СААДИ

Көралбастар кеп кылат мени минтип, Көр дүйнөң ов, жараткан ичи тарды!

СААДИ

Ошол менин өзүңдөн алчуу кегим!

 

                                  5

 

Билмексен боло көйкөлүп басып келесиң,

Бийкеч ов, бийкеч, азабым колго бересиң!

 

Кашыңды кагып, көз кырын салып койбогон,

Билалбай жүрөм деги сен кандай немесиң?!

 

Ашыктын бары үмүттү сага артышкан,

Көктөгү Күндөй булуттан издээр жебесин.

 

Сен болсо албай теңиңе бирин алардын,

Сары оруу кылып, санаага мени эзесиң?!

 

Арызым айтып барсам да болмок төрөгө,

О, курган сүйүү, мынча бир кымбат белемсиң.

 

Укканым артык жалжалым бирок сен үчүн,

Тагдырдын мага буюрган катуу жемесин.

 

Арзыган жандан айрылып минтип калгыча,

Балтага койгун башыңдын берсин эсесин.

 

Теңирден жалгыз сурарым берсин — махабат,

Калың эл мени мейли, эми эмне-дебесин!?

 

Аярла, аңда, кыйчалыш тагдыр, сак болгун,

Карекке уруп, кетпесин бейжай жебесин.

 

Анан да минтип арзыган жандан алыста,

Сүйүүнүн айдап бейтарап жакка кемесин.

 

Беймарал турмуш кечирип, көңүл шат болуп,

Өмүрдү достор өткөрүү, дурус! — дебесмин.

 

                          6

 

Жаным сыздап, сени көздөй агылат,

Жалгыз сага карек минтип чагылат.

 

 

Көп сулууну көрдүм эле, а бирок,

Сендей мерес пери кайдан табылат?!

 

Бир да акын чырайыңды бере элек,

Келишсе да, ырларды улам жаңылап.

 

Сенден сулуу гүл көрбөдүм, ардагым!

Жашоо — азап, сенден калган ажырап.

 

Ишеничти артсам сага, ал кургур,

Кетти минтип, ай-талаага чачырап.

 

Сен туйбайсың, билбей минтип жашайсың,

Турмуш жолдо баратканым алсырап.

 

Сага менин бары-жогум билинбейт,

Ошону ойлоп, жүрөк чиркин жабыгат.

 

Ишаарат кыл, мен келем да жүрөктө,

Үмүт оту кайра баштан жагылат.

 

Иш үстүндө өмүр өтөйм максаттуу,

Өмүр көчү мына ошентип жаңырат.

 

7

 

Жаз күнүнкү майрамдардын убагы,

Жазгы талаа болуп кыздар ынагы.

 

Бирок кыздар чогулганда талаага,

Жалгыз менмин — кеп, сөз, эрмек кылары.

 

Ал анткени дейди өңдөнүп турмушта,

Сени көргөн болот күлдөй ыраңы.

 

Мен арзуудан койдум башым жоготуп,

Айтчы, ардагым деги кандай кылалы?!

 

Бүгүн дагы келип деңиз жээгине,

Жетимсиреп кайттым, үмүт чырагы

 

Бүлбүл жанат. Саади, бирок, шек бербе!

Көрө албастын кетсин минтип чыдамы.

 

Келжирептир: — “Күтпө бекер, келбейт!” — деп,

Кас адамдын башка эмне кылары?!

 

Андан көрө сабыр күткүн, билсең сен,

Эмгек менен көктөйт өмүр чынары.

 

Элде айтат: — “Ашыкпагын, көрүнгөн,

Тоонун болбойт бу турмушта ыраагы”.

 

                              ***

 

Байланбагын эч качан тирүү адамга, башкага,

Эч кейибе бул аалам эңшерилип жатса да.

 

Жаша, ырда, сүй анан ташта сага айтарым,

Куру кыял, санааны алысыраак жактарга.

 

Билгин; кызыл мандалак тиги жыты аңкыган,

Жалгыз эмес жаралган мобу алпейим бакчада.

 

Неге мынча кокуйлап, мекиянга окшойсуң?!

Кетпейт белең кептердей көтөрүлүп асманга.

 

Аңга окшойсуң анан да торго түшүп, шорлогон,

Булбул болуп сайрагын, окшобогун каргага!

 

Эшектердин туягы жердин алды мазесин,

Жашоо өтөт ушинтип, өксүк менен арманда.

 

Андан көрө сулуунун ар бирине көңүл бөл,

Сүйбө бирок берилип, жүрөк оттой жанса да.

 

Жибек кийип көйкөлүп, көңүлүңдү бурбасын,

Ойноп-күлгүн, бирок да, жүрөк турсун аскага

 

Окшоп дайым кебелбей. Чүпүрөк да жыртылар,

Билгин досум маңызы бу жашоонун башкада.

 

Күйүт болор өмүрүң өз күнүңдү унутуп,

Жүгүн артсаң эгер сен чоочун жандын аркаңа.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.