Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»
аңгеме
Ошентип, турганда жолдошу зоотехник Мырзакан келди. Аялдын азабын ал да өз башынан өткөргөндүктөн, Алыбек жолдошуна кеңеш айтууга келген экен.
Сөздү катуулап баштады:
— Дүйнөдөн так өткөнү жүрөсүңбү? Жаның болсо кыймылдабайсыңбы!
— Кыймылдап эле жүрөм. Эми эмне кыл дейсиң?! Учуп кет дейсиңби? — Досу тамашага чаптырды.
Ары-бери сүйлөшүп, экөөбү Айжаркынга жооптошуу үчүн бармак болушту.
Айжаркын тоту куштан жасанган сымбаттуу аял экен. Кулагында бөрү тил алтын сөйкө. Колдору да, тиштери да жаркырайт. Өз боюн мыкты күткөн сыяктуу, үйү да мизилдеген таза. Мындай аял эрине карамдуу келет. Ашыналарды жана чөйрөнү тандай билет. «Аршин мал аландагы» Султанбек абышка айткандай, анча-мынча киши менен бирге туруп, оокат ичүүнү каалабайт. Эшигинен кирип келгенде эле эки эркекке абайлап көз салды. Алыбек аны тике карай албай, эмне үчүндүр апкаарыды. Тоту куштай түрдөнгөн аялдын тике карашынан сүрдөндүбү же көптөн бери ургачы менен беттешип көрбөгөндүктөнбү? Мырзакан болсо, аялдан бириңтай неме, ага эски таанышындай күлө карап, биринчи болуп кол алышып учурашты.
Кыраакы Айжаркын кимиси күйөө, кимиси күйөө жолдош экенин ооздорунан сөз чыга электе эле тааныды.
Меймандар отургандан кийин таанышышты. Алыбектин атын угар менен ал башын ийкеп, ойлонуп калды. Болжолу анын жөн жайынан кабардар окшойт.
Өзү уккан Алыбек менен, азыр көрүп турган Алыбекти өз кыялындагы каалаган күйөөнүн сапаты менен салыштырды. Алыбек өзү угуп жүргөндөй карапайым, бир сырдуу, саал уяң экен. Мындай кишинин колунан арамдык, кыянаттык келбейт. Бирок бир сырдуулугу, түнттүгү жубайын тажатууга мүмкүн. Жашоо үчүн, жыргап-кууноо үчүн берилген өмүрдүн кадырын мындай эркек түшүнбөйт. Күлсөң күлкүнү ашык көрөт, тамашадан өөн табат, дагы бир жаман жери — үнөмчүл келет, казан-аякка кийлигишет. Мындай киши менен кантип жашоого болот — деп ойлой баштады.
Алыбек болсо Айжаркындын ачыктыгын, эрсиз жашай албасын, буга үйлөнгөн эркектин зерикпесин түшүндү. Андан, башка бир келинди эстеди. Отуз жашында күйөөсү чанып таштаса, турмуштан көңүлү сууп, экинчи жолу эрге тийбейм — деп коюптур.
Айжаркынга минута өткөн сайын мейман башкача көрүнүп жана ага өзү жакканын баамдады. «Кишини түшүнөт экен. Демек акылдуу, жүрөк сырын сыртына чыгара албаган, кайгыны да, кубанычты да ичтен сызып өткөрүүгө көнгөн, туруктуу эркекке» окшотту.
Айжаркын эркектерди беш колундай билем деп ойлой турган. Көбүнчө ачык, шайыр жигиттерди жогору баалай турган. Бирок андайлар менен шынаарлаша турган курактан өттү. Эми ага баарыдан эркектин туруктуусу жакшы. Мына ушул сапатты Алыбектен тапты. Аны сөзгө тартып, кандай киши экенин, мамилеси кандай экенин билгиси келди. Бирок сөзгө сараң Алыбектен «ооба» же «жок» дегенден башка үн чыкпады. Аны кандай болбосун тилге киргизүү керек эле.
— Кенен отуруңуз, — деди Айжаркын шыңк этип,— менин үйүмдү өз үйүңүздөй көрүңүз.
Ошол учурда Мырзакан койнунан эки бөтөлкө сууруп чыкты. Тиги экөө ичкиликке кумарлуу карашпаса да, мындай сонун кезигүүнүн убагында кичине сеп эттирип коюуга болот деген кыязда бирин бири тиктеди.
Экинчи тосттон кийин Айжаркын — «Сүйлөй отуруңуз» — деп Алыбектин москоол колун назик алаканы менен сылап койду. Электр тогунун учкуну тийгендей денеси дүр этип, иреңи албууттанды. Менде сүйүү оту капкачан өчкөн деген ишенимдеги Алыбек «махабатым күлгө айланбаптыр, жалын тийсе, кызыл чоктой жана турган көмүр болгон турбайбы» деп болжолдоду.
Алыбек сүйлөгүсү келип, бирок эмне айтарын билбей отурган. Ыкласын иреңинен эле түшүнгөн аял анын денесин балкытып, сөзгө келтирүү үчүн рюмканы улам көтөрүүдө. Эки эркек шектенбесин үчүн өзү да кылт эткизет.
Ичкилик кыйла ичилди. Ырас эле Алыбектин денеси балкып, ушул үй, меймандос сымбаттуу аял, жадаганда ээрчитип келген жолдошунан бери көзүнө сонун көрүнөт. Качанкы жоголуп кетип табылган курбулары менен табышкансып чечекейи чеч. Бирок сөз чуурутпайт. Тескерисинче, ичкиликке алдырган сайын тили буулуп бараткансыйт.