Эки ирет гүлдөөчү алмалар
Мурза Гапаров
– Эми… – деди бир кезде энеси, дале баласынын башын өз көкүрөгүнөн бошотпой, – ушинтип чечипсиң, мейли… Бирок, Сардал, атаңа баргандан кийин ага мен жөнүндө айтпай эле койчу?
– Жок, – деди уулу энесинин кучагынан бошонуп. – Айтам. Бардыгын айтам. Сенин жер кепеге окшогон үйүңдү, анын ушунчалык жардылыгын, өзүңдүн ыраңыңдын азгандыгын, кийген киймиңдин жупунулугун, кылган түйшүгүңдүн оордугун, нан жок болуп калган учурларда кирин жууп берип студенттерден акча алганыңды, өзүңдүн ушунчалык жалгыздыгыңды, ооруканада бирге иштешкен кир жуучу аялдардан башка сени шаарда эч ким тааныбастыгын, ушундай абалыңа карабай, күйөөңдүн алган акчасын бүт ичип келип сени ырайымсыз сабаарын – баардыгын-баардыгын айтамын.
Эне көзүнө толуп чыккан жашын сыгып, токтоолук менен:
– Сен минтип мага жардам кылбайсың да, Сардал? -деди.
– Ошондой болсо да…
– Кубатым, сен али көп нерсени түшүнбөйсүң. Эгер билсең, чоң кишилер да жаңылышат. Баарынан жаманы: алардын ар бир катасы өтө кымбат баалар менен төлөнөт…
– Ох, апа! -деди бала, башын кайрадан апасынын көкүрөгүнө катып. – Биз бир кезде кандай бактылуу элек… Өз атам үчөөбүз… Өзүбүздүн үйүбүз, уюбуз, коргонубуз, багыбыз бар эле… А билесиңби, апа, эки түп алмабыз күзүндө дагы бир жолу гүлдөөчү эле? Билесизби ошону, апа?
– Угу, – деди апасы болор-болбос жылмайып. – Бирок дайыма алардын мөмөлөрү бышууга үлгүрбөй калуучу. Бат эле суук күз келип, анын артынан кыш түшүп…
Анын көзүнө жаш толуп чыгып, анысын балага байкатпас үчүн башын түптүз көтөрүп алыска, алыска карады. Көздөрүндөгү мөлтүрөгөн сууларга күндүн нурлары, аппак булуттар, бозомук тарткан асман чагылыша түштү.
– А эсиңдеби, апа, атам үчөөбүздүн шаарга барып, мага велосипед сатып келгенибиз? Ал азыр ошол бойдон атканада турат. Эгер сенин, сага келгенимде кайра атама жөнөтпөй коёруңду билсем, мен аны ошондо эле шаарга ала кетет болчумун. – Бала бир азга ойго батып унчукпай калды. Кийин деми кысыла:
– Апам-ай, ошондо эмнеге гана уруштуңар экен! – деди. – Бардыгын кылган сен… Болбосо кийин деле жарашып алсаңар болмок. Атам, бечара, канчалык кечирим сурабады сенден? Күйөөгө чыкканыңдан кийин да келип жүрдү. Ал турмак быйыл эле, жакында да келбедиби. А сен болсо…
– Жүрчү, Сардал, – деди апасы терең дем алып. – Сени бир аз узатып коёюн.
Эне-бала бири-бирине ыкташып, үн-сөзсүз жүрүп отурушту.
– Сардал… – деди анан апасы бир топ басышкандан кийин. Негедир кыйналып-кысталып: – Сен атаңа айтчы… Эртең дем алыш… Сени ээрчитип шаарга келсин… Экөөң мени, баягыда сенин жаңы алынган велосипедиңе жел толтурган жерибизде, талдын түбүндөгү супада күтөсүңөр. Куппу?
– Апа… – деди уулу күтүлбөгөн кубанычын жашыра албай.
– Бар, бар эми… – Эне токтоду.
Бала адегенде энесинен көзүн алалбай, беш-алты кадам кетенчиктеп барып, кийин артына улам-улам кылчактап коюп узай баштады.
Эне болсо, жолдун ортосунда далдая туруп, уулу сапсары буудайдын арасына таптакыр сиңип кеткиче андан көзүн албай карап тура берди…
Бала энесинин башы капкара чекитке окшоп, анын жылып баратканы же токтоп турганы билинбей калганча барып, кийин токтоп, ботинкаларын чечип, аларды бири-бирине байланыштырып, ийинине илди да, анан шымын тизесине чейин түрүп алып, астейдил басып жөнөдү.
Анын көңүлү көтөрүңкү болгондуктан, жол катары эргип-эргип чуркап, же аксаң кулак атып ойноп, эс алган жеринде чегирткелерди тиштештирип, буудайдын ичинен көпөлөк же саратан кубалап, жолдон адаша калып жүрүп отурду. Күн отуруп бараткан кезде буудайлуу талаа бүтүп, ал өзүнө тааныш, бийик, коюу камыштар өскөн сазга чыга келди. Ушул жерде буудайдын ичиндеги жол да башка жакка кайрылып, бала камыштардын арасындагы жалгыз аяк жолго кирди. Камыштардын ичинде жаңыдан караңгылык түшө баштап, андагы жапайы өрдөктөр жатар конок издешип, ары-бери учуп жүрүшүптүр. Бала үч-төрт минутадан кийин саздан чыгып, колхозчулардын тамарка жерлерине туш келди. Ал тамарка эгиндерди, кийин кыштактын бактарын, үйлөрүн аралап барып, акырында өздөрүнүн коргонуна келип жетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.