ОРОЗАЛИЕВ ДҮЙШЕМАМБЕТ

МАХАБАТ

ОРОЗАЛИЕВ ДҮЙШЕМАМБЕТ
Махабат, мен мурда түшүнбөй
Атыңды атоодон айбыккам.
А балким жол тосуп ушул жай
Аптабың сүйүүгө чалдыккан.
 
Аптабың куйкалап жүрөктү
Бир атың саратан үчүн да,
Тарттыңбы күн тарткан сүрөттү?
Күлкүңө арбалам ушунча.
 
Мактадың мен сунган алманы
Апам да жактырчу тирүүндө
Мээримин төкчү эле ал дагы
Турчу эле күн сымал күлүңдөп.
 
Сезимди тебелеп тепсеген
Тамашаң сүйүүгө жол чыгар.
Аяндыр тагдырдан тескеген
Баяндыр а балким тор сымал.
 
Таң атпай ойгонсом сезилет
Аптаптын илеби кечээги.
Бүгүн кай сүрөтүң кезигет
Башкадыр бүгүнкү эсебиң?
 
Жадырап күн күлө баштады
Жарыгым, күлкүңдү сагындым.
Атымды жүрөккө катканың
Угуу да болду эле жагымдуу.
 
Батышта болсо да турагың
Чыгыштан нур чачып күн менен,
Үн катпай сүйөрүм сурадың
Ак жарык, жаркылдак түр менен.
 
Сен балким көргөнсүң түшүңдө
Мен сенин көзүңдөн өпкөнүм.
Куш сайрайт терезе тушунда
Ырдоого шыгым да жок менин.
04.10.2025

Катталуу зарыл

1

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.