Рюноскэ Акутагава
Эне
Муну уккан Тосиконун өңү кубарып кетти. Ойлогону ордунан чыкпай шаабайы сууй түшкөн балача жер тиктеп, колундагы кызгылт-сары түстөгү катты майдалап жыртып жатты. Көңүлүн оорутуп алганын байкай койгон эркек не кылаарын билбей бушайман боло түштү да, көңүлүн жубатуу үчүн мындай деди: – Бул нерсени биз да башыбыздан кечирбедикпи. Эсиңдеби, ошондо сен жаныңды коёр жер таппай, чебелектеп… Күнү-түнү чырылдап ыйлаганын укпоо үчүн эле баланы ооруканага жаткырган элек, жаткырбай коюу – кооптуу эле… Эркек унчукпай калды. Тосико болсо башын шылкыйтып, жер тиктеген боюнча мындай деди:
– Уксаң.
– Эмнени?
– Мен… мени туура эмес кылды деп ойлойсуңбу? Ооба, чынында бирөөнүн алмончоктой баласы өлүп жатса, мен… Тосико эми күйөөсүнө тигиле карады. – Баласы өлүп жатса, мен болсо сүйүнүп жатам. Чынында бала үчүн зээним аябай кейип жатат, бирок… мен негедир сүйүнүп жатам. Менимче, бул кылганым – осолдук. Сенчи, сен кандай деп ойлойсуң? Чын эле ошондойбу?
Тосиконун үнүнөн мурда-кийин байкалбаган, деги эле көңүл-куюна такыр коошпогон мерестикти туюуга болот эле. Эркек буга эмне деп жооп берерин билбеди. Аялынын мурда-кийин байкалбаган мындай жосунуна эси эки болуп, чечүүгө адам баласынын кудурети жетпей турган белгисиз бир тоскоолдуктарга кез келгенсип асма тордо кыймылсыз жатты.
1921-жыл. сентябрь
1 - Бойро – камыштан токулган кездеме.
Которгон: Таштанбек Чакиев