Рюноскэ Акутагава

Караңгыдагы маек

Рюноскэ Акутагава

Үн. Кантсе да кайгы чегип жатпайсыңбы, демек, абийириң бар.

Мен. Абийир эмес, нервим гана бар.

Үн . Жеке турмушуңда бактысыз болдуң?

Мен. Бирок, менин аялым эч качан көзүмө чөп салган эмес.

Үн. Канткени менен эстүү, акылдуу адамсың, башкаларга такыр окшобойсуң. Ошол-сенин трагедияң.

Мен. Калп айтасың, меники трагедия эмес, комедия.

Турмушту билбейм.

Үн. Бирок, сен ак жүрөксүң. Ошондуктан сүйгөн аялыңдын күйөөсүнө өзүң барып, ачыгын айтып, бардыгын мойнуңа алдың.

Мен. Бул да жалган. Ага өз сезимимди жашырганга күчүм жетпей калганда гана бардым. Мен-коркокмун.

Үн. Сен акынсың. Сүрөткерсиң. Сага баары кечиримдүү.

Мен. Ооба, акынмын. Бирок мен да коомдун мүчөсүмүн. Колум менен кылганымды мойнум менен тартканым таң калыштуу эмес.

Үн. Керт башыңдын алысдыгың эсиңден чыгарып жатасың. Өз талантыңды баала, майда кишилерди теңиңе алба.

Мен. Ансыз деле өзүмдү баалайм. Бирок элди тепсеп кете албайм. “Кымбат баалуу нерселер сына берсин, жараткан топурак калат” -деп айттым эле бир кезде . Шекспир, Гёте, Тикамацу, Мондзаэмон качандыр бир кездерде бул дүйнөдөн түбөлүк кетишет, ал эми аларды тууган эл кала берет. Формасы гана өзгөргөнү болбосо ар бир искусство эл арасынан гана жаралат.

Үн. Сенин жасагандарыңдын баары – кайталангыс, оригиналдуу.

Мен . Жок оригиналдуу эмес. Дегеле оригиналдуу делген ким экен? Бардык мезгилдердин таланттары жараткан чыгармалардын ар биринин прототиптери бар. Мен да көп эле уурдап көрдүм.

Которгон: Сагын Акматбекова

30.09.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.