КАРЫ ЖИЛИКТИН КАСИЕТИ
Элдик оозеки чыгармачылык
Илгерки замандарда бир хан жашаган экен. Күндөрдүн биринде хандын казынасына ууру түшүп байлыктарынан уурдап кетет. Хан бардык жоокерлерине ууруну таап келесиңер деп буйрук берет. Жоокерлери көпкө издеп ууруну эч жактан таба алышпайт. Айласы кеткен жоокерлер хандын каарынан коркушуп жолдо кап көтөрүп жүргөн бир орто жашар кишини кармап хандын алдына алып келишет.
Хан ал кишини суракка алат, бирок ал киши эч нерсени көрбөгөнүн, билбегенин айтат. Ага ишенбеген хан ачууланып ал кишини зынданга салдырып салат. Эки, үч күн өткөндөн кийин хан баягы кишини алдырып кайра суракка алат, ал дагы деле эч нерсени билбеймин деп жооп берет. Хан ал кишини кайра зынданга салдырып салат.
Ал киши айла таап зындандан качып чыгат. Анын качып кеткенин билген хан аны таап келесиңер, болбосо баардыгыңардын башыңар кетет деп кайра жоокерлерин анын артынан издегенге жиберет.
Ал киши качып олтуруп суунун жээгине келет, кеч болуп кеткендиктен ал жерде түнөмөк болот. Кабында он эки кары жилик болот, аларды алып баш жагына төрт жилик, аяк жагына төрт жилик, жанына төрт жиликти жерге сайып уктап калат.
Артынан кууп жеткен жоокерлер көргөн көзүнө ишенишпей таң калышат. Анткени ал кишинин башында төрт мин жоокер, жанында төрт миң жоокер, аягында төрт миң жоокер коргоп турган болот.
Аны керген жоокерлер кармай албай болгон окуяны төкпөй чачпай ханга айтып келет.
Хан ал кишини жоокерлери жок мезгилде, кабын көтөрүп кетип жатканда кармап келгиле деп жоокерлерине кайрадан буйрук берет. Жоокерлер ал кишинин артынан андып жүрүп кабын көтөрүп кетип жатканда кармап келишет.
Хан ал кишинен «жоокерлерин; кайда» – деп сурайт. Ал кары жиликти алып: «Бул менин жоокерлерим», – Кары жиликти ажыратып: «Бул найзасы» – деп көрсөтөт да ханга минтип түшүндүрөт:
«Ханым, кары жиликти чакпайт, отко салбайт, аны алган киши этин мүлжүп жеп өзүн эгиз жерге илип койуш керек, кары жиликтин жоокердик, сакчылык касиети бар» – дейт. Ошондон кийин хан кары жиликтин касиетин билип, баягы кишиге ырахматын айтып кетирген экен.
Катталуу зарыл