АЙДАГЫ КЫЗ

ТУРМУШТУК ЖОМОКТОР

АЙДАГЫ КЫЗ

Барбы-жокпу, ачпы-токпу анысын эч ким билбейт. Бирок качандыр бул дүйнөдө бир жетим кыз жашаган экен. Кыз жаңыдан гана бой жеткен кезде, ата-энеси экөө тең удаа өлүп, алардан бир төө жана жалгыз торпок калат. Байкуш кыз, эптеп өзүнчө жан багыш үчүн төөнү сатып, андан түшкөн акчага өзүнө кийим алып, торпокту союп, күн көрө баштайт. Акыры торпоктун эти бүт түгөнүп, үстүндөгү кийими да жыртылып, мына эми эмне кыларын билбей, алыскы туугандарынын колуна барат. Ал абдан бай, катыны жеткен каардуу киши болчу. Алар кызга боор ооруп эмес, муну күң катары жумшап алыш үчүн алат.

Кыз эми эртеден кечке отун ташыйт, байдын күлүн чыгарып, от жагат, уйларын саап, үйүн жыйнайт, нечен жолу сууга барып, апкечке суу көтөрүп келет, бирок ошондо да бай менен анын каардуу катынына эч бир жакпайт: ал экөө мындан эптеп бир кыйкым таап, аябай уруп же тилдейт да турат. Байкуш кыз катуу кайгыга батып, жалгыз жүргөн кезинде көз жашын көл кылып ыйлап, тиги экөөнө көрсөтүүдөн коркот.

Кыштын күнү кычыраган чилдеде бул кызды сууга жиберди. Суунун үстүнө калың муз тоңуп калганын алар да билип, мунун колуна балтаны кошо карматышты. Ушунчалык катуу суукта кыз сууга барып, калың музду араңдан зорго жарып, эки чакасына сууну толтуруп алып, үйдү карай кайтты.

Суук жанына батып, кармаган балтасы колун ого бетер какшатып, бүткөн бою калтырап өзү абдан кыйналып келатып, жарым жолго жеткен кезде буту тайып кетип, көтөргөн суусун бүт бойдон төгүп алды.

Бул эми эмне кылат? Эгер сууга кайрадан барса, ага жетпей эле жолдо тоңуп өлө турган . Бирок үйүнө суусуз барса, андагы экөөнөн таякты аябай жейт. Мына ошентип, ичине толгон арыз-муңун кимге айтарын билбей, ого бетер калтырап-титиреп тура берди. Көзүнө көрүнгөн эч бир киши жок, ал түгүл айбан да жок, бардык жан-жаныбар азыркы сууктан коркуп, өзү баш каткан жылуу жерден эч кайда чыгар эмес, ачык асманда толгон ай гана акырын  ылып, бул байкушка боор ооругансыйт.

Кыз көзүнөн жаш чыгарса, анысы жерге тамбай кирпиги менен кошо тоңуп жатат, бирок ал азабын эч ким көрөр эмес. Суук күчөгөндөн күчөп, кыздын жанын адам чыдагыс кыйноого салды. Кайдандыр тарс-турс дабыш угулуп, азыр ал күндүн күркүрөшү эмес, суудагы муз чыдабай, жарылып жатышы болчу. Мынчалык дабыш түнкү тымтырста жалгыз турган кыздын жүрөгүнүн үшүн алып, оор коркунучка батырды. Бул ушундай абалда калганын асмандагы ай менен жымыңдаган жылдыздардан бөлөк эч нерсе көрөр эмес. Айласы кеткен байкуш кыз мына эми айга карап жалына баштады:

– Сен мени аягын, ай! Жетимдиктин азабын тартып, жалаң кыйноодон өлмөк болдум, мындан ары чыдагыдай эч алым жок. Ата-энеден ажырагандан бери эч бир жакшы сөз уккан жокмун, ар дайым жегеним таяк, укканым уу тил. Жер үстүндө мени аячу нерсе табылар эмес.

Ушул сөздү айтып бүтөр замат, асмандагы ай учуп келип мунун так алдына түшүп, ого бетер коркутту.

Байкуш кыз өз жанынан үмүт үзүп, селейип катып калганда, ай буга  жылмайып карап, башынан сылапсыйпап, анан муну бооруна кыса кучактап асманды карай көтөрүлүп алып кетмек болду. Кайдадыр алыс кеткен күн бул кыздын арыз-муңун айга кандайча жалынып жатканын угуп калган экен. Ошол себептүү күн да учуп жетип, кыздын алдындагы айдын жанынан орун алды. Бул кыздын сулуулугуна күн өтө кызыгып, айдан талаша баштады; ай менен күн узакка чатакташып, бирок күндүн күчү айдыкынан мыкты экен, айды жеңип коймок болду.

Анда ай күнгө минтип жалынды:

– Урматтуу күн, бүткүл жан-жаныбарга, жерден өнгөн өсүмдүккө өмүр берген сенсиң. Сенден сураганым ушул: мына бул оор азапта калган байкуш жетим кызды мага бергин. Сен күнү бою тирүү жандарды көрүп, аларды өзүңө эрмек кыласың, ал эми мен болсом кышкы узун түндө асман­да жалгыз сүзүп, эч бир жанды көрбөйм, анткени бардыгы уктап же жылуу жерде жашынып жатып алышкандыктан мен муну өзүм менен кошо ала жүрүп, түбөлүк эрмек кылайын.

Айдын бул сөзүнө күн жыгылып берип, жетим кызды айдын колуна өткөрдү. Ай муну өөп-жыттап, өз бооруна кыса кучактап, эки ийни менен көтөрүп жүргөн апкечин кошо алып, асманды карай гана сызып жөнөдү.

Мына ошондон тартып байкуш кыз айдын бетинен орун алыптыр. Эгер ачык түндө толгон айды жакшылап карап турсаң, анын бетиндеги кызды көрөсүң. Кыз эки чакасын баканга илип алып, басып бараткан сыяктанат. Жер үстүндө эч бир жакшылыкка жетпей, арманы ичине толуп, айласы таптакыр кеткен кыз мына эми айдын бетинен түбөлүк орун алып, сүйгөн айы канчалык узак жашаса, бул кыз да ошончолук узак жашайт экен. Багып алган кызын ай кээде таппай калып, ошондо катуу кайгыга батып карара баштайт. Аны бул эл «Ай тутулду» дешет.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.