Рюноскэ Акутагава

Караңгыдагы маек

Рюноскэ Акутагава

Үн. Анда эмне үчүн өлбөй жүрөсүң? Мыйзамдын алдында да жеке адамдын алдында да күнөөң тоодой эмеспи.

Мен. Ага макулмун, Верлен, Вагнер же улуу Стринберг сыяктуу.

Үн. Анткени менен күнөөңдөн арылуу үчүн эс нерсе кылбай атасың.

Мен . Кылып атам. Күнөөдөн арылуу деген – азап чегүү, кайгы тартуу, санаркоо.

Үн. Сөз жебеген шылуун экенсиң.

Мен. Антпей эле ак жүрөк окшойм. Шылуун болгонумда мынчалык азаптанбайт элем. Атүгүл мени сүйгөн айым ишеничинен пайдаланып акча өндүрүп байып да алмакмын.

Үн. Анда сен айбансың!

Мен. Ооба. Айбан чыгаармын. “Айбандын сырын” жазган неменин ички-сезим туйуму мага окшош.

Үн. Турмушту билбейсиң.

Мен. Эгер турмушту билүү – негизги нерсе болсо жүрөк менен эмес, эсеп-кысап, карандай эс менен жашаган адамдар баарынан өйдө турат болчу.

Үн. Сүйүүнү жокко чыгардың эле. Бирок азыркы сөзүңө караганда сүйүүнү бардыгынан бийик коюп жатасың го.

Мен . Жок. Сүйүүнү бардыгынан жогору коё албайм. Мен – акынмын. Сүрөткермин.

Үн. Бирок, сүйүү деп ата-энеңди, аялыңды, балдарыңды таштап кеттиң же калпы?

Мен. Энем менен атамды, аялым менен балдарымды сүйүү үчүн эмес, өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн таштадым.

Үн. Анда сен өзүмчүлсүң.

Мен. Тилекке каршы өзүмчүл да эмесмин, бирок өзүмчүл болууну каалар элем.

Үн. Сен азыркынын өзүмчүлдүк “оорусунан” жуктуруп алыпсың.

Мен. Ошол үчүн азыркы учурдун адамымын.

Үн . Учурдун адамын илгеркилер менен салыштырып болбойт.

Мен. Илгерки адамдар да кезинде өз учурдун адамдары болушкан.

Үн . Катың-балаңа боорун оорубайбы?

Мен. Боорум ооруйт. Аялы менен балдарына жаңы ачыбаган бирөөнү көрдүң беле? Гогендин каттарын окуп көр.

Үн. Эмне дебе – бардыгын актоого даяр турат экенсиң.

Мен. Актангым келсе сени менен сүйлөшпөйт элем.

Үн. Демек, актанбайсыңбы?

Мен. Мен жөн гана тагдырыма баш ийдим.

Үн. А. Жоопкерчилик дегенди кайда таштайсың?

Мен. Баарына күнөөлүмүн, бардыгын мойнума алам. Айлана-чөйрөнүн, тукум-куучулук, кокустуктан башкасынын баарын мойнума алам.

Үн. Кандай тайыз адамсың?

Мен. Баары тең эле мага окшогон тайыз адамдар.

Үн . Демек сен сатанистсиң.

Мен. Тилекке каршы, сатанист да эмесмин. Алар менин теңим эмес.

Үн. (бир аз унчукпай туруп) Андай болсо сен ичиңден кайгы жеп жүрөсүң, жок дегенде ушуну мойнуңа алып кой.

Мен. Антип мени өтө бийик баалаба! Балким мен азап чегип, кайгы тартканым менен мактанып да жаткан чыгаармын… Алдуулар алганын жоготкондон коркпойт.

Үн. Сен же чын эле ак жүрөксүң, же жөн эле апендисиң…

Мен. Мен да ошону ойлонуп атам, деги кимиң?

Үн. Сен өзүңдү ар дайым реалистмин ден эсептечү элең.

Мен . Ошончолук идеалист экемин.

Үн. Акыры өзүңдү өзүң өлтүрүп тынат болууң керек.

Мен. Бирок мени жараткан табият мага окшош дагы экинчи бирөөнү жаратат…

Үн. Андай болсо каалаган кайгыңды жей бер, мен кеттим. Кимсиң сен, мени такып, талдап сураган, кимсиң, мага көрүнбөй туруп мени менен аңгемелешкен, кимсиң?

Үн. Менби? Мен дүйнө жаралганда Иаков менен эрегишкен периштемин.

II

Үн. Жакшылап ойлоп көрсөң сен эр жүрөк адам экенсиң.

Мен. Жок, эр жүрөк эмесмин. Андай болгондо арстандын оозуна өзүм секирип кирип бербейт белем, ал өзү сугунганча чыдап күтүп турмакмын.

Үн . Бирок сен жасаган иште адамкерчиликтин үлүшү бар.

Мен. Адамкерчиликте айбандык да теңме тең.

Үн. Эч кандай кылмыш кылган жоксуң. Сен учурдагы коомдук түзүлүштүн айынан гана азап чегип жатасың.

Мен. Коомдук түзүлүш өзгөрүп кеткен күндө да менин жасаган иштерим бары бир кимдир бирөөнү бактысыз кылмак.

Үн. Жаныңды кыйган жоксуң. Андыктан, азбы-көппү күрөшүүгө дале күчүң бар.

Мен. Жанымды бир нече жолу кыйгым келди. Өз ажалым менен өлгөндөй болуп көрүнөйүн деп күн сайын бир нече чымын кармап жеген күндөрүм болду. Чымынды кол менен майдалап туруп жутуп ийүү болбогон нерсе экен, бирок чайнай келгенде окшуп ийе таштайсың.

Үн. Сен залкар адам болуп каласың.

Мен. Залкарлыктын артынан түшкөн эмесмин. Бир гана каалом – тынч, каниет кылып жашоо. Вагнердин каттарын окусаң. Сүйгөн аялы жана эки үч баласы болуп, тапкан акчасы ошолорду бакканга жетип турса, ал ушуга эле ыраазы болуп өмүр сүрмөк экен. Улуу искусствону жаратпай эле ыраазы болмок экен. Атүгүл Вагнер ушундай экен. Ашкере айкын, ашкере индивидуалист Вагнер ушинтип жазыптыр.

30.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.