шайваз баатырдын айтканы:
Тикансиз жолар барми,
Куш палапан куш эмгак.
Бекардан кызлар барми,
Ондо Авазгандын айткани.
Өз атам Карим гаван,
Узтазым Гөр уулу хан.
Чоң созлама эне гар,
Мына дашти кең майдан.
Ол ояктан ат койду,
Бул буяктан ат койду.
Шыпырыла кылыч болду,
Кылычлар кар кылмади.
Найзама найза болду,
Найза савытка батты.
Камелек болуп кайтты,
Бир бирин ала алмади.
Аттардан эми түштү,
Жакама жака болду.
Букадай сүргүлөштү,
Буурадай тизелешти.
Бири бирин ала алмади,
Пасти баландка сүйрөдү.