Мурза ГАПАРОВ: Байчечек

аңгеме

Мурза ГАПАРОВ: Байчечек

 

Көпчүлүк гөргө топурак сала башташты. Бала андан бетер күчөп ыйлады.

 

Кокусунан асманда газала сайрап жиберди.

 

Кыяз көптөн бери газаланын үнүн уга элек болчу. Жалт этип асманды бир карап алды. Бирок өзүнүн каерде экенин эстеп, уяла түштү. Дароо бирөөнүн колунан кетмен ала коюп, энесинин үстүнө топурак шилеп калды…

 

А торгой сайрап турду.

 

Бала ыйлап атты.

 

Бир маалда Кыяздын кетмени бир байчечекти үзүп кетти. Байчечек топуракка аралаша түштү. Кыяз ойлонбой туруп, аны колу менен чукуп алып, анан ошол замат бирөө-жарым көрүп калдыбы деп шашып-бушуп, эмнегедир чөнтөгүнө сала койду.

 

Бала ыйлай берди.

 

Торгой сайрап жатты.

 

Көпчүлүк кемпирди көөмп болуп, чубалып жолго түштү.

 

Жаңы гөрдүн алдында боздоп бала гана калып калды.

 

Кыяз бурулуп келип аны ийинден алды:

 

– Жүр эми…

 

Энелерин жаңы конушка таштап кете беришти.

 

Кыштакка кайтып келгенден кийин, эл бирин-сериндеп таркай башташты.

 

Кечке жуук үйдө алыс-жакын туугандар гана калышты.

 

Кечинде дөңгөк каланган ысык очоктун боюнда отуруп, баарысы кемпир жөнүндө сөз кылып киришти.

 

– Бечара энем, Кыязды чакыргыла, Кыязды бир көрүп анан өлөйүн деп жатып, жан берди, – деди атасы.

 

Апасы бир калта өрүктүн чагылган данегин алып келип, Кыяздын алдына төгүп койду.

 

– Өзү чогултуп, өзү чагып, келсе беремин деп сага атап жүрдү эле, – деди ал, көзүнө жаш алып.

 

Кыяз баарын мелтиреп угуп отурду.

 

Эртеси күнү кемпирдин үчүлүк ашын беришти.

 

Аштан кийин, Кыяз өзүнүн авторефератын, диссертациясын тезирээк бүтүрүү керектигин айтып,  атасы менен апасынан кетүүгө уруксат сурады.

 

– Өзүң бил, – деп койду апасы оор үшкүрүп.

 

-Барсаң бар, деди атасы. – Баары бир кемпирди тирилтип албайбыз…

 

Ал кайрадан шаарына учуп кетти.

 

Эки күндүн ичинде тоолордун көрүнүшү эч өзгөрбөптүр. Асты жакта баягы эле аппак кең мейкиндик мелтиреп жатат…

 

Бирок бул жолу тоолор да, сууларда, булуттар да Кыяздын делебесин козгободу. Анын көкүрөгү букка толуп, көңүлү чөгүп баратты. Ушул тапта ал бир нерсе ичкиси келди. Бирок ичерине эчтеке жок эле. Чылым чеккиси келип, чөнтөгүнө колун сунду. Бирок сигарет ордуна, колуна бир жумшак, муздак нерсе урунду. Алып караса, баягы байчечек экен. Байчечек соолуп калыптыр. Кыяз аны ары-бери кармалап, селейип отуруп калды. Анын көз алдына көрүстөн элестеди. Бир паста жүзү өзүнөн өзү кызарып чыкты, деми кыстыга түштү. Ал жийиркенич менен башын бир чулгап алды.

 

– Кандай айбанчылык... – деп шыбырады анан өзүнө өзү. – Кандай айбанчылык. .. Кандай айбанчылык...

 

Ал өзүнүн ушул акыбалга келгенине жаны ачыды. Өзүнө өзү аянычтуу көрүндү. Өзүнө өзү боору ооруду. Кокусунан, анын көзүнө кылгырып жаш келе түштү. Жашы сыгылып тышка чыкты. Бетинен ылдый жылжып ага баштады…

 

Кыяз көпкө чейин ыйлады. Ыйлаган сайын, көкүрөгү жибип, ичиндеги бугу чыгып, өзүн жеңил сезип атты. Үч күнү зарыктырып келген бул көз жашка ал абдан сүйүнүп кетти. Какшыган кудугу жибип ийип, ага кайрадан суу пайда болуп келатты.

 

Демек, али кеч эмес экен…

1980

14.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.