Бороондуу күнү

Мукай Элебаев

Бороондуу күнү

Түн бир далай мезгил болгон сыяктуу. Казан чыгарылды. Самандын ачуу түтүнү чамгарактап чыкпай уюлгуп, кайра каптап турат.

Табак төрдөгү эркектерге гана тартылды. Мага бир арканын омурткасы тийген. Койдуку. Үйдүн аялы өзүнө алып калган бирдемесин жулкуп жеп, күйпөңдөп казандын жанына каралап отурат.

- Отту жаркырак кылып койгулачы?—деп бирөө чулчуңдап чайнап жатып эшик жактагы кемпир экөөбүзгө карай буйрук этти.

Бул арада мындан бөлөк унчуккан киши болгон жок. Жалгыз секелектүү кыз колундагы кар жиликти чагам деп убараланып жатканда:

- Сый чабасың, түгөнгүр, кой! — деп ачууланып, энеси керкини колунан алып койду.

Мен жалгыз омуртканы мүлжүп, таштай берип, карап калганым менен табактын эти да көп эмес эле. Туш-туштан жабылган ооздор табактын үрөйүн учуруп, бир дем калтырбай отоп жиберди.

Кол жууп, бир кыйла кобурагансып отургандан кийин журт орундарынан түйшөлүп, жатууга кам ура баштады. Сыртка чыгып бараткан бирөө шимшилеп кирип келген кара канчыкты «кет» деп жаза-буза бир сала, жолунда кыйрайып турган сынык эргилчекти түзөп коюп, кыңшылаган ит менен удаа чыгып кетти.

Кемпир болбогондо мен унут кала жаздаган окшоймун.

- Э, ботом, Жийдекан, бу бала эмне болот? — деди бир кезде ал.

- Апээй, катыгүн... мен...

Бул убакта кара сакал дагы бир жигит жатып да калган.

- Жеңеке, бүгүнчө мени батыргыла. Мындан бөлөк корголор жерим жок келип отурам. Наяты бир түнөп кетет экенмин,— деп мен да кемпирге кошумчалап койдум.

- Эми кандай кылам? Кап! Төшөктүн баары салынып...

- Баягы тердик кана?

Мунун жообу да бар экен:

- Аны башка жаздап койбодум беле. Жатарга чолоо жер да калбаптыр...

- Иши кылып бирдеме бер.

- Болсо мен аяп отурамбы? Жүк тирелип тургандай сүйлөйсүңөр да?! — деп бу жерге келгенде кемпирди бир каарып өттү.

Ошентип туруп Жийдекан бир кезде жаалап жиберген далдалчылардын сүрдөнү менен арзан сатылып бараткан малына кейиген кишиче кынжылып барып, эңкейип канжыгадай самсаалаган тердикти сууруп алганда төшөгүнүн башы жапырайып калды.

- Ушул эле болот мага,— деп ирегеде жаткан бир кап тезектин жанына тердикти жая салдым. Жаздыгым ошол боло турган. Бут сунар жер жок. Жанымда коломто.

Жатканымдан кийин бир талпакты сүйрөп келип үстүмө таштап койду да, кемпир:

- Эртең бороон бастаганда кет. Жолдо куруп каларсың...— деди күңкүлдөп.

От өчтү... Үй жер кепедей караңгы. Жымжырт. Жалгыз гана тыштан улуган бороондун күчү менен илдибары кеткен жаман үзүк делпилдеп, үзүктү сабап турду...

Эртеси бул үйдөн бир адам серпиле электе туруп алып, жолго түштүм. Мунумду кечөкү мээримдүү кемпир да билбей калды. Аны кетерде бир байкаганымда колу, бутун мышыктай чогултуп, уйпаланган, жүдөгөн башы койнуна думбаланып, мууздаган малдай кыркырап жаткан эле.

Тышка чыксам бороон басаңча тартып калган экен. Бирок күн али бүркөк.

Кантсе да кечке жетермин деп, тээтиги көк тиреген, мунарган ак кардуу бийик заңгелди бет алып, бир талаада кетип бара жаттым.

*    *    *

Бүгүн карасам ошондон бери баскан сансыз жол булдурап алда-кайда калган.

Ийе, буга таң кала турган эчтеме да жок. Анткени, шол кездерде эски заманда кечирген өмүрдүн бул бир гана күнкүсү го.

1930-жыл 26-февраль.

09.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.