Бороондуу күнү
Мукай Элебаев
Буга көп заман болду.
Кай жыл экени жадымда жок, январь айынын бир суук күнү жол келе жатып, кеч кирип бараткан кезде бир үтүрөйгөн боз үйгө бурулдум. Бул бир кашаттан түшө бериште, сарайчанын жанында жалгыз үй болучу. Күнү бою жөө басып, чарчап, анын үстүнө алдымдан утур карды-бороон болуп кетип, эми мындан ары жүрө турган чама жок эле.
Үйдүн эки-үч эркеги бар экен. Мен барганда мурунтан согуп отурган аңгемелери бөлүнгөн да жок. Жанындагы кишиге аркасын ыктай, отту карай демитип, этегин жамаачылаган көк мата көйнөгү бар, оттун табынан бөрткөн кызыл балтыр, сегиз-тогуз жашар секелектүү кыз отурат. Ушуга көзү менен мурду жазбай окшогон бир орто жашаган аял казан-аяк жак менен алаксып жүргөн.
Азыраак отургандан кийин төрдө сүйлөшүп жаткан сөздөрдөн улам кирпидей тикирейген коюу кашы бар, жайык жүз, уюган кара сакалы бул үйдүн кишиси болбосо керек деп болжодум.
Мага назарын салган ушунда бир кемпир болду. Бери болгондо жетимиштин кырындагы киши. Бул экөөбүз ортобуздан тутамдап саман жаккыдай гана жер коюп, катар отурабыз. Отун — ым. Бирде жалбырттап жанып кетсе, бирде жалп этип өчүп, үйдүн ичи күңүрттөй түшөт.
Кошунам экөөбүз бирөөдөн жашырын сүйлөшүп жаткандай табышыбыз акырын гана чыгат. Төрдөкүлөрдүн бир да жумушу жок. Бая мен келген ченде гана секелектүү кыздын артында отурган киши:
- Алдагы түйүнчөгүң эмне? — деп менден бир ооз кеп сураган.
- Ал дүнүйө дейсизби — өзүмө жараша бир көр оокат да...
Мындан кийин биз жайыбызга калып, алар өз алдынча боло берди. Аңгеменин эмки жагы малай жүргөн бирөөнүн акысы тийбегени жөнүндө болуп жаткан сыяктуу. Сөз баштап отурган кара сакал:
- Өзүнөн-өзү жүрүп, капкайда бир кудай урган ишке чарпылып алат.
Мындан илгерирээк кулагым чалганы: «Ошол жылы кара чечектен журт чөп чапкандай кырылбадыбы» - деген сөз эле.
Жанымдагы кемпир мага сүйлөп отурат:
- ...Бечара киши жан багышка орус ичи жакшы болот экен. Мынабу дөңдөгү кыштак ошол. Жолдо көргөндүрсүң. Келгенибиз беш-алты жыл болду. Бу жерде бизден бөлөк кыргыз жок.
Муну таштай берип, баятан болуп жаткан аңгемеге кайра көчтү.
- Жетимчиликти көп тарткан экенсиң. «Тескейге баратам» дедиңби?
- Ооба.
- Ата-энең качан өлгөн?
- Көп жыл болду...
- Кайра ошонуң жакшы, кулунум. Энең байкуш болсо, сен ушинтип жүргөндө «балам алда-кандай болду экен» деп санаркап куурабайт беле... Дүнүйө чиркин алмай-селмей оошуп отура турган неме. Акыр өлбөсөк сен да бир күн жетилип кетерсиң... Түнүчүндө көзү кургуру да көрбөйт. Болбосо тизеңдин береги жерин бүрүп берет элем. Чокойуң да суу...
Эшиктин ар кай жеринен зыркыраган борошо так менин тонумдун жыртыгын көздөп тургандай коолдоп, бир капталым муздап отурду.
Конор-конбосум али ачылган жок. Үй тар, адамы көп. Балким, мынабу казандагы тамак ичилгенден кийин бирөө: «Чырагым, эми жайды көрүп турасың» дей турганын ким билди. Мага келгенден ыкыласын салып отурган кемпирдин колунда бийлик жогун адегенден эле байкагам. Айтор, не болсо да, бул жагынан капарында жок кишидей камаарабай отура бердим. Анткени мындайды бүгүн эле көрүп отурган жан эмесмин го!
Адам өмүрдө кыйынчылыкты, каршылыкты канчалык көп кечирсе, шончолук чыдамкай, мыкты, бекем болуп отурат. Турмуш — оңойго түшкөн «оюн» эмес. Качан да болсо каршылыктан, кыйынчылыктан кайтпатан адам гана бактылуу. Буга каршы тура албай кайра тартуу — жеңилгендиктин белгиси.
- Бул да бир күн унут болор, балам. Көргөн-билген — баары тең артта калмак. Мал да, дүнүйө да эч кимге опо болбойт...
Ушундан кийин көпкөк тарамыштары саналып турган, калтыраган, этсиз, арык колундагы жыгач менен отту көсөп жиберип, шол жерге мелтирей кадалып, тынып, ойлоно калган каргылданган көзүндө: «Эми бул жалгандан менин кетериме да көп калган жок» деп айтчу кишидей кескин бар эле. Бирок мындайды кемпир бир айткан жок. Кадалган ойдун артынан козголуп коюп, куураган чачынын арасына кол жүгүртүп, кежиге ченин кашып алды да, мага шыбырачу немедей жакындай түшүп, акырын гана:
- Бөрк алдында не болбойт. Дос, душманды айрып жүр. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт, — деди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.