АКЫЛ КАРАЧАЧ ЖАНА КАРАКАН

ТУРМУШТУК ЖОМОКТОР

АКЫЛ КАРАЧАЧ ЖАНА КАРАКАН

Кызынын бул сөзүнө чал аң-таң калып, ханга барып кызынын айткандарын араң айтат. Карыянын сөзүнө хан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малыңды таап берем деп, карыяны үйүнө кайтарат. Хан өзүнүн вазирлерин, карыя кеңешчилерин, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги карыянын айтканындай кылабыз деп акылдашат. Отургандардын арасынан бир аксакал:

– Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын, – дейт. Муну айткан Карачач кыздын өзү арстанды кармаганды билет. Кызды алдырып сурайлы, – деп сунушун айтат дагы бири. Хан макул болуп, Карачачка киши жиберип алдыртат. Карачач келгенден кийин хан:

– Жырткыч айбандардын силерге эмне кереги бар? Андан көрө алтын-күмүш алып ата-энеңе берсең, ичип-жеп жыргап жата бербейби, – дейт.

Кыз унчукпай көпкө отурду да, анан бир кезде аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Урматтуу ханым менин башыма боштондук берсин деп – боштондук сураган элем. Мен айттырган калың мал эмес. Силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, хан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың үчүн он улак берсин дегеним – менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим.

Жыйырма түлкү берсин дегеним – киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним – адам отузга чыкканда карышкырдай жулунбайбы. Кырк арстан дегеним – кыркка чыкканда адам арстандай күчкө келбейби. Элүү ат берсин дегеним – элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним – алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним – адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексени жок жүрөк дегеним – сексенге чыкканда адамы жок жүрөктөй кургабайбы.

Кайгысы жок картаң молдого нике кыйдырсын дегеним, картаң, адамдардын ичинен кайгы-капасы жок бир да адам болбойт. Ошондуктан менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби деген менин ханга карата айткан табышмактуу суроом болчу.

Ушул отурган аксакалдар, хан баш болуп, менин суроомду териштирип көргүлөчү. Айткандарымдын катасы болсо, кайта алайын. Болбосо, ханга тийбеймин! Хан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын, – деп кыз таазим кылат.

Ошондо отургандардын ичинен бир аксакал адам:

– Карачач кызым, багың ачылсын, жолуң болсун! – деп хандын уруксаты жок эле кызга бата берет.

Отургандар да жалпы бата тилешип, кызга каалоо тилектерин билдирип жаалап кетишет.

Хан айласыздан аксакалдардын сөздөрүн кубаттап, көпчүлүктөн чыга албай, бир жагынан кызга ыраазы болуп, уруксат берүүгө макулдугун билдирет.

Ошондон Карачачтын атына кошумча Акыл Карачач деген ат анын акылдуулугунан улам эл оозунда айтылып калган экен.

 

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.