Акыркы марал

Сулайман Рысбаев

Акыркы марал

Ушу азаптуу жашоодон көрөкчө көлгө өз боюн таштап өлсө женил болмок…

Марал сууну улам жиреп бара берди. Кара курт чөптөй чырмалышкан балыр аны туткундап, алга да, артка да жылдырбай калды. Бир кезде өлүм элестеди көздөрү тунарып, ансыз да ал үч күндөн бери өзөк жалгабай, ачка эле.

Суу аны өзүнөн өзү эле тереңге тартып баратты. Как ирим Кызыл-Көл өзүнүн мээримдүү тынч көөлгүгөн көрүнүшү менен маралды суктантып, көкүрөгүн кысып, леп тартып бараткан бейкам мелмилдеген көл үстүнүн миң түркүн кооз нурлары мунарыктап, өзү өлүмгө баш коюп баратканын сезалбай калды марал. Өлүм да ушинтип азгырат тура. Анын алсыз буттары жерге тийбей, өзү эле тыбырчылап, алдыга жылып баратканын сезген жок..

* * *

Ушу тараптан маралдардын дайынын билип калган эки мерген, улагын атып алышкан соң, арадан төрт күн кечирип, кайта келишкен.

Үстүңкү черден эч нерсе табалышпаган экөө көл тарапка түшүп келишип калың бадалдын арасынан жайлуу орун алышты да, чымылдак тартканын улантышты. Бири чымылдак тартса, экинчиси мылтыгын даярдап оңтойлуу жерге жатты.

— Ба-а-а!.. Ба-а-а!..

Баркыраган чымылдак үнү кудум марал улагыныкындай токойду жаңыртып кирди. Бир аз болгон жок, шалбаа чөптү шатыратып, көзүнө чейин суу болгон марал жакын эле кирип келди. Өзүнө карай сунулган мылтыкты байкаган жок, оттой жанган каректери балбылдап ушул тараптан безеленип маараган улагынын үнүн издеп маңкая калды.

— Тарс!..

Ок чыкты. Шашып калган мергенчи жаза атып алды. Кайрадан ок салганча, марал кача берди.

Жүрөгү жарылып кете жаздап, октон жалккан ыйык эне мурдагыдай эле безип жөнөгөн:

– Ба-а-а-а!.. Ба-а-а-а!.. — лап, «улагынын үнү» кайрадан чыкты. Өз кулагына өзү ишенбей, башын арт жакка буруп токтоло калды да, аянычтуу чыккан «улагынын үнү» тарапка шашып кайра кайрылды.

Чымылдак тартканы беркисин ашата сөгүп, «эми жазбай аткын!» – деди да, чымылдак үнүн безеленте баштаганда, баягыдан башка жактан капыр-тапыр кирип келди марал. Анын чуркаганы да башкача эле, көздөрү жаш чайып жалжылдап чыгыптыр.

— Т-а-а-рс!..

Кайта келеринен күмөн санап, байкабай турган тозотчу, дагы да жаза атып алды. Экинчи ирет алдына келген олжону качырды. Чымылдакчы ачуусу шакардай кайнап, беркисин жиниккен күчү менен жерине жеткире сөктү да, колунан мылтыкты жулуп алды.

–Тарт чымылдакты!.. Атаңды гана, сенин!.. У, шал!.. Шал тийип калгырдыкы!.. У, колунду… сенин, тарт бачым, кете электе!..

Бетин жууган кир аралаш чампаланган жүзүн сүртүнүп да койбой, көздөрү марал келчү тараптан өтүп кетти. Тигиниси чымылдакты оңдуу тарталбады. Кулунчактын куурайына бекем таңылган кара кыйтактын үнү марал улагынын үнүнө түк окшобой, какап-чакап каргылданып калды.

– Келе, бери, олок!.. У, сенин чымылдак тартканынды!.. Ооба, мен сага бир кесим эт берет экемин!.. Апкел чымылдакты!.. – Жаны көзүнө көрүнө киркиреди анысы. — Ушу азыр, маралдан мурда сени атып таштайынбы, ыя!?

Чымылдакты оозуна тиштээр замат жанталашып үйлөп да, кароолунан көзү өтүп жата кетти.

– Ба-а-аа!.. Ба-а-а!..

Улагынын карааны көзүнөн учуп, желинин сүт тээп чыккан ыйык эне, үнүн угуп, анын кайда экенин билалбай, бир туңгуюкка кабылган улагын бошотуп алмакка, бирок баятан берки окуяга түшүнө албай, эми акыркы жолу бир ирет бел байлап, ысык жаш жүзү ылдый куюлуп, «улагынын үнү» желин сүтүн кайрадан диркиретип, жанагы тарапка алып-учуп кирип барды. Октун каңырсыган жыты мурдун жарып кетти! Ошондо гана чукул эле жерден өзүнө карай сунулган мылтыкты жана адамды көрдү!.. Ошо адамдын көзү баягы өткөн жылкы күздөгү Кан-Ашууда жан шерик акыркы бугусунан айырган бир жырткыч илбирстин көзүнө окшош эле…

– Та-а-арс!..

– Ма-а-а!..

Маралга ок жаңылды, ал бир ирет так түйүлө секирди да, көйкөлгөн гүл арасына кулап, мүрт жай тапты… Чиркин жан, көкүрөктөн учуп кетти көрүнбөгөн нур болуп… Ыйык сүйүү гана калды көкүрөктө. Ысык жаш дагы эле ачык бойдон калган көздөрүнөн сызылып агып, сулк жатты. Эт жүрөгүн эзген, эне эмчегин канаткан алдамчы чымылдак үнү да басылды…

23.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.