2222222
11111111

бир топ чыгаан инсандарды убагында көп иликтеп, дурус натыйжаларды чыгара алдык. Оштун тарыхы бир катар чыгаан инсандардын, кыргыз элинин абройлуу башчылары, омоктуу ойлору, жүйөлүү пикирлери, натыйжалуу иштери менен элибиздин, жергебиздин тарыхый, саясий аренасында жигердүү из калтырган тарыхый инсандардын аттары менен тыгыз байланышта болгону чын. Булар кадимки Кубат бий, Ажы бий, Алымбек датка, Мусулманкул миңбашы, Нүзүп бий, Курманжан датка, Полот хан, Абдылдабек, Камчыбек ж.б.
Кокон хандыгынын доорунда Ош шаары кыргыздардын эле эмес, бүткүл Кокон хандыгынын ири саясий, социалдык-экономикалык жана администартивдик борбору болгону талашсыз факт. Кадимки Алымбек датка Кокондун Мала ханы тарабынан 32 жашында 1832-ж. Анжиян вилайетине бек болуп дайындалгандан кийин, вилайеттин саясий-административдик борборун Анжияндан Ошко которгон. Натыйжада Алымбек датканын Ак ордосу (өргөсү эмес – авт.) азыркы этнографиялык борбордун ордунда эмес, учурдагы эски Алай мейманканасы, арак заводу, Шейиттер дөбөсүнүн четинде 40 боз үй орун алып, алардын так ортосунда Алымбек датканын 12 канат ак өргөсү жайгашкан. Дал ошол жерде ал, кийинчерээк Курманжан датка көптөгөн кадырлуу конокторду, абройлуу чиновниктерди, элчилерди, саякатчыларды кабыл алышып, көптөгөн тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык маселелерди чечип турушкан. Алымбек датка тегин жерден атайын шаардын так ортосуна өзүнүн Ак ордосун жайгаштырган эмес. Ош байыртадан эле кыргыздардан тарыхый, саясий, административдик борбору катары таанылып, тээ мурдатан Кубат бий, Ажы бийдин доорлорунда эле жогорудагы таризде пайдаланылып келгени талашсыз.
Алымбек датка кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин, 1862-65-жылга чейин Ош шаарын анан бакма баласы Жаркынбай бийлеп турган, азыркыча айтканда мэр болгон. Жаркынбай 1865-ж. орус-кокон согушунда Ташкенттин жанында курман болгон. Жаркынбай курман болгондон кийин Ош вилайетинин беги, башчысы болуп Худаяр хан кадимки Алымбек датканын тун уулу Абдылдабекти дайындаганын, ал 1865-75-жж. бул милдетти аткарганын да көпчүлүк толук биле бербейт.
Дал ушул Ош шаарында Кокон ханы Худояр жана Бухара эмири Саид Музаффар-Эддин Курманжанга датка наамын ыйгарышкан. Эл
Катталуу зарыл