Акыркы марал
Сулайман Рысбаев
…Марал ак жайдын бир күнүндө эркек кер улак тууду. Бул анын чексиз сүйүнүчү, кубанычы эле. Ал ушуну гана күткөн, тилеген. Көздөрүнөн ысык жаш тегеренип жүнү кургаары менен так секирип ойноп кеткен улагын карап туруп, артынан кызганычтуу ээрчип эмчектерин ажайып ууз сүт тээп чыгат. Өзүн бактылуу энедей сезет. Анын үстүнө, эми бул жерде саны азайып туш келди сай-сайлап кеткен маралдардын тукуму дагы көбөймөк… Бул өмүрдүн уланышы. Кер улак эртең эле өз атасы он айры бугудай толукшуп чыга келет. Анан эмки жылы дагы да кошулат арасына. Ошентип бу Кызыл-Көлгө бугу-марал тукумдары акырындык менен тарай баштайт…
Маралдын чыныгы турмушу эми башталды. Ошону менен бу эки ыйыктардын окуясы да башталды…
Кызыл-Көлдүн аркы өйүзүн Кан-Ачуу дешет. Аты да, заты да жомоктогудай. Ал жерде эмнелер гана жашабайт. Көбүнчө, ал жердин түнт, эзели адам туягы баспаган токойлорун жырткычтар гана мекендейт. Жакшына-Тоодон ооп келген бир үйүр маралдын көбү жапайы жырткычтардын жеми болуп, калганы тарап-тарап адашып кетишкен. Бир марал гана өткөн күздө ортодогу дайрадан аман-эсен сүзүп өтүп ушу Кызыл-Көлгө келип жашынган…
Эх, чиркин, өз мекени Жакшына-Тоо кандай гана керемет жер эле. Оюн салар тектирлери, чаңкаганда суусунун кандырар курбу-курбудагы таш-булактары… Баары тээ алыста – бу дүйнөнүн аркы четинде калгандай болду. Эми ага жетүү качан. О, туулуп-өскөн жери, бирге чоңойгон курбу-курдаштары кайда калды десең! Балким, ал жерлерге кайра кайрылып баруудан калгандыр…
…Күз айы күркүрөп кирип келди. Эки марал Кызыл-Көлдү байыр алып, анын түнт, бирок тынч бадалдарынын арасын мекендеп, куулуп келсе да бир тууган жериндей болуп бараткан…
Күндөрдүн бири эле.
– Ба-а-а!.. Ба-а-а!.. Баа-аа!.. Баа-аа!..
«Ой, бул маралдын улагынын үнү эмеспи, ооба, маралдын улагынын үнү! Мына, дагы… дагы… Жакын эле жерден… Бул баягы сай-сайлап адашып кеткен маралдардан белем… Биякка издешип келишкен го…»
– Ба-а-а-а!.. Баа-аа!..
«Адашып таппай жүрүшкөн тура. О, тебишип ойногон теңтуштар десе!.. Силерсиз жалгыздыкта өткөргөн өмүр курусун! Кайдасыңар! Мына азыр, биз мындабыз! Алыстап кетпей күтө тургула! О, куушуп ойногон курбулар, десе!..»
Экөө бадал арасынан баркырап коё беришти. Марал эненин көздөрү жайнап, үн чыккан тарапка түйүлүп астыда баратты. Алар чоң үй арчага туш келгенде экөө эки бөлүнүп чуркады. Арыта кырката тизилген карагаттар бар эле.
Эне марал безип бараткан:
– Тарс — чуу!..
– Ма-а-а-а!..
Жакын эле жерден ок атылып, улагынын жанталашып маараганы кулагына жаңырып, марал ордунда селейип катты да калды. Андан удаа кобур-собур адам үндөрү угулду. Марал башы айлан-көчөк атып жерге жыгылып түшө жаздап эсине келди да, алды-артына карабай безип кетти… Баягы Жакшына-Тоодогудай, бир үйүр марал бугулары менен өмүрүнө бүлүк түшүп, коркунуч башка келгенде, туулган жерди таштап кетип баратып көз-жашка топурак чыланган күндөр дагы бир ирет элестеп кетти.
Канча жерге барганы белгисиз, бир кезде бутун тарталбай бүк түштү. Чарчаганынан катуу уктап кетиптир, бир кезде баягы ок кулагына кайрадан угулгансып, чоочуп ойгонду. Жанында шам өрүктөй мүйүзү койкойгон балбыл көз кер улагы жогун ойлоп, ичи от болуп, көздөрүнөн мелт-мелт жаш куюлуп, башын көтөрө албай сулк жатты. Ошо калыбында үч күн, үч түн турбай, бир тал чөп кыркпай, тиги ылдыйраакта көөлгүп жаткан Кызыл-Көлгө түшүп барып чаңкоосун да кандырбай жата берди.
Бу дүйнөдөн аша кечти, бүтүндөй өзүн курчаган гүлдүү токой да жек көрүмчү сезилип турду ага. Ооба, эне баласын жоктоп, зарын ичинен нечен ирет кайрып жатты. Ал эң акыркы үмүтүнөн ажырады. Бу көрөкчө, өлгөн артык. Желини таш болуп чатына батпай кыйнап чыкты.
Марал жан көзүнө көрүнүүдөн да коркпой, Кызыл-Көлгө түшүп барып, суу бетинен өзүнүн жалгыз элесин карап турду. Мындан аз эле мурда бу элес экөө эле го… Экөө жанашып да, жарашып да турчу. Эми ал жок, экинчи андай элес кайталанбайт…