Эки ирет гүлдөөчү алмалар
Мурза Гапаров
Дарбаза негедир ичинен жабылуу экен. Бала тешиктен карап алмалардын түбүндөгү сөрүдө олтурган кемпирди, очокко от жагып жүргөн жаш аялды, велосипедге жел толтуруп жаткан өзү теңдүү баланы көрдү. Өмүрүндө көрбөгөн бул чоочун кишилер аны аябай таң калтырды. Ал бир топко не кыларын билбей, нес болуп туруп, кийин шымынын багалектерин түшүрүп, ботинкаларын колуна алды да, өзүнүн кичинекей муштумдары менен дарбазаны акырын койгулады. Ошол замат коргондун ичинен кемпирдин шырп-шурп үнү угулуп, көп өтпөй дарбазанын оор чынжырлары шалдырай түшүп, анын алдына ыраң-оройлуу жаш аял келди.
– Арбаңыз… – деди бала аялдан бир аз сүрдөп.
– Бар бол, кел?
– Келдим… Жакып аке үйдө бекен? – Ал негедир “атам” дегиси келбеди.
-Жок. Суу сугарып жүрөт. Эмне, ишиң бар беле?.. Айта бер, мен анын аялы боломун?
Бала аялды тиктеп туруп калды. Ушул учурда аялдын жанына велосипедин жетелеп бала келди.
Сардал баланын жүзүнө карабай туруп, көз кыйыгын велосипедге таштады. Велосипеддин бир аз майышкан рулунан анын өзүнүкү экенин тааныды. Ошондо анын кой көздөрүнө жаш толуп чыгып, муну ал берки жат кишилерге көрсөтпөс үчүн артына бурулуп кетти.
Беркилер бирин бири таңдануу менен карап алышып, анан кайрадан дарбазаны жаап алышты.
Сардалдын ындыны өчүп, коргонду бойлой басты. Бурчка жеткенде көчөнүн баш жагынан дабырап келатышкан уйларды, алардын артындагы чаңдын арасында көчөнү жаңыртып сүйлөп келатышкан балдарды көрүп, тык токтоду. Ал уйларды да, алардын ээлерин да таанып, ошол замат өзүн караңгылыкка тартып дубалга жөлөнүп туруп калды. Анын эски досторунун алдында сууга ыргытылган күчүктөй, аянычтуу бүжүрөп тургусу келбеди.
Обочороок жерден тойгон курсактарын араң көтөрүшүп, сүт жыттанган желиндерин чайпалтыша, турмуштун марттыгына ыраазы болгондой ныксыра басышып уйлар өтө башташты. Балдар Сардалды байкашпады. Алар козу карындын күн күркүрөгөндө чыгышы же чыкпасы жөнүндө талашка абдан алаксып калышыптыр.
Сардал алардын узай түшүшүн күтүп, ордунан жылбады. Ошол кезде анын так төбөсүнөн тили каткан булбулдун “чикак” деген аянычтуу үнү угулду.
Бала карай берип баятан бери байкабаган, дубалдан ашып, мөмөлөрүнүн оордугунан төмөн ийилип турган алма шактарын көрдү. Булар алиги өзгөчө, жылына эки ирет гүлдөөчү эки түп алманын шактары эле… Бала алмалардын ар бир шагын, ар бир чырпыгын сагынып-сагынып карай баштады. Кокусунан, бир нече шактан таңкы жылдыздар сыяктуу гүлдөр көрүндү.
Баланын көздөрүнө кайрадан жаш толду. Эми гүлдөр анын көзүнө булактын түпкүрүнөн көрүнүп жаткансышып, алыстан күңгүрттөнүп, бири-бирине кошулушуп, акырында бир үзүм ичке булутка окшоду…
Бала көз жашын бир сызып алып жолго чыкты. Ал кыштактын үйлөрүн, бактарын, тамарка эгиндерин артка таштап, камыштуу сазга жакындады. Ушул жерден ага бир кара ит жолукту. Ит жолдун четиндеги өскүлөң чөптүн арасында ары-бери чуркап, секирип, коңуз тутуп жеп жүрүптүр.
Сардал аны бир азга тааныбай туруп, анан тааныды. Өздөрүнүн ити экен. Ал баланы байкаган жок. Бала итин чакырып алып, өзүнүн кичинекей кезиндегидей анын мойнунан кучактагысы келди. Бирок анда тигинин таптакыр ээрчип алышынан коркуп, а эгер ээрчисе, ага шаарда жашоо кыйын болорун ойлоп, тим болду. Балага иттин азыркы эркин, эчтекеден бейкапар жүрүшү жагып кетти. “Сен дале бактылуу экенсиң…” – деди ал иттен көзүн албай, жай баратып.
Бирок кокусунан ит аны байкап калды. Ал ошол замат чуркап келип, балага асылып, анын бети-колдорун жыттагылап, кыңшылап ага болгон өзүнүн иттик сагынычын, сүйүүсүн билдире баштады.
Буларды көрүп туруп баланын жүрөгү жибип кетти. Ал бирпаска иттин маңдайынан сылап туруп:
– Кетесиңби мени менен, а? Кетесиңби? – деп сурады.
Ит анын колун жалмалап, куйруктарын шыйпаңдатып жооп берди.
– Эмесе, жүр! – деди бала.
Ит чын эле ээрчип жөнөдү. Алар камыштардын арасына киришти. Камыштардын ичи терең, үңкүрлөрдөгүдөй караңгы, тынч экен.
Бала сокурларча жолду буту менен таап, колдорун арбалаңдатып, бетин камыштардан коргоп, акырында буудайлуу талаага чыкты. Ал адегенде буудайдын арасынан өзү келген жолду тапты. Кийин шашпастан шымынын багалектерин кайра түрүп, ботинкаларын ийнине илди, анан, негедир, алды жагында жаткан, капкара деңиз сыяктанган талааны бир карап алып, чарчап, зырылдап ооруй баштаган буттары менен сенделе басып буудайдын арасына кирип кетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.