Мурза ГАПАРОВ: Байчечек

аңгеме

Мурза ГАПАРОВ: Байчечек

 

– Эмне, мен кошо барайынбы? – деп эсинеп койду аялы.

 

– Кереги жок, деди Кыяз. – Кемпир али өлө элек. Анын үстүнө, сен ал кишини көргөн да эмессиң. Андан көрө, тынч жатып, уйкуңду уланта бер, айдыңым.

 

– Жакшы бар. Чыгып баратканыңда, эшикти акырыныраак жапчы. ..

 

Кыяз анын айтканын кылды.

 

Аэропортко басып келсе, түшкө чейинки рейстерге билет жок калыптыр. Калп айтууга туура келди.

 

– Өлүк көмгөнү баратам, – деди ал, муңайым түр менен.

 

Анан бул калпы жеңил-желпи эле айта салганына өзү да таң кала түштү. Бирок ошол эле замат, а мүмкүн бул калп эместир, чын эле энем өлүп калгандыр деп, өзүн кайра актап жиберди.

 

– Айтканыңызды ырастай турган бирдемеңиз барбы? Мисал үчүн, телеграммаңыз? – деп сурады кассир аял.

 

Кыяз бул кайгылуу кабарды телефон аркылуу билдиришкенин айтты. Кассир аны ишенип, ишенбей тиктеп туруп, кийин жөнөп жаткан самолётко бир билет жазып берди.

 

Самолёт бар болгону элүү минут гана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бери Фрунзеден эч жакка чыккан эмес. Мына эми, шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, ал өзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча, түндүк менен түндүктү бөлүп турган тоолордон өтүп баратканда жүрөгү туйлап кетти.

 

Тоолордун кары кете элек экен. Жакында кетчүдөй түрү жок. Тоолор бири менен бири туташып, алардын кокту-колоту да жакшы билинбей, агарган бир кең мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат. Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесик оор булуттар калкып жүрөт…

 

Самолёттон кийин Кыяз таксиге түштү. Такси аны туура өз кыштагына алып келди. Энеси өлүптүр. Муну ал атасынын эшигине чогулган элди көргөндө эле түшүндү. Көпчүлүк, машинаны бурулуп карап калды. Кимдир бирөө шашып-бушуп үйгө кирип кетти, ошол замат тынч турган үйдөн ый угулду. Дагы бирөө топтон бөлүнүп, Кыязды утурлай жөнөдү. Жолдош почточу экен көрсө.

 

– Келдиңби, үка? – деди почточу, Кыязга нары-бери колун берип.

 

– Эми мен эмне кылайын? – деп сурады Кыяз андан, башка кеп-сөзгө келбей туруп.

 

Ал дароо өзүн жоготуп койду. Бирок күйүттөн эмес, күйүттү али сезе элек, жөн гана өзүнүн жаңы акыбалынан шаштысы кетип калды. Жашы отуз бешке келип, ал эми өлүм-житим дегенди башынан өткөрө элек болчу, а бул жерде таэнеси өлүп жатат. Тигинде бир айылдын эли аны жабалактап карап турат. Эмне кылышы керек?

 

– Ыйлап мени ээрчи, – деди почточу.

 

Кыяз ээрчирин ээрчиди. Бирок ыйга даяр эмес эле. Ал өмүрүндө өзгөгө ыйлап көрбөгөн жан. Тигил турган элден сүрдөп, баштагандан тартынып, шыпылдаган почточунун артынан шыпылдап басып кете берди.

 

– Өкүр, өкүрбөйсүңбү! – деп шыбырады почточу, ага кыйгач кайрылып. Анын сөздөрү жемеге окшоп угулду.

 

Кыяз бар тобокелге салып:

 

– Энем-ой, энем-ой, – деп кирди.

 

Бул сөздөрдү ал жөн гана сүйлөп койбостон, ыйга мүнөздүү обонго салып, созуп муңдуу кылып айтып атты. Бирок көзүнө жаш келген жок. Шондуктан, курган көздөрүн элден жашырыш үчүн, плащынын чөнтөгүнө колун салып, жүз аарчысын издей баштады. Кол салган чөнтөгүндө жүз аарчысы жок болуп чыкты. Ушул тапта, анын оюн түшүндүбү, кимдир бирөө чуркап келип, колунан портфелин ала койду. Кыяз бошой түшкөн колу менен башка чөнтөгүнөн жүз аарчысын таап, көздөрүнө тутту…

 

Почточу экөө ээрчип келип, ый чыгып аткан үйгө киришти. Адегенде далиске, кийин төркү бөлмөгө өтүштү. Бөлмөнүн ичи караңгы экен, Кыяз босогого чалынып, почточунун далысын сүзүп алды. Ошондо жүз аарчысын жылдыра берип, ыйлап аткандарды чала-була көрүп калды. Ыйлагандардын баарысы өзүнүн туугандары болуп чыкты: атасы, апасы, ага-инилери, эже-карындаштары, жеңелери… баарысы жалгыз кишилик жыгач сөрүнү тегеректешип, тикесинен ыйлап турушат. Сөрүдө энеси жатыптыр. Соо кезинде бүкчүйүп жүрчү кичинекей кара кемпир, эми буттарын сунуп, боюн түзөп, узун болуп калыптыр. Үстүнө жабылган кара бакмалдан анын эч нерсеси көрүнбөйт. Кыяз энесинин жүзүн ачып көрүшү керекпи, биле албай койду. Жүрөгү эчтеке дебеди, а салт боюнча кандай болорун ал билчү эмес. Шондуктан, энесине эки кадамдай жакын келип, кимдир бирөөнүн катарына туруп алып, мурдагыдай эле:

14.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.