АКЫРКЫ СҮЙҮҮ
МАМАСАЛЫ АПЫШЕВ
Ал болсо аялы жөн гана аны коркутуп, сынап жатат ко деп ойлойт, ишенбейт. Бирок аялы ошол эле күнү кечинде кызын өзү менен алып, апасыныкына кетип калат. Ал өзү бир нече күн бою азаптанып, ойго батып, жалгыз жашап жүрөт; кийин аялына келет, кечирим сурап, кайра үйүнө алып кеткени. Бирок ал аялынын башка, бейтааныш адам менен олтурганын көрөт,— мурдатан бери өзү билип жүргөн аялынын сүйгөнү менен ушинтип таанышат. Ал албетте, жаны ачыйт: анткени, аялынан кечирим сурап, кайра алып кеткени келген, ансыз жашай албайм го деп ойлогон. Анан ал бир азга ойлонуп турат да,— баары бир ар-намысы көкүрөгүн ээлейт,— ал: «Силер үйлөнөсүңөрбү же жөн эле ушинтип жүрөсүңөрбү?» — деп сурайт, аларга карабай туруп. Бейтааныш эркек ага: «Жакында үйлөнөбүз»,— деп жооп берет. Ошентип, ал үйдөн чыгып кетет,— оюнда аялын таптакыр укутууну чечип. Кандай, романга окшойбу? Мен сизге өмүрүмдү айтып берип жатпаймынбы,— а сиз өзүңүз айтпадыңызбы, романдын өмүрү, жашоо-турмушу жөнүндө жазылат деп?..
Андан кийинби? Угуп туруңузчу… Кийин мен, жок, баягы дал ошол студент, качандыр «Ала-Тоо» кинотеатрынын жанында сүйгөн кызы менен таанышкан,— өзүнүн болочок аялы менен таанышкан адам, эми көпкө чейин жалгыз жашайт. Акыры, жалгыздыкка чыдай албай, бир күнү түнү кеч маалда, колуна муздак трубканы алып, телефон чалат,— жөн гана болжолдоп, иши кылып бирөө менен сүйлөшсө болгону, ким менен болсо да мейли. Ал кокусунан, дал ушул кыштын суук узун кечинде өзүнө окшоп жалгыз олтурган аялга туш келип калат. Аял ага телефондон адресин берип, «келиңиз!» — деп үйүнө чакырат!.. Эмне үчүн мындай болушу мүмкүн эмес? Мен өзүм башымдан өткөрбөдүмбү ушуну, анан кантип эле мындай болушу мүмкүн эмес? Мен сизге баарын болгондой айтып жатам, силер өзүңөр, жазуучулар гана оюңардан чыгарып жаза бересиңер китебиңерде?! Мына ошентип, мен баягы аял менен өмүрүмдүн бир нече жылын өткөрдүм,— биз үйлөнгөн жокпуз, жөн гана жакын достордой жашап жүрдүк. Бири-бирибизди аябай жакшы көрүчүбүз,— ошол менден көп жашы улуу аял менин өмүрүмдөгү эң жакын досторумдун бири болуп калды… Ушунун баары романга окшош, чынбы? Абдан окшош, туурабы? Кээде ал тургай, мен өзүмдү кайсыдыр бир романдын каарманы сыяктуу да сезип кетем. Башым чаташат.
Ушунун баарынын бүтүшү да дал романдагыдай болгон: мени менен сүйлөшүп жүргөн аял окумуштуу эле же тагыраак айтканда, окумуштуу болууга аракеттенип жүргөн адам болчу. Өтө узакка, жанын аябай иштей турган. Менин көптөгөн идеяларым диссертациясынын негизин да түзгөн. Кандай идеялар дейсизби?.. Маселен, айталы… Тилимдин учунда эле тургандай, шайтан алгырдыкы, кыскасы, бул анча деле мааниси жок, менин көңүлүм башкага кейийт: ал аял нече жылдар бою ушундай оор акыл эмгегине чыдабай, акыл-эсинен ажырап, жин оорусу менен ооруп калды,— аябай оор түрү менен. Ошондон баштап, ал аял бир ооруканадан экинчи ооруканага көчө баштады. Бул беш-алты жылга созулду. Мен дайыма анын артынан жүрдүм: ооруканаларга анын артынан тамак-аш ташып, керектүү буюмдарды жеткирип, баары жакшы аяктаар деп, үмүтүмдү үзө албай. Анан, акыры, ал аял мени такыр тааныбай калганда гана үмүтүмдү үзүп, жок, үмүтүмдү думуктуруп өлтүрүп, олтуруп калдым… Менин экинчи сүйүүм мына ушундайча болуп бүткөн. А сиздин оюңуз боюнча кандай, ушунун баары кызыкпы, романдардагы сүйүүгө окшойбу? Чын элеби?..
Мен сизге кайсыдыр бир романдын мазмунун айтып жаткансыймын, туурабы?..
Андан кийин эмне болду дейсизби?
Болуптур, сизге кыскача айтып берейин,— үйлөндүм, кайрадан ажыраштым. Башка адамдардай эле жашап жүрдүм. Эмнеге ажыраштым дейсизби? Сизге кандай кереги бар ажырашуунун себептери? Жөн гана ажыраштым. Турмушта баары боло берет да. Адамдар үйлөнүшөт, ажырашышат,— баары болот. Эмне үчүн? Жөн гана эч нерсе болбойт дейсизби?.. Болуптур, мен сизге айтып берейин — баары бир биз экинчи көрүшпөйбүз да. Мындайча болгон менин үчүнчү аялым жеңил ойлуураак аял эле, ким билет, мүмкүн, мен да мында айыптуудурмун. Аягы суюк жан болчу. Турмушта ушундай адамдар да болушат да, туурабы? Кудай өзү билет, эгерде мен да айыптуу болсом. Мүмкүн, башымдан өткөргөн көп азаптардан кийин көңүлүм сууп, мен аны жакшы сүйө алган эместирмин.