Үч икая: Кыңыр иш кырк жыл өтсө да билинет

Үч икая: Кыңыр иш кырк жыл өтсө да билинет

Хандын айланасында жүрүшкөн кызматчылар чурулдап жиберишти:

– Карыя туур айтып жатат!

Ошентип падыша карыяны өзүнө кеңешчи кылып алды, а эшекке өзүнүн жылуу атканасынан орун бердирди. 

Ал эми башы алынган вазирге мындан кийин жакшы да жаман да эс-тутумдун кереги жок.

Досторум, бул окуя жактыбы? Мага ушул икаяны кагазга басып туруп, жемкор-коррупционерлердин иш бөлмөсүнүн көрүнөө жерине илип койсо жакшы болчудай сезилет.

 

Акылмандык

Улуу император Акбардын тогуз акылманы бар эле. Бирок ал алардан бир нерсени үйрөнгөнү байкалчу деле эмес.

Бир жолу Акбар катуу жинденип, акылмандарын чакырды да мындай деди: «Эл дүйнөдө силерден ашкан кыйын акылмандар жок дешет. Бирок силердин бул жерде жүргөнүңөргө канча убакыт болду, силер мага эч нерсе үйрөткөн жоксуңар! Анда, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?»

Бир акылмандын тестиер уулу падышанын сарайын көрөм деп ээрчип келген эле. Падышанын ачууланып айткан сөзүн уккан бала күлүп жиберди. Акбардын жини кайнай түштү:

– Бул кандай? Эй, сен күнөөдөн жаралган бала, сен кимдин алдында өзүңдүн түшүнбөстүгүңдүн мөөрүн ачканыңды билесиңби?

Бала тартынбай жооп берди:

– Улуу падышам, кечирип коюңуз, мен сиздин курмандыгыңыз болууга татыктуумун! Менин күлкүм сизди шылдыңдоого багытталган эмес, менин күлкүм – акылмандарыңыздын унчукпай олтурушканына байланыштуу, мага алардын эмнеге унчукпай олтурушканы, ошондой эле сиз булардан эмнене бир нерсе үйрөнө албай жатканыңыздын себептери жакшы белгилүү болду!

Акбар баланын көзүнө үңүлө карады. Анын жүзү наристе баланыкындай аруу тазалыкты, күнөөсүздүктү, ошол эле убакта карт убакыттай түпсүз тереңдикти чагылтып турган.

Акбар баладан сурады:

– Балким сен мени бир нерсеге үйрөтүп жүрбө?

Бала ишенимдүү үн катты:

– Ооба, үйрөт десеңиз үйрөтөм!

– Кана, эмесе үйрөт!

– Жакшы болот, бирок сиз тактыңыздан түшүп, ордуңузду мага бошотуп бериңиз. Ошондо сиз падыша катары эмес, менин окуучум катары суроо бересиз.

Акбар чындап эле тактысынан түшүп, ага чыгып олтурган баланын бут алдына келип олтурду. Бала такка олтуруп:

– Кана эми, сурооңузду бере бериңиз! – деди ал каадалуу.

Акбар суроосун берген жок. Ал баланын таманындагы жерге чекесин тийгизип мына мындай сөз айтты:

– Сенин билимиң менен акылмандуулугуңду кудай таалам көбөйтө берсин! Эми эч бир суроонун кажети жок болуп калды. Сенин таман алдыңда башымды ийип олтуруп, мен көп нерсеге түшүндүм.

 

Байлар

Премьер-министр бүткүл кабинети менен самолётто учуп баратышкан.

– Эгерде, мен азыр бир долларды жерге ыргытсам, бир кишини бактылуу кылам, — деди ал дөөгүрсүп.

Ага бир министр кошумчалап койду:

– Биз онубуз бир доллардан ыргытсак, он кишини бактылуу кылмакпыз.

Баарынан акылдуу деген министри кошоматтанып мындай сунуш киргизди:

– Жүз доллар ыргытып, жүз кишини бактылуу кылбайлыбы?

Анын жанында олтурган жаш жигит министрди карап айтканы:

– А эмне үчүн Сиз, өзүңүз терезеден секирип кетип, миллиондогон кишилерди бактылуу кыла албайсыз?

Которгон: Абийрбек АБЫКАЕВ

10.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.