Лу Синь
А-кьюнун чыныгы тарыхы
Чынында, ал мени кызыктырган маселени изилдөө мүмкүн эмес экенин, анткени Чэнь Ду-сю чыгарып жаткан «Жаңы жаштык» журналы чет элдик тамгаларды көбүрөөк жазуу үчүн күрөшүп, биздин мада-ният өзүнүн өзгөчөлүгүн жогото баштаганын белгилеген. Ошондо мен акыркы каражатты пайдаланып, өзүмдун бир жердешиме А-кьюга байланыштуу соттук документтерди изилдөөнү тапшыргам. Сегиз айдан кийин ал мага ал документтерде мындай ысым жок экен деп жооп берди. Билбейм, чын эле мындай ысым ал документтерде катталган эмеспи же жердешим аны тапканга кудрети жеткен эмеспи, айтор, аныгын билүүгө менде башка каражат калган жок. Мен үчүн анын атын кандай жазууну биле албай жатканым уят эле иш, а бирок сюцай кайсы иероглифти жазууну билбеген соң, меники кечиримдүү десе да болот. Бир гана коркконум, кытай тилинин фонетикасы дүйнөгө кеңири таанымал эмес, ошондуктан менин таянганым элге белгилүү тамгалар: А-Quei, анын кыскартылганы A-Q. Бул атты туура жазуу аракетинде мен таанымал англис транцкрипциясына жабыштым. Анткеним, «Жаңы жаштык» журналын сокур туурагандай көрүнүшү анык экенине абдан өкүнөм, бирок туура жазууну сюцай мырза билбей жатса, мен бул абалдан кантип ийгиликтүү чыга алам?
Төртүнчү кыйынчылык – А-кьюнун ата мекени жөнүндө. Чжао фамилиясын алып жүргөн соң, аны эски салт боюнча туулган провинциясы менен байланыштырып, «Фамилиянын провинциялык жазылмалары» аркылуу ишти жөнгө салганга болмок, мисалы, Ганьсу провинциясынын Тяньшуйунда туулган дегендей. Тилекке каршы, фамилия А-кью белгисиз болгондуктан, анын ата мекенин да аныктоо мүмкүн эмес. Ал көбүнчө Вэнчжуан айылында жашаганы менен андан башка жактарда деле турмуш кечире берчү, демек А-кьюну вэнчжуандык атоо да кыйын. Аны Вэнчжуанда туулган дейин десем, мунум тарыхый методго төп келчүдөй эмес.
Менин көңүлүмдү жубаткан бир гана нерсе, «А» мууну туура жазылды, андан эч кандай ката табууга болбойт, аны билермандарга коркпой сунуштай берүүгө болот. Калган кыйынчылыктарды (менин эрудициямдын төмөндүгүнөн) жеңүү мүмкүн эмес. Бир гана үмүтүм, Ху Ши мырзанын окуучулары сыяктуу «тарых менен текстологиянын күйөрмандары» бул маселе боюнча көп жаңы нерселерлерди таап чыгышат. Бирок ал мезгилде «А-кьюнун чыныгы тарыхы» боюнча менин баяным унутулуп калабы деп корком.
Жогоруда айтылгандардын баарын киришүү деп эсептөөгө болот.
Которгон: Үмүт Култаева адабиятчы, филология илимдеринин доктору.