АКЫРКЫ СҮЙҮҮ
МАМАСАЛЫ АПЫШЕВ
АҢГЕМЕ
…Сиз жазуучусузбу? Сиз чын эле жазуучусузбу?.. Же мага тамашалап жатасызбы? Чын элеби?! Эмнегедир, ишене албай турам… Мен эмгиче бир да тирүү жазуучуну көрө элекмин. Алардын аттарын гана угуп жүргөнмүн: Достоевский, Чехов, Лермонтов, Пушкин… А сиз, кызык, эмне жөнүндө жазасыз? Турмуш жөнүндөбү? Бардык нерселер жөнүндөбү? Айтып бериңизчи, кызыгып турам? Жок, андан көрөкчө окуганга бериңиз?.. Азыр жок дейсизби?.. А кийин болгондо бересизби? А-а, ырахмат! Сиз билесизби, өзүңө тааныш жазуучуңдун чыгармасын окуу аябай жагымдуу болсо керек?! Менин өмүрүмдө бир дагы тааныш жазуучум болгон эмес эле. Алардын аттарын гана угуп, окуп жүргөнмүн… А мен кимди жактырам дейсизби? Мен көптөгөн жазуучуларды жакшы көрөм, а баарынан жакшы көргөнүмбү? Пушкин менен Лермонтов! Эмнеси менен мага жагат дейсизби? Анысын шайтан билеби, жагат — жакканы ошол да! Маселен, тигил Пугачевдун: «Мыр-рза генералдар, чырдашпагыла!..» деп турганы. Жакшы — турбайбы? Ха-ха-ха… Же болбосо, ашык болуп калган Печориндин…
А жазуучулар, кызык, кантип жазышат? Столго олтурушуп, колдоруна кагаз менен калем алып жаза беришеби? Ушунчалык жөнөкөйбү баары? Жок, мен баары бир жаза албаймын. Аракет кылып да көргөнмүн,— колумдан келген эмес, жаза алган эмесмин. Жаш кезде да кыздарга кат жазганымда кыйнала берчүмүн. А сиз билесизби, менин жаш чакта бир ыр жазган досум боло турганын; туура, ал көбүнчө эле сүйүү жөнүндө жазчу. Кийин ал, туура, акын болгон жок, ошентсе да, эң жакшы ырларды жазчу. Каалайсызбы, мен сизге анын ырларынан окуп берейин? Азыр, азыр… Токтой туруңуз, шайтан алгырдыкы, тилимдин учунда эле тургансыйт — көп жылдар өтүп кетпедиби андан бери…
Менин мына ошол досум ал тургай бир жолу редакциядан да кат алган. Ал катта мындай деп жазылыптыр: «Урматтуу жолдош баланча бастанчаев, сиздин кээ бир ыр саптарыңыз менен ар бир акын сыймыктанса болмок, бирок жалпысынан алганда ырларыңызда бирөөнү тууроочулук сезилип турат, өзүңүзчө жазууну үйрөнүүгө аракет кылыңыз, адабияттык саламым менен түкүнчөев…» — дептир. Көрдүңүзбү, мына?! Дал ушундай деп жазылган: кээ бир саптары менен ар бир акын сыймыктанса болмок! А мен болсо, теримди тескери сыйрып алсаң да, эки сап ырдын башын кошуп жаза албайм. Аракет кылып көргөмүн, жаза алган жокмун. Эч колумдан келбеди. Эч окшошподу… А сиз өзүңүз кантип жазасыз, айтып бере аласызбы? Ар түрдүү жолдор мененби?.. Бардык жазуучулар турмуш, жашоо жөнүндө жазышат экен да, демек? А кандай жашоо жөнүндө жазышат? Бир өзгөчө же баатырларча жашалган жашоо жөнүндөбү?..
А сиз, мага айтып бериңизчи, мүмкүн болсо, мындай бир роман болушу мүмкүнбү? Маселен, айталы; бир жаш жигит,— студент, бул кезге чейин окууга тапшырып, кулап калган. Бирок кийин, экинчи ирет окууга тапшырып өткөн,— тири укмуштай чоң конкурстан өтүп,— бир орунга он беш адам туура келген,— ал окууга өткөн себеби, өзүнүн өмүрүн геологдун кесибисиз элестете алган эмес. Бир жыл бою катуу даярданып, окууга өтөт, бирок өткөн соң тез эле көңүлү калып, окуусун таштап кетет. Кийин башка окууга, педагогикалык институтка кирет,— калган өмүрүн тынч, бактылуу жашап өтүү жөнүндө кыялданып. Мына ошол студент бир күнү, дем алыш күнү киного эртелеп барып, анан зериге басып жүрөт. «Ала-Тоо» кинотеатры бул күнү — жайдын жылуу, мемиреген тынч күнүндө элге толуп-ташып кеткен. Анан мына ошол студент жигит сандаган көп кыздардын ичинен бирөө менен — кыялында көптөн бери эңсеп жүргөн кыз менен таанышат. Кийин өзүнүн аялы болчу кыз менен… Айтыңызчы, ушундай роман болушу мүмкүнбү, сиздин оюңузча?..
Андан кийинби? Кийин мындай болот: алар бактылуу болушат, эң сонун, сулуу кыз төрөлөт. Анан алар узакка,— бир нече жылдар бою чексиз бактылуу жашап жүрүшөт. Ал мугалим, аялы болсо котормочу. Эң сонун үй-бүлө болчу… Кандай, сиздин оюңузча ушундай жашоо романга окшойбу?
Андан кийин мындай болуп кетет: аялы котормочулардын кайсыл бир конгрессинде башка бир котормочу менен таанышат, кийин ал экөө бирин-бири сүйүп калышат. Ошондон баштап баягы үй-бүлөдө таптакыр башкача жашоо башталат: алар бир нече жыл (эки-үч жылча), аябай салкын жашашат,— урушушпайт бирок да мурдагы жылуулук, бакыт жок эми, бир күнү, акыркы бул жашоого чыдай албай аялы мындай деп чечет: «Болду, мен апамдыкына кетем, мындай жашоого чыдай албайм, кечир, кош бол!»