АКЫЛДУУ БАЛАПАН
элдик оозеки чыгармачылык
АКЫЛДУУ БАЛАПАН
Илгери, илгери бир заманда топулуу торгой болуптур. Анын бир балапаны бар экен. Алардын татынакай уясы, көптөгөн канаттууларды кызыктыруучу. Айрыкча, кыргыйдын көзү, анын жанынан өткөндө оттой күйүүчү. Бул кыргыйдын ач көздүгүнүн белгиси эле. Момун торгой коңшусунан шек санабайт. Кайрадан аны менен ынтымакта жашоого умтулуучу. Себеби, торгой эч качан, эч бир жанга жамандык каалоочу эмес.
Адатындай торгой тоо-талааны кыдырып, балапанына жем издеп чыккан. Кыргыйдын артынан аңдып жүргөнүн, бечара билген эмес. Эмгекчил неме баштыктарды түркүн данга толтуруп алсам деп, бир тынбастан эмгектенип жаткан. Бир маалда шуулдаган дабыш чыккан жакты караса, коңшусу кыргый экен. Торгой өз көзүнө өзү ишенбеди. Ал тырмактарын арбайтып, түп-түз эле аны беттеп келе жатыптыр. Көздөрү балбылдап оттой күйөт. Эми кантмекчи? Бул каапыр соо койбойт. Жүрөгү оозуна тыгылган торгой жан далбастап кача жөнөдү. Уяты жок кыргый анын артынан сая кууду. Бир жолу жетип, чала-була серпип да өттү.
Алсыраган торгой бир маалда көзүн ачса, боз талаада өскөн бир түп шыбактын түбүндө жатыптыр. Маңдайында эрбейип балапаны олтурат. Көрсө балапан апасынын башына түшкөн кырсыкты кара каш чымчыктан угуптур.
Торгой денесиндеги жараттардын оор экендигин сезип, балапанына мындай дейт: «балам, биринчиден кара каш чымчыкка ыраазымын, ал болбогондо экөөбүз көрүшмөк эмеспиз. Экинчиден сага алкыш.
Чоңоюпсуң, эсиң кирип калыптыр. Буга бүгүн көзүм жетти. Сага айтайын деген оюм бар. Сен чочулабай ук. Мен ачыгын айтышым керек. Денемдеги жаратты өзүң көрдүң. Ал мени соо койбойт.
Көзүм тирүүсүндө бир жакка баш калкала. Кайра өз уябызга барам дечү болбо. Барсаң, тукумуң кем болгур, жанагы кыргый соо койбойт. Андан көрө жайды башка жакка куруп ал».
Балапан апасынын айткандарын тынч отуруп угат. Бул кайраттуулуктун белгиси эле. Торгой баласынын акылдуулугуна, токтоолугуна аябай ыраазы болот. Ошондон соң эне-бала бир саамга ойлонуп калышат.
Апасына иче турган тамак-ашын дайындап коюп, балапан кайдадыр бир жакка учуп кетет. Торгой болсо жаткан жеринде калат. Жараты кабылдап, ырбай баштайт. Жада калса жанындагы сууну алып ичкенге дагы дарманы келбейт. Оору күчөгөндөн күчөп, акыры эсинен ажырап сулк жатып калат.
Арадан бир жума өткөндө, торгой эсине келет. Мына кызык! Жараттары таптаза айыккан. Ооруган жери басылган. Жаткан төшөгү жыты буркураган
шыбак. Текчеде түркүн-түркүн дарылар турат. Бул укмуш!
Апасынын таң калганын сезген балапан, кубулжуган үнү менен мындай деп ырдап берет:
«Бүт ааламды жылыткан,
Күндөн алдым дарыны.
Кең дүйнөгө көрк берген,
Гүлдөн алдым дарыны,
Сырын каткан койнуна.
Түндөн алдым дарыны,
Теребелди терметкен.
Үндөн алдым дарыны,
Текке кетпей эмгегим,
Апакем! Апатайым!
Сактап калдым жаныңды».
Торгой кубанганынан көзүнө жаш алат. Эне-бала кучакташып өбүшөт. Кубанганынан бийлешет.
Булардын аябай кубанычына дагы бир себеп ал каардуу кыргыйдан кутулганы. Эне-бала көккө бийик көтөрүлүп алышып, канаттарын дирилдетип
минтип ырдашат:
«Алсыздарды кордогон,
Арсыздарды жек көрөм.
Ач көздүккө алдырган,
Калпыстарды жек көрөм.
Кирдетпеген көңүлдү,
Ак пейилди жактырам.
Обон созуп ыр ырдап,
Анын көөнүн шат кылам».
Апасына эркелеп, балапан мындай дептир:
«Апаке! Сиз макул болсоңуз, ушул эле жерде калалычы. Бул талаа жыты буруксуган шыбактары, мен үчүн ыйык болуп калды. Жаман коңшудан, жалгыз түп шыбагым өйдө! Кыргыйдай бузукуну экинчи көргүм келбейт».
Торгой балапанынын маңдайынан сылап эркелетип, макулдугун билдирет.
«Ар кимдин мекени өзүнө сулуу» деген макалды торгойлордун чоң энеси биринчи айткан дешет.
Чыны менен эле ушундай эмеспи. Ким эле өнүпөскөн жерин сагынбасын, сүйбөсүн!
«Эл адабият» сериясы
ЖОМОКТОР
(Жаныбарлар тууралуу)
21-ТОМ
Катталуу зарыл