Кара курт

Мар Байжиев

Кара курт

 

Бул иш мындан он чакты жыл мурун болгон, –  деп баштады аңгемесин профессор.–  Мен анда жаш врач элем, чачыма да ак кире элек, согуштан жаңы келгем. Фрунзеден Ысык– Көлгө командировкага жиберишти. Машинабыз бузулуп жолдо бир айылга токтоп калдык. Жанымда Степан деген жолдошум бар, биз ошол айылга конуп, эртеси ары, Түпкө кетмек болдук. Ал жылдары Түптүн ооруканасында келте, безгек жана башка жугуштуу оорулар менен ооругандар көп эле. Мына ошолорго дары-дармек алып бара жатканбыз. Биз түшкөн үйдө бир кичирээк кыз жана алтымыштардагы аял бар экен. Чарчап келгенбиз, кайнаткан чайынан оозубузду күйгүзө-күйгүзө ууртап, кантыбыздан, туздалган балыгыбыздан кыз менен аялга бердик да аны-муну сүйлөшпөй, ата-бабаларын сураштырбай эле уйкуга кирдик. Согуш жаңы эле бүткөн, оор жылдар элдин көкөйүнөн кете элек. Биз берген төрт-беш тоголок кант жана туздалган балык аларга алда кандай укмуштуу тамак көрүнсө керек. Кичинекей кыз далайга дейре кытыратып кант кемирип, аял үшкүрүнүп чай ичип олтурушуп, түн ортосу оогондо жатышты окшойт. Алар жатары менен дүбүрөгөн аттардын дабышы чыкты. Кимдир бирөө терезени камчы менен койгулап «Эсенкул! Эсенкул! Бери чык!» – деп кыйкырды.

Мен уйкулуу көзүм менен эмне болуп кетти деп, көйнөк, дамбалчан эшикке чуркап чыктым.

Ооздугун шылдыратып эки-үч ат тургансыйт.

– Ой, Эсенкул, мобу атты минип жайлоого чаап, таң атканда жетесиң, бол батыраак! – келгендердин бирөө коштогон атынын чылбырын мага ыргытты. Кылдан эшилген кара чылбыр колумду сайгылады.

– «Эмне болуп кетти?!»    үйдөгү аял чапанын жамынып чыга калды.

– Эсенкул жок, бүгүн Балыкчыга кеткен!

– Сабыр кылыңыз, Шааркан жеңе, Сыдыкемдин шайманы бошоп калды.

Эсенкулга айтчу керээзим бар дейт.

– Шааркан жеңе «оо кокуй», –  деп чаңырып чалкасынан кетти.

Жигит аттан секирип түштү. Экөөлөп үйгө киргиздик.

– Эмне болуп кетти? – деп сурады Степан ойгонуп.

– Оорулуу адам бар бекен, бүгүн коркутуп жатыптыр, –  дедим мен орусча.

– Жок, агай, сопсоо болучу, кара куртка чактырып алып, эти ысып– күйүп чыдабай жатат, –   деп түшүндүрдү мага жигит.

– Кара курт?!

– Ооба, агай!

– Жайлоодо болсо, кайдагы кара курт?

– Билбейм, ошондой деп жатышат.

Жигиттин бул сөзүнө ишенген жокпуз, эл ар кандай айта берет эмеспи.

Аңгыча Шааркан жеңем эсине келип, кызын кучактап алып кошо баштады.

 

– Оо, кокууй бир ала-ат береним.

Элге көп кана тийген керегиң, а.

Саруулаткан… дартыңды, а-аа,

Кимге бир гана айтып беремин.

Жайлоого жайдың малыңды, а-аа,

Кара курт кана алмак жаныңды…

Момунум билген күн мурун… а-аа

Моминтип гана кепин жамынды… а-аа…

Кичинекей кыз кошо чырылдап ыйлап, зээнибизди кейитти. Бүткүл турмуш ушул түндөй караңгы, жалаң ый, капа, куурал менен өтчүдөй сезилди, өзүм да жашып кеттим.

– Коюңуз жеңе, жаман жорукту баштабаңыз, балким айыгып кетер, ооруканага жаткызыш керек… Балким суук тийгендир, же сыркоолоп калгандыр, –  өмүрүмдө кишиге кайрат айтып көргөн эмесмин. Өзүм врач болсом, дагы эмне деп айтмакмын?

– Жок, береним. Жанынан эчак түңүлгөн, көзү ачыгым аны эчак эле билип койгон, –  деп аял ыйлай берди.

Адегенде баягы эле уккан кошоктордун сөзү деп кулак салган эмемин. Бирок аял башкача бир сөздөрдү айткансыйт.

– Коюңуз, жеңе, сабыр кылыңыз, балдарыңыздын ден соолугун, Сыдыкемдин аманчылыгын тилеңиз, балким айыгып кетер, –  деп дагы айткансыдым. Шааркан жеңем кичине соолуга калды.

– Жок, иним, кудай маңдайга жазгандан кантип кутуласың? Миң жолу аман калсаң да өл деген жериңен өлөсүң. Сыдыкең мурунку жолу аман калган, эмки жолу кудайым анын жанын аман калтырбас, –  деди да кызын бооруна басып «жетимим» деп дагы кошокко киришти.

Аялдын сөздөрүндө кандайдыр терең жана татаал табышмак бар сыяктуу, бирок, аныктап сураганга оозум барбады.

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.