СААДИ

Көралбастар кеп кылат мени минтип, Көр дүйнөң ов, жараткан ичи тарды!

СААДИ

 

Дал ошондой өкүттүү махабат да, күч менен

Жаралгандан байланган колу-буту арканга.

 

Ооба, ырас, мен дагы келем жүгүн көтөрүп,

Жараткандын өзгөчө бу түйшүгүн аркама.

 

Досту күткүн кол берсе, чын дилинен ийилип,

Дос эместер маш болот жаның сууруп алганга.

 

Бөлүшпөсө кайгыңды мүшкүл башка түшкөндө,

Андай адам турмушта чыны менен наадан да!

 

Эгер досуң ашыңды тозуп алса, таш менен

Бааңды бергин эртелеп, достук деген каадаңа.

 

Анан турса күйпөктөп, дайым мактап өзүңдү,

Анда эле жакаңды бекемирээк карма да,

 

Жаратканга тобо кыл, өмүр өтүп кетпесин,

Куру бекер чарпылып, өксүк менен арманда.

 

Кашабаңга койуңду кайтарткандай болбогун,

Ууру колу маш болот оокат кытып алганга!

 

Өтүп кетчүү жыргалга азгырбагын жаныңды,

Жабыр тартса бул өмүр, келбейт эч ким жардамга.

 

Жети өлчөп анан кес, ар бир ишти аярлап,

Адам көөнү-сугалак, ачкөздүккө алданба!

 

Наадандарга ишенип, иш кылганың-өлгөнүң,

Чындык күйөт чыркырап, жалган оту жанганда.

 

Көпөлөктөй калдактап, учкан чырак айланып,

Жаман ойлор ойрондойт жонго камчы салганда.

 

Көптү көрүп анан мен үйлөп ичтим айранды,

Капысынан оозум бу сүткө күйүп калганда.

 

Кыларың не айтчы дос, тумандатып оюңду,

Көр дүйнөнүн кумары толук бийлеп алганда.

 

Анда эле туткунсуң көгөндөлүп бараткан,

Ой-мүдөөңдүн бардыгы чырмалышып арканда!

 

Өзүм менен пикирим жүрдү өзүмдүн келишпей,

Келдим туруп чечимге, шайтан алгыр, анан да,

 

Көөнүн бастым сулуунун: — Кайыр кош! — деп бир күнү,

О, махабат жутпадым сени чаңкоом канганча.

 

Ал соңунда мага айтты: — Бу кылганың жарабас!

Махабаттан болобу кымбат нерсе жалганда?!

 

Демек өзүң сүйүүгө арзыбаган бирөөсүң,

Артка кайтмак эмес дос, ажал келип алса да!

 

Билгенсиң да миңдеген тикенекти кармарың,

Роза гүлдү ажайып тандап алып жатканда.

 

Кантип аны үзмөксүң тикенегин кармабай,

Кантип четте калмаксың кеп— сөз болбой нааданга?!

 

Сүйүү үчүн кара жан садагага чабылсын,

Тагдыр сени ал үчүн так чекеге атса да.

 

Айдай жарык бермекпи тобу менен биригип,

Сансыз жылдыз жымыңдап, тиги түнкү асманда?!

 

Акча, байлык барысы колдун гана киридир,

Жашоо-бакыт экенин сезет зирек жан гана.

 

Анан дагы ушак сөз— ууга тете биле жүр,

Сүйүү гана толкутар өмүрүңдү наздана.

 

Айталбаймын ашыктын көтөргүн!-деп кыялын,

Отурбагын сен дагы кыялыңды жаздана.

 

Зирек адам эч качан божомолдоп жашабайт,

Жообу даяр сурасаң, мейли кечте, таңда да.

 

Сары майга жеталбай “сасык!” — деген мышык көп,

Баса калып жээр эле эгер жерге тамганда!

 

Март адамдын колунда болсо чачып жибермек,

Ошондуктан ал окшош кирип турган дайрага.

 

А сен Саади, керемет чоң байлыктын ээсисиң,

Ал керемет байлыктан кулпурууда айлана.

 

Казалыңдан а көрө окуп жибер сыйкырдуу,

Жан кирүүдө тигинтип жансыз турган Айга да!

 

Которгон: Таштанбек ЧАКИЕВ

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.