Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»

аңгеме

Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»

Сейфтен чоң блокнотун алды. Блокноттун биринчи жарымында ырас эле колхоздун экономикасына байланыштуу эсеп-кысап бар. Ай сайын болуучу өзгөрүштөр: киреше, чыгаша малчылардын бири-бирине оош-кыйышуулары, карыздары ж. б. чыгымдар… Экинчи жарымында болсо өңчөй жалгыз бой аялдардын учету… Ошону үчүнбү, бул блокнотту өзүнөн башка жан көрчү эмес. Абдан зарыл болгондо, учетко өзгөртүү киргизгенде үйүнө бекинип, блокнотту жалгыз өзү ача турган.

Алыбек колхоздун мыкты экономисти. Башка чарбаларга ревизия болгон учурда аны тажрыйбалуу адис катары райондун жетекчилери көп пайдаланышат. Адистиги кандай болсо, ишке мамилеси, жүрүш-турушу ошондой так. Ашык сөзү жок, өзү да, мүнөзү да калыпка куюп койгондой…

Айылда бул блокнот жөнүндө эч ким эч нерсе билчү эмес. Жалгыз бой аялдардын учету адегенде жөнөкөй тизмеден башталды. Катар номуру, аты, фамилиясы жана адреси. Жылдан жылга тизменин көлөмү көбөйүп, ар кандай графалар кошулуп, өзүнөн өзү бой аялдардын учетуна айланды да калды.

Эмне үчүн жалгыз бой? Жесирби, эрден өзү чыкканбы же эри кое бергенби? Жесир болсо ачык жазат. Эри күнөөлүү болсо, асты көк сызык менен, өзү күнөөлүү болсо, кызыл сызык менен белгиленет. Айрым аялдардын аттарынын асты ийри сызык менен сызылган. Мындайлар 30-40 жаштын ортосундагылар, башкача айтканда, каалаган курактагылар.

Учет. Жалгыз бой аялдар райондо канча, алар кимдер жана кандай немелер экенин күзгүдөн көргөндөй дапдаана. Алар менен сүйлөшүүнүн кажаты болбой калды. Керек убакта учетту аңтарса, каалаган суроолорунун баарына жооп табылат. Алыбек учеттун кереметин жана ансыз жашоого болбой калганын түшүндү.

Мына кызык! Экономисттин адистиги аялдар турмушун үйрөнүүгө жарай турганы Алыбекке жаңы ачылыш сыяктуу таасир калтырды. Учет деген жөн эле эсеп-кысап эмес, адамдарды үйрөнүү, эгер билгиңер келсе — өзүнчө илим. Аны үй-бүлө жумушуна гана эмес, үй-бүлө турмушуна, кишилердин өзара мамилесине да колдонууга болот.

Кайсы бир көөдөк эркектер аялдын ким экенин үйлөнгөндөн кийин билишет, айрымдары ажырашкандан кийин гана билишет. Ошолорду эмнеликтен деп ойлойсуңар?!

Нике жаңыртууга үмүттүү эркекке зарыл нерсенин баарын таптым,— деп Алыкең токпейил болуп жүргөндө ушу кереметтүү учет жооп бере албай турган татаал суроолор пайда болду. Бул суроонун туулушуна себепчи — райондун борборуна көчүп келген жалгыз бой аял Айжаркын. Анын аты-жөнү менен эч кимдин иши жок, «бир жакшы аял» келиптир деген кабар айылдан айылга дүңк этти.

Эмне үчүн «жакшы» аял? Эгер чын эле жакшы болсо, эмне үчүн эки эрден чыккан? Биринчи күйөөсү аны туубаганы үчүн чаныптыр, экинчи күйөөсү аракеч болгону үчүн аны өзү таштап кетиптир.

Алыбектин учетуна «жакшы» аял, «жаман» аял жөнүндө, канча эрден чыгышы жөнүндө графа жок эле. Экинчи суроону оңой эле аткарды. Баарын тактап чыгып, бир эрден чыккандарга латынча Ү, эки эрден чыккандарга ҮҮ, үч эрден чыккандарга ҮҮҮ тамгаларды койду.

Аны биринчи суроо көбүрөөк ойлонтту.

Айылдагы бир кызык өнөкөт: аялдарды «жакшы катын» же «жаман катын» деген баа менен үстүртөн баалашат. Кандайы жакшы, кандайы жаман экендиги аныкталбайт. Мындай баага аялдар өздөрү да кайыл. Окус эки катын урушса, бири бирин «ай, өлүгүңдү көрөйүн жаман!» — дешип кемсинтишет. Кимиси жакшы, кимиси жаман экенин териштирбей, бири биринин кебин укпай ажылдашып, бакырышып, кимиси кемчилигин көбүрөөк чукуп, сөөгүнөн өткөрө тилдесе, ошонусу беркисин басынтып, жеңишке ээ болгонсуйт.

Жаңы келген аялдын дагы бир артыкчылыгы — фамилиясынын аягында беш илеп белгиси (!!!!!) коюлган. Булар кардал оолгондордун саны. Алардын ичинен үчөөсү өбөктөгөн абышка, өздөрү келбей жуучу жиберишиптир, экөөсү эр ортонундагылар. Аз күндүн ичинде сөз салган беш кишини тең томсорткон кандай аял болду экен?

Алыбек учет жооп бере албаган суроолорго жооп табуу үчүн Айжаркынга өзү бармак болду. Мүмкүн жакпас. Жакпаса жакпасын, эч болбосо, жакшы катын кандай болорун билгени, учетун жаңы графа менен толуктаганы олжо эмеспи!

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.