ДАБЫТ АБЫЛБАРЫ УУЛУ

КЫТАЙ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫНДАГЫ ЭҢ АБРОЙЛУУ 10 АВТОР

ДАБЫТ АБЫЛБАРЫ УУЛУ

4. Ли Бай (орусча: Ли Бо)поэзия периштесинин легендасы

Таң доорунун романтик акыны Ли Бай “Ыр периштеси” деп айтылат. Анын «Каргыт!», «Түнкү сагыныч» сыяктуу ырлары — табиятка, жашоого болгон сүйүүнү, эркиндикти даңазалаган көркөм шедеврлер. “Мен жашоого милдет менен келгемин” деген ишенимге толгон ырлары ар дайым окурманды шыктандырат.

Ли Бай кыргыз элине эң таанымал акындардын бири. Тарыхый изилдөөлөргө негизделгенде, ал азыркы Кыргызстандын Ак-Бешим шаар урандысынын ордундагы калаада туулган. Ли Байдын Кыргызясданта туулгандыгы жөнүндө кытайлыктар да жакшы билишет. Анын ырларын бир топ кыргыз акындары которуп (орусчадан) кыргыз окурман чөйрөсүнө тааныштырып келет. Жакында эле Сиан шаарынын туризм жана маданият башкармалыгы Бишкекке келип, Ли Байды эскерүү поэзия кечесин уюштурду. Анда кыргыз жана кытай элдеринин акындары Ли Байдын ырларын жатка окушту. Ли Бай жөнүндө эл аралык илимий конференциялар да өтүп турат. Атап айтсак, 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Шинжаң педагогикалык университети биргеликте “Ли Бай жана Улуу Жибек Жолу маданияты” аталыштагы эл аралык илимий конференция уюштурган. Дабыт Абдылбары уулу өзүнүн “Байыркы кытай поэзиясын кыргыз тилине которуунун проблемалары” аталыштагы илимий макаласында кыргыздын белгилүү акыны маркум Эгемберди Эрматовдун котормосундагы Ли Байдын бир канча ырын талдоого алган. Ал макала “Ала-Тоо” журналынын 2017-жылдык №1-санында жарык көргөн эле.

3. Тао Юанмиң (орусча: Тао Юаньмин)багбан ырларынын атасы

Чиң доорунда жашаган Тао Юанмиң — табигый, шаан-шөкөттөн алыс жашоону ырдаган улуу акын. Анын «Айылга кайтуу» жана «Ичип отурам» деген ырларында жаратылыш менен жуурулушуп жашоонун, жөнөкөй өмүрдүн да тынчтыкка, бакытка бөлөй турганын көрсөткөн.

2. Сыма Шяңру (орусча: Сянжу)Хан доорунун риторика генийи

Сыма Шяңру — Хан доорунун атактуу жазуучусу, «Зы шү баяны», «Шаңлин баяны» сыяктуу чыгармалары менен белгилүү. Анын чыгармачылыгында көркөм тил, масштабдуу элестетүүлөр жана көркөм риторика өзгөчө орунда турат. Ал “фу” (баян) жанрын өнүктүрүп, кийинки муундарга чоң таасир калтырган.

1. Чү Юан (орусча: Цюй Юань)Романтизмдин пионери

Чү Юан — Чу мамлекетинин вазири жана Кытай поэзиясынын атасы. Анын «Лисао» (Бүлүнүү касырети) сыяктуу чыгармалары — кайрат, чын ыйман жана элге берилгендик менен сугарылган. “Тогуз ирет өлсөм да, өкүнбөйм” деген сөздөрү анын руханий бийиктигин чагылдырат. Чү Юан — поэзия аркылуу руханий баалуулуктарды мурас катары калтырган чыгаан инсандын символу.

Бул он залкар — ар бири өз доорунун үнү, өз элинин үмүтү болгон. Алардын чыгармалары — кытай адабиятынын бермети, элдин жан дүйнөсүнүн күзгүсү, ошондой эле жалпы адамзат маданиятынын ажырагыс бөлүгү.

Теманы даярдаган филология боюнча PhD доктору, “Манас” улуттук академиясынын кызматкери, Жогорку Адабий курсунун угуучусу Дабыт Абылбары уулу.

 

04.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.